alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Кыргызстандын исламий уюм,коом,институт, ММК, борборлору Мьянмадагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

 

Эл аралык уюмдарга
(Бириккен Улуттар Уюму,
Ислам кызматташтык уюму,
Шанхай кызматташтык уюму,
Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму,
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму,
Эл аралык кызыл крест жана кызыл жарым ай уюму)
Кыргыз Республикасынын бийлик жетекчилигине
(Кыргыз Республикасынын Президенти,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү)
Массалык маалымат каражаттарына жана Кыргыз элине

Кайрылуу

Мьянмада мусулмандарга карата болуп жаткан массалык кыргын боюнча өзүбүдүн тынчсыздануубузду билдиребиз. Эл аралык уюмдардын бул маселе боюнча үн чыгарбай жатканы жана кайдыгерлик менен мамиле кылуусу мусулмандардын нааразычылыгын туудурууда. Тилекке каршы дүйнөлүк чоң державалар да үн катпоодо. Эл аралык уюмдардан тез аранын ичинде бул зулумду токтотуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүнү талап кылабыз.
Кыргызстандын бийлик жетекчилигине Кыргызстандагы мусулман коомчулугунун Мьянмадагы мусулмандардын укугун коргоо боюнча айтылып жаткан талаптарына түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз. Ошондой эле ушул маселенин негизинде өлкөдө чыр-чатактар чыкпоосу жана ар түрдүү күчтөр тарабынан жаштарыбыздын колдонулуп калбоосу үчүн тиешелүү чараларды көрүүңүздөрдү өтүнөбүз. Мьянмадагы бейкүнөө мусулмандардын өлүмүн кечикпестен токтотуу үчүн эл аралык мамилелерди жана дипломатиялык жол-жоболорду колдонууңуздарды талап кылабыз. Мьянмадагы жапа чегип жаткан мусулмандарга Кыргызстан эли тарабынан инсаний жардам берүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз.
Массалык маалымат каражаттарын окуяларды тарапсыз жана акыйкат чагылдырууга, ошондой эле мусулмандарды туура эмес өңүттөн көрсөтпөөгө, мамлекеттик коопсуздукка залал келтире турган маалыматтарды таратпоого чакырабыз.
Кыргыз элин Мьянамада адамзатка карата жасалып жаткан кылмышка айыптоо менен карап, бирок бул маселе сабырдуулук жана даанышмандык менен  чечилээрин унутпоого чакырабыз. Азыркы учурда социалдык түйүндөр аркылуу аты-заты белгисиз жарандар тарабынан Мьянмадагы маселеге байланыштуу ар-түрдүү чакырыктар жасалууда. Ошондуктан бул кырдаалды эске алып Кыргызстандагы мусулмандардын биримдигине салым кошуу максатында төмөндөгү диний жана коомдук уюмдар биригип координациалык кеңеш түзгөндүгүн билдиребиз.
Урматтуу Кыргызстандыктар! Сиздерден күмөн жараткан жана белгисиз чакырыктардан алыс болууңуздарды суранабыз.

1.    Ислам изилдөө илимий институту
2.    Ислам Борбору диний уюму
3.    “Акыл-эс, рух, ыйман” коомдук бирикмеси
4.    Коом жана үй-бүлө гезити
5.    Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандарынын Конгрессии
6.    “Мутакаллим” коомдук уюму
7.    “Муслимбиз” коому
8.     “Умма” журналы
9.     “Сүннөт” диний уюму
10.    “Сумая” кайрымдуулук уюму
11.    Кыргызстан элинин абийрин жана ар-намысын коргоо комитети
12.     Дил мүрөк адеп-ахлак жана маданият борбору
13.     “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору
14.    “Муслима” коомдук фонду

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button