Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду эскерүү
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
Жаңылыктар
Чыңгызхандын Бухарага шаарын алуудагы амалкөйлүгү
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн жабыкагандарга бермей болду
Аалымдар Жаңылыктар
«Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»
Жаңылыктар
АЛЛАХТЫН 99 ЫСЫМЫ жана КЫРГЫЗЧА ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Китептер
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аалымдар > Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду эскерүү
АалымдарЖаңылыктар

Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду эскерүү

admin
Жаңыланды: 2022/11/23 at 4:11 ТЧ
admin  - Charlestreri
Бөлүшүү

Кечээ, 22-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов 82 жаш курагында дүйнө салды.

Кимсанбай ажы 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы Жанабад айылында жарык дүйнөгө келген.

1957-жылы орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы ислам медресесине окууга кирген.

1962-1966-жылдары СССРдин Ыраакы Чыгыштагы деңиз флотунда аскердик кызмат өтөп, аскерден кайткандан кийин медреседеги окуусун улантып, аны 1971-жылы бүтүргөн.

- Жарнама -

1971-1976-жылдары Ташкенттеги Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгында «Советтик чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенген.

1976-1980-жылдары Иорданиянын борбору Амман шаарындагы мамлекеттик университеттин Шарият факультетинде окуган.

1980-1982-жылдары «Советтик чыгыштын мусулмандары» журналынын араб жана өзбек тилдериндеги редактору болуп иштеген.

1982-1986-жылдары Бухарадагы өзү окуган медресенин директору болуп иштеген.

1987-1989-жылдары Ташкенттеги Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүндө эмгектенген.

1990-жылдын мартынан 1992-жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы — казы кызматын ээлеген.

1992-жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайы болуп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы түзүлгөн жана анын төрагасы — муфтий болуп Кимсанбай ажы дайындалган.

Кимсанбай ажы 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачкан. Бул медресе 1993-жылы Ислам инситуту болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы Кыргызстандын региондорунда ислам медреселери ачылып баштаган.

1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон 450 киши биринчи жолу Кыргызстандан Сауд Арабияга ажылык сапарга барган.

Кимсанбай ажы Бириккен Араб Эмираттарындагы шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында борбордук мечит курууга жардам сураган жана ал мечит 1995-жылдын октябрь айында курулуп бүткөн.

Андан тышкары 1994-жылы Сауд Арабиянын Ислам банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып берген. 1996-жылы Кимсанбай ажы ошол имаратка Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жана Ислам институтун көчүргөн. Азыркы мезгилде ал имаратта дин башкармалыгы жана Ислам университети жайгашкан.

Кимсанбай ажы 1996-жылдын декабрында муфтий кызматынан кеткен. 2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин кайрадан муфтий болуп кызмат өтөгөн.

2004-2007-жылдары Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкари мечитинде имам-хатиб болуп иштеген. 2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган Мусакан төрө мечитинде имам-хатиб болуп эмгектенген.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: кимсанбай ажы абдурахманов, некролог
admin 23.11.2022
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Бөлүшүү
Кандай экен?
Жакты0
Кайгылуу экен0
Кудайга шүгүр!0
Уйкум келип кетти0
Жаккан жок!0
Маашаллах!0
By admin Charlestreri
Катталуу:
https://t.me/pump_upp
Мурдагы макала «Коңшусу ач, өзү ток отургандар бизден эмес!». Коңшу күтүүнүн 12 адеби
Кийинки макала Дааватка чыгуу парзбы? Молдо Талибжандын окуясы
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз
0 пикир

*Enter your name

*Минимум 2 символа.

Do not change these fields following

    Бизге катталыңыз!

    49k окурман Жакты
    481k окурман Катталыңыз
    136k Катталуучулар Жазылыңыз
    1.7k Мүчөлөр Катталыңыз
    - Advertisement -

    Акыркы кошулгандар

    Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
    Жаңылыктар 30.01.2023
    Чыңгызхандын Бухарага шаарын алуудагы амалкөйлүгү
    Аңгемелер Таасирдүү окуялар 29.01.2023
    Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн жабыкагандарга бермей болду
    Аалымдар Жаңылыктар 26.01.2023
    «Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»
    Жаңылыктар 25.01.2023
    //

    Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

    Катталыңыз

    © 2022 FormulaMediaGroup

    Окуу тизмесинен өчүрүү

    Баш тартуу
    Ассаламу алайкум!

    Авторизация

    Сырсөздү унттуңузбу?