alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Кыргызстандын 47 миң жараны Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарылды

Орусия кирүүгө укугу жок чет элдиктердин “кара тизмесинен” 47 миңдей Кыргызстандыкты чыгарды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул өлкөнүн “майда” административдик мыйзам бузуулары үчүн тыюу салынган бир топ жарандарынын Орусияга баруусуна кайрадан уруксат берилди.

Министрлик кошумчалагандай, дагы 35 миң кыргызстандык Орусияга баруу укугунан ажыратылган.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында жалпыга маалымдоо каражаттары 82 миң кыргызстандыктын аты-жөнү орус бийлигинин “кара тизмесинде” экенин жазып чыгышкан.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button