alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

КУРАНДЫ МЫКТЫ ҮЙРӨНҮҮ УСТАЗ КАРМАНУУ

«БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ”

(алтынчы сабак)

Урматтуу бир туугандарым !?
Аллах Таалам сиз биздин Куран окуп, үйрөнүү үчүн аракет кылып жатканыбыздан ыраазы болсун,
албетте ушул улуу Курани Каримди окуунун берекетинен бүткүл үммөттүн күнөөлөрүн кечирсин ! (Аамин).

Чындыгында адам баласы убакыт өткөн сайын, жашы өтүп, өмүрү өтүп
ошол күндөгү махшар майданына чогулуучу убакытка, баардык жан
Аллага гана кайра кайтып бара турган бир учурга жакындап барат экенбиз .

Биз алсызбыз, күнөөкөрбүз бизди кечиргин йа — Робби !!

Биз кээде күнөө кылып алабыз,
бирөөнү тилдеп коёбуз,
көңүлүн оорутуп коёбуз,
Өзүң биздин катааларыбызды
оңдоого жардам бер !!

Өзүң бизди тарбият кыл !
Йаа Роббии?!

Сенин өкүмдөрүңдү толлук
аткара албай жатабыз,
бизди Ибаатдатчыл, ыйманында
бекем пенделериңден кылгын !!

Эч качан намазды таштап коюучулардан кылбагын бизди Аллаахым !!

“Эстесеңер, эстеймин !”
деген убаадаң бар ..
Аллохумма ъаиннии ъалаа зикрик Аллахым Өзүңдү эстөөгө,
Ва ъалаа шукрик жана Сага шүгүр кылууга, ва Хусни ибаадатик жана Сага ибаадат кылууга Өзүң насииб эткин !!

Сөзүмдүн башында кезектеги бир сырды айта кетпесем болбос албетте !

Куранды бекем жана туура (катасыз) жаттоонун эң негизги бир өзөгү бул — күчтүү устаз кармоо !

Мен устазды эми каяктан табам
— деген ой келет сизге..)

Ушул жердин өзүндө Устаздарыбыздын бири Абдугаппар Смановдун :
«Алакандай Кыргызстанда 5000 каары бар!»-деген сөзү эсиме келет.

Албетте Кыргыз элибизге да Аллахым берди, каанча аалымдарыбыз, каанча каарыларыбыз басып жүрөт,
аларды сиз — биз карапайым эл,
барып алардан үйрөнөйлү !!

Куранда Аллах Таалам:
«Фаса’алуу ахлаз-зикри инн Куннтум лаа таъламуун !
Эгер билбесеңер, билгендерден сурагыла!»-деп өкүм берет.
(Нахл — 43)

Куран үйрөнөм деп барып,
ар кимден эле сабак ала бербеңиз.
Караңыз, аттуу-баштуу, аты таанымал болбосо да тажуиди күчтүү жакшы окуган бирөөнү бекем кармаңыз .

М: Эгер машинаңыздын бир жери бузулса, жолдон көрүнгөн адамга барып эле оңдото бербейсизго туурабы ?
«Аты чыккаан, чоң уста жакшы оңдойт экен..»- деп уксаңыз анан ошол адамга барып оңдотосуз.
Машинаңыз оңдолсо,
дөңгөлөктөрү чыгып кетпейт,
үнү секин чыгат, тартышы жакшы,
тегиз жолдо кыйналбастан көздөгөн жериңизге тез жетип барасыз..

Ошол сыяктуу бир тууганым,
өзүңүзгө ушундай бир жакшы
каары табыңыз,
ал сизди урушпайт, жаман көрбөйт !
Машина устага :
«унаамды оңдоп бериңиз !»-деп барсаңыз: «жок башкасын таап ал !»
— деп жаман көрөбү ?
Жоок кайра сүйүнөт, кллиент )-депчи…

Ошол сыяктуу бир каарыны таап:
«.. менин каталарым бар,
окуп берейин туурулап оңдоп коюңузчу, Аллах ыраазы болсун!?»- деп
барсаңыз сүйүнүп кетет,
окуп берсеңиз туурулап, оңдоп коёт !
Кандай эле, уста канадан жаңы чыккан унаа тегиз жолдо көздөгөн максатына бат жеткендей, бул дүйнөдө
күнөө иштерден качып,
сооп иштерге жетишип,
үлкөн арзууларыңыз карай бет аласыз !

