Иран Ислам Респуликасында өткөн дүйнөлүк Куран жарышында кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков экинчи орунду алды.
Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жарышка 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.
Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Ибрахим Раиси катышты.
Атайын критерийлер боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча:
1-орун – Мухаммад Жавад, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Курбанбеков Мухаммадияр кары, Кыргызстан;
3-орун Исмаил Хамдан, Ливан.
Кыраат боюнча:
1-орун – Амир Хусейн, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Саййид Амир, Афганистан;
3-орун – Абдуллах Фикрий, Индонезия.
Куранды жатка окуу боюнча:
1-орун – Сина Тоббахий, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Абдулалим Абдурахим, Кения;
3-орун: Шейх Махмуд Хасан, Бангладеш.
Айымдар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макомат менен окуу боюнча:
1-орун – Фатима Асгарзаде, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Лейла Арафе, Ливан;
3-орун – Амина Шерзод, Афганистан.
Куранды жатка окуу боюнча:
1-орун – Амина Ибрахим, Гана өлкөсү;
2-орун – Хажир Мехралаян, Иран Ислам Республикасы;
3-орун – Несрин Залидий, Алжир.
Белгилей кетсек, Мухаммадяр кары учурда Бишкек шаарындагы Ак-Мечиттин имам-хатиби, «Куран ордо» диний уюмунун директору.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк куран жарышында «Куран» китебинин 600 барагын жатка айтып, 1-орунду алган. Ага сыйлык катары 250 миң риал берилген (5 миллион 400 миң сом).
Awsome site! I am loving it!! Will cone back again. I am taking your feeds also
My site — online pmp exam preparation (en.wikipedia-on-ipfs.org)
Hello, its pleasant piece of writing about media print, we all be familiar with media is a enormous source of facts.
Рекомендую: https://remont-avtomagnitol-wire.ru/. Если вам нужно качественное обслуживание и настройка автоэлектроники, обязательно посетите [url=https://remont-avtomagnitol-wire.ru/]https://remont-avtomagnitol-wire.ru/[/url]. На сайте представлены услуги по ремонту и настройке магнитол, установка автоакустики и диагностика электрооборудования.