Таасирдүү окуяларТурмуш таалимдери

КУУРЧАК..

КУУРЧАК..

✍🏻Бир күнү дүкөнгө кирип, азык-түлүк алып, сатуучунун алдына келсем, ал 5-6 жаштардагы бала менен сүйлөшүп жатыптыр.
Сатуучу айтат:
-Өкүнүчтүү, бирок бул акчаң бул куурчакты сатып алууга жетпейт
деди. Анан ал бала мага кайрылып:
-Байке, чын эле менин акчам жетпейби? -деп сурады. Мен акчасын санап чыгып:
-Алтыным, чынында эле акчаң бул куурчакты алууга жетпейт экен дедим.
Кичинекей бала колунда куурчакты кармаган бойдон туруп
калды. Мен өзүмдүн алган нерселеримди төлөп бүтүп, кайра ал баладан, бул куурчакты кимге берээрин сурадым:
– Бул куурчакты менин карындашым аябай жакшы көрчү, сатып алгысы келип жүргөн. А мен анын туулган күнүнө белек кылгым келди. Бул куурчакты апама берсем, ал карындашыма барганда ала барат эле!…Кайгылуу көздөрү менен ушуларды сүйлөдү:
-Менин карындашым Жаратканга кетти.Мага муну атам айтты.
Дагы, жакында
апамды да кетет деди..Ошондуктан бул куурчакты апама ала барып,карындашыма беришин ойлодум…
Менин жүрөгүм бир саамга токтой түштү.
Кичинекей бала мени карап:
-Мен атама айтып келдим, мен ойноп келгичем апам кетпей турсун деп.Андан соң ал, өзү бактылуу күлүп
түшкөн сүрөтүн көрсөттү.Мен бул сүрөттү, апам карындашыма мени
унутуп калбаш үчүн, ала баруусун каалайм.Мен апамды аябай жакшы көрөм, апам мени таштап кетүүсүн каалабайм, бирок атам, апамдын кичинекей карындашымдын алдына кетиши керектигин айтты.Ал кайра куурчакты капалуу көздөрү менен
карап алды.Мен чөнөтөгүмдөн акча алып чыгып:
-Кел, кайра баштан акчаңды санап көрөлүчү, эгер жетет деп ойлосоң?:
– Ооба, ооба бул куурчакты алууга
жетет деп ойлойм! Ал балага көрсөтпөй өзүмдүн акчамдан кошуп койдум да, башынан санап кирдик.Куурчакты алууга акча жетип, дагыбир аз артып да калды. Кичинекей бала:
-Мага акча бергенин үчүн рахмат, Жараткан деди! Мени карады
да:
-Кечээ, жатаар алдында кудайга
дуба кылып, ушул куурчакты сатып алып, апамдан берип жиберүү үчүн акча сураган элем. Демек, ал мени угуптур! Дагы бир аз акчам болуусун тиледим эле, апама ак атыр гүл алып
беруу үчүн. Менин апам ак атыр гүлдү
жакшы көрөт деди..Мен дүкөндөн
ойлуу жана кызык абалда чыктым.Анан мен, гезиттеги эки күн мурдагы болгон окуяны эстей кеттим.Ал жерде, мас абалындагы киши
машинасы менен бир аял менен жаш
наристени уруп кеткени жазылган
эле. Наристе кыз ошол эле жерден
каза табып, апасы оор абалда болчу.
Доктурлар, апасынын жанын сактап турган апараттан өчүрүштөрү керек болчу, анткени ал жаш аял комадан чыгууга өтө алсыз эле.Балким бул куурчакты сатып алган бала, ошол үй-бүлөнүн баласы болуп жүрбөсүн?..
Эки күн өткөндөн кийин,ал аял каза тапканын гезиттен
окудум. Көзүмдүн жашын токтото албай ыйлап жибердим. Мен ак атыр гүл сатып алып, жерге берилип жаткан жерге бардым.Жаш эне акка оролуп жатыптыр. Бир колунда куурчак менен сүрөт, бир колунда ак
атыр гүл..Көзүм толо жаш менен кетип баратып, менин жашоом эми өзгөрүлөөрүн сезип жаттым…Мен эч качан бул кичинекей баланын, апасы менен карындашына болгон сүйүүсүн,мээримин унутпаймын! Бир-бирибизди тирүү кезибизде барктайлы, мээрим төгөлү. Анткени,жашоо өтө кыска жана кырсык айттырбай келет. ..

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker