alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:43
Жаңылыктар

Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзамдаштырылганы турат

Көпчүлүк кыргыз кыздары өз теңин таба албай, жаштыгы менен өмүрү өтүп, айрымдары кытай, түрк, индустарга чыгып кетип жатышы да эркектердин аздыгына барып такалууда. Бирок турмуш менен табият өз өкүмүн жүргүзүп, жашыруун үйлөнүп алган байларыбыз деле жок эмес. Ошондуктан көп никелүүлүккө уруксат берүү маселесин К.Бакиевдин тушунда бир министр көтөрүп, бирок ал төө бастыга кабылган болчу. Эми бул көйгөйду кыргыз кыздар өздөрү көтөрүшүүдө. Ал тургай айрымдары соииалдык тармактарга күйөөлөрүнө ыктыярдуу түрдө жаш аял алып берүүнү айтып жатышат. Алгач тамаша иретинде айтылган көп никелүүлүк маселеси улам чындыкка айланып, кол топтоо демилгеси көтөрүлүп жатат. Эгер алар чындап эле сөздөн ишке өтүп, тиешелүү колду топтоп, парламенттин кароосуна жөнөтсө, анда мыйзам чыгаруу органы ары же бери кылып чечүүгө милдеттүү. Бирок мыйзам, улуттук менталитетке таянып же куру намыска алдырып, бир эркекти “менчиктештирип алуу” бүгүнкү күндө улутубузду сактап калуу денгээлине айланууда. Себеби ушул боюнча жүрүп отурсак, анда 20-30 жылдан кийин чындап эле ансыз деле аз сандагы кыргыздар ого бетер азайып кетишибиз мүмкүн. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн да коркунуч жараткан жагдай.

Булак

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button