Абу Зар (родияллохү анху) Пайгамбарыбыз (алайхис саламдан)
укканын айтат:
«Албетте силер Алланын тарабынан түшкөн Курани Каримден артыгыраак башка нерсе менен Алла Таалага
кайта албайсыңар жана
жакын боло албайсыңар »-дейт.
(Сахих Абу Дауд, Тирмизи)

Аллах Таалага жакын болуунун жолу — Куран окуу экенин, улуу аалым
Маулана Шах Абдул Азиз Дахлеви (рохматуллохи алайхи) өз
тафсиринде айтып өткөн.
Аллах Таалага, көп эстеп (зикир) кылуу менен жакындай аласыз,
экинчиси: Куран окуу
менен жакындайсыз .

Аллах Тааланын сөзүн,
Куранды канча көп окуган сайын өзүңүздү Аллахтын астында тургандай сезе баштайсыз, натыйжада жүрөккө Алладан коркуу, ал Затка болгон сүйүү сезимдери ойгоно баштайт.
Ар дайым ал Затты эстеп,
бирге жүрүү кандай жакшы иш !

Анас (родияллоху анху)
Пайгамбарыбыз алайхис саламдан риваят кылат :
«Чындыгында эл арасында
кээ бир өзгөчө, Аллах Таалага
жакын адамдар бар».
Сахаабалар:
«Эй, Алланын элчиси !
Алар кимдер ?»-деп сурашты.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) :
«Куран окуган адамдар — алар Аллах Таалага жакын жана өзгөчө адамдар!»-деп жооп берди.
(Насаи, Ибну Маажа)

Башка бир хадисте
Айша энебиз айтат:
Пайгамбарыбыз алайхис салам
айтты дейт:
“Ар бир нерсе үчүн кандайдыр бир сыймыктана турган нерсеси болот,
аны менен ал сыймыктанат.
Менин үммөтүмдүн ар намысы жана сыймыгы бул — Куран !”

Кээ бир элдер, уруулары, ата-бабалары, жерлери менен сыймыктанышат .
Ал эми үммөттүн сүймыгы бул — Куран !

Эмнеге сыймыктанбайлы?
Ал сыймыктанууга татыктуу !
Аллахтын сөзү, Кожоюнубуздун буйругу.
Бул дүйнөнүн эң чоң жетишкендиктери да Куранга тең келе албайт !
Алар бүгүн бар болсо да эртең жок болуп кетүүчү нерселер,
ал эми Курандын шарапаттуулугу
жана жетишкендиги
түбөлүктүү эч качан түгөнгүс !

Анын кооз кырааты, сонун тартип менен, уйкаш сөздөр менен, сүйлөмдөрдүн бири-бирине болгон байланыштуулугу менен, мурдагы жана келээрки кабарлардын баяндалышы,
элдерге болгон эскертүүлөр,
эгерде кимдир бирөө Куранды жалганга чыгарам десе да алсыздык кылат !
М: жөөттөр өлүмдү жакшы көрөбүз деп , өлүмдү өзүнө тилей албастыгы белгилүү.

Куранды уккан киши таасирлениши, окуган адамдын Куранды
окугандан тажабастыгы ..

“Бир ашык жигит, кызга кат жазса кыз катты ачып 100 жолу кайта-кайта окуп тажабаса да, 201 жолу окуганда тажап кетип таштап коёт !)))
Эгер 200 жолу окуп тажабаса да 300 жолу окуп баарыбир тажоосу анык!

Бирок Курандан бир аз жаттап
ошону 200 жолу кайталап окуңуз,
400 жолу кайталаңыз, 1 жыл кайталаңыз, өмүр бою кайталаңыз
эч качан тажабайсыз .
Канчалык көп окуган сайын
ошончолук анын таттуулугу
жана андагы ырахат арта берет .

Адам эң кымбат машина айдап тажайт,
эң чоң үйдө жашап тажайт,
арак иче берип тажайт!
Бир күнөөнү кылып тажайт !

Бирок адам баласы ибаадат кылып
эч качан тажабайт !
Кайра-кайра кылып ырахат алат,
муну билгендер түшүнөт .

Тууганым ??

Эми биз өзүбүздүн абалыбызга бир аз көңүл бурсак !

Бизде канчалаган кишилер өзүнүн хафиз болгондугуна сыймыктанышат !
Же кимдир бирөө Куран хафизи болгону үчүн ага биз канча сый-урмат көрсөтөбүз туурабы ?

Биздин аброюбуз болсо жогорку орундагы кесиптер, чоң-чоң атак-даңкка конуу жана өлгөндөн кийин калып кала турган мал-мүлк менен болуп калдык. Аттиң !

Келиңиз тууганым, динди бекем үйрөнөйлү, аалымдарды жанына бара берип, бара берип тажатайлы ).

Ал ошол үчүн аалым болгