Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Ислам дининин атын колдонуп эле, капкара болуп чүмкөнгөндөрдү сындады. Анын айтымында, салттуу эмес диний агымдардын мындай кийимдерине тыюу салуу зарыл.
Буга чейин Кыргызстанда да жеке ишкер тарабынан “Кайран элим, кайда баратабыз” деген жазуу менен кошо кара жамынган кыздардын сүрөттөрү борбордук көчөлөргө илинип, коомчулукта талкуу жараткан. Андан кийин эле өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да бул аракетти туура деп баалап, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында илинип турган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да жарандарды улуттук баалуулуктарды да сактоого чакырып, кара кийбөөнү насаат катары айтып келишкен. Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Кыргызстан бир эле Орто Азияда эмес, мурдагы Совет өлкөлөрүнүн арасында да дин тутуу эркиндиги жагынан алдыда экенин айтат. Ошол эле учурда Кыргызстан жарандарды тыюу жолу менен эмес түшүндүрүү аркылуу коркунучтардан оолак кармоо жолунда экенин белгиледи.
-Казакстанда болгон диний кырдаалдар биздин өлкөдө боло элек. Бул өлкө башчыбыздын маселеге демократиялуу, коомдук нормалар менен карагандыгынан. Ошол үчүн сырткы көрүнүш, сакал жана кийимдерден тыюу аркылуу диндин туруктуулугу жолго салынып калат деген туура эмес деп ойлойм. Бул жердеги маселе калкка түшүндүрүп, аларга дин эркиндигин бергенде. Дин эркиндиги дегенибиз, диний түшүнүктөрдү мектептен баштап жогорку окуу жайларга чейин адеп-ахлакты кенен жаюу болуп саналат.
Ошондой эле коңшу өлкөнүн таасири болуп-болбосу убакыттын өтөрү менен белгилүү болорун кошумчалап өттү. Казакстан менен Кыргызстандагы диний кырдаал такыр башкача. Биздин өлкөдө бийлик тарабынан дин кармангандарга эч кандай кысым же репрессия жок. Казакстанда динди орточо кармангандар менен радикализмге малынгандар бирдей саналат. Буларды айткан диний изилдөөчү Аман Салиев алар сакал коюп эле кара кийинип алса, коркунуч туудура тургандай кабылданат дейт.
-Кандай кийинүү же өзүн алып жүрүү бул ар бир адамдын өз эрки. Эгерде башкаларга зыяны тийбей турган болсо, сакал коюп, кара кийингенге эмнеге болбосун? Мындай тыюулар биздин өлкөдө жок. Бирок Казакстан менен Өзбекстанда кеңири тараган. Бул жерде маселе кийимде эмес. Адамдардын сабаттуулугунда турат.
Казакстандын бул аракети улуттук баалуулуктарды сактоого багытталганын өлкө башчысы өз сөзүндө айткан. Журналист Бейшенбек Бекешов кыргыздын ата-бабасы сакал коюп келгенин айтып, бул улуттук баалуулукка жана маданиятка каршы келбейт дейт. Ошондой эле сакал коюуну чектөөнү маңкуртчулук катары кабыл алганын жашырбайт. Кыргыз эле жамандыкта кара кийгенин эске салып, азыркы учурда дин тутунган кыздардын арасында андай кийингендер чанда кездешерин белгилейт.
-Сакал коюп-койбоо – ар бир жарандын өзүнүн маселеси. Бул биздин ата-бабалардан келаткан иш. Каалагандар коюп, каалабагандар алып жатат. Аны койгондордун баарын террористке теңегени туура эмес. Ал эми кара кийимди болсо кыргыз жамандыкта кийген.
Сөзүн улай, улуттук баалуулуктарга жана маданиятка каршы келген тоскоолдуктарды жоюу керек болсо, анда кыска кийинген кыздардан баштоо керек деген пикирин айтып өттү.
http://maralfm.kg