alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

«Кыргыздын тарыхында эч качан кыз бала бөтөн эркектерди тосуп чыккан эмес!»

Журналист жана публицист Нургазы Мусаевдин блогу

Кыз бала конокту тосуп чыкпашы керек!

Кыргыздын тарыхында эч качан кыз бала бөтөн эркектерди тосуп чыккан эмес.

Ал эми алыс сапардан келген уулдарды, аскерлерди энелер тосуп чыккан колуна суу алып.

Бизде хандарды, бектерди, бир сөз менен айтканда, конокторду жигиттер тосуп алып, ийиндеп аттан түшүрүп, башка бир жигит атын алган.

Ал эми конокторду колуна нан-туз кармаган сулуу кыздардын тосуп алуусу — башка маданияттардан келген жөрөлгө.

Расмий делегацияларды тосуп алуу конок чакырган тараптын маданий, диний, менталитеттик өзгөчөлүгүнө жараша уюштурула берет. Мисалы, араб өлкөлөрүндө конокторду сулуу кыздар эмес, мамлекеттик кызматтагы эркектер эле тосуп алат. Андан визиттин бир нерсеси кемип калбайт.

Биз дагы өзүбүздүн диний, улуттук баалуулуктарыбызга байланыштуу жаш, сулуу кыздардын конокторду тосуп чыгуу жөрөлгөсүн токтотуубуз керек.

Өлкө ичиндеги иш-чараларда да бул нерсе чыр, талаш-тартыш, жагымсыз окуялар менен коштолуп келүүдө.

Бир аз тарыхка ракурс жасасак, Курманбек Бакиев артис көйнөк кийип, калчылдап үшүп турган жаш кызга өз пальтосун жаба коюп, жогорку джентельмендиктин үлгүсүн көргөзгөн. Чынында а киши сулуу ургаачы көрсө, илхамы келип, атүгүл хан экенине карабай бийлеп жибермейи бар эле.

Акыркы Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров эл менен жолугушуп жаткан учурда сахнада турган окуучу кыз эси ооп жыгылды. Бул аябай жагымсыз окуя болду.

Негизи эле эл массасын, айрыкча жаш кыздарды чоңдорду тосуп алуу иш-чараларына зордоп катыштыруу тоталитардык системалардын жол-жоболору.

Биз кыздардын туз-нан көтөрүп конокторду тосуп алуусун, окуучулардын, студенттердин массовкаларга катышуусун мыйзам жүзүндө тыюубуз керек. Бу аялзаты машакаты көп калк болот. Кышкы кийим, демисезондук кийим, жазгы кийим, жайкы кийим, күзгү кийим, көйнөгүнүн эле бир нече түрү, шымы, юбкасы, белдемчиси, дагы эмне балакети… Бут кийимдери жөнүндө айтпай эле койолу.

Азыр эми прическасы, макияжы, дуруажы, татуажы, косметикасы, парфюму, ювелирдик жасалгасы, тиши, иши кылып, аялдарга кыйын эле болду. Ал аз келгенсип, курсактын, жоон саандын майын сордуруу, мамагын чоңойтуу, эрининин бөрсөйтүү, кынын кичирейтүү андан башка биз билбеген толтура азаптарды башына үйүп алышты булар.

Өзбек ажыда иштеп калган жайым бар эмеспи. Байкап көрсөм, аялдарды катуу качырып бараткан экенмин.

Айтайын дегеним, бир ата-эненин канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бапестеп баккан кыз баласын бөтөн эркектери тосуп алуу жөрөлгөлөрүнө катыштырбай эле койсок.

Протоколдү өз менталитетибизге, динибизге, улуттук баалуулуктарыбызга ылайык түзсөк, ошондо көп машакаттан кутулат элек. Конокторду тосуп алууга жигиттерди эле жумшасак жаман болбойт эле. Эркектин гардеробу жеңил, сөгүп-сагып ары-бери жумшаганга да эркек бала жакшы эмеспи.

Кечээ Ысык-Көлдө мыкты иш-чара өттү. Иш-чаранын негизги маселеси калып кетип эле сулуулардын башындагы топусу кечке талкуу болуптур. Ал топунун автору Назира Бегим экен. Ушул Назиралар жүргөн жер тынч болбойт деп койбоюнбу…

Шо энди. Ханыбыз хан отурушту жакшы өткөрүп алды, өзбек кетти, өз калды, кел эми өзүбүзчө чай ичели деп отурушса керек.

Менин ушул ой толгоомду окугандар да пикир кошот деп ойлойм. Батышчылдар келип мени тепкилеп кетишет аз 07ыр. Ага деле майли.

Нургазы Мусаев

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button