alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

«Кыргыздарды пулемет менен кырган…” Бишкектеги көчөгө ысымы ыйгарылган Логвиненко деген ким болгон?

Кыргызстандагы белгилүү журналист Эрнис Кыязов борбор калаа Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн бирине ыйгарылган Логвиненко деген ысым боюнча шаар бийлигине суроо салды. Ал кыргыз элин кыргынга учуратып, анысы эрдик катары бааланып жаткан мындай «баатырлардын» ысымын көчөнүн атына ыйгаруу туура эмес деп эсептейт:

«…Логвиненко деген көчөдө баратып бу эмне болгон ысым, ким деген киши экенине чынында анча деле маани бербейбиз.. Каза келсең, бул Советтик бийликти орнотууга эбегейсиз салым кошкон большевик болуп чыга келет экен.. Тагыраагы, Советтер союзундагы тарыхчылар ошентип окутууга мажбур болушчу тура.. А көрсө, береги Логвиненко деген эрен Ак-Суудагы көтөрүлүшчү кыргыздарды , Александровкадагы дунгандарды боо-боо кылып пулемет менен кырган; аскерий мансабына, куралына, пулеметуна ишенип ..кээде мас боло калганда бирөөнүн кызын атып салганга чейин барган бир баш кесер дангесе турбайбы.. Советтик саясаттын желаргысы менен тарых бүктөмүндө көп нерселер айтылбай кала берген экен да, атаңдың гөрү.. Айтор Амирбек Усманов П.Кокайсл менен биргеликте жазган «Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен» деген китебин аудиолоштуруп окуп жатып таң калып бүтпөй атам…

Мобу сүрөттө болсо «оо эсил кайран кыйын кишибиз, укмуш кишибиз!» деп боздошуп Ловиненко каза болгондо сөөгүн жоктоп (азыркы Совет көчөсү менен ылдый Фрунзенин кесилишинде) аза күтүп баратышканда тартылган экен..

** Ар бир бийликтин тушунда тигил же бул эрен «баатыр, арстан, жолборс..ж.б.» деп макталып баштаганда ошого шыктанып жөн эле ураалай бербей чындыктын чоңу да, кичинеси да айтылып турбаса,..кийин былыгы чыгып, айтылбаган чындыктар баары бир акыр бир күн айтылып, иштин баары ит болот окшойт… Ушуну эске алып коюшунар керек экен ээ, бийлик мыкчыган эрендер, бектер, төбөлдөр?..

Бул да кызыктуу

3 пикир

  1. Туугандар чынында намыска келели, Логвиненко көчөсүнүн атын өзгөртүү керек. Өзүбүздүн чыгаан инсандарыбыз толтура ошолордон биринин атын коёлу))

  2. Ии анан кыргандан кийин орустар менен канча жыл жашадык?Казак менен согушкандан кийин катышпай эле койбойлубу?Жакында озбектер менен Эл ичинде согуш болду Анда озбектерди да огойлойлу.Эмне Деген соз сизге окшоп туура эмес суйлогондор баардык эле бар.Орустар менен болобуз.Кичине орустар жылсынчы кытай Бир жагынан кирип билбей калайын кытай Бир провинциясы болгонуна.Кошуналарыбызчы?Канча балдарыбыз Россияда?Конгон элдерибиз менен эле оокат кылып дон жашайлы.Орустар чындыгында баатыр Эл.

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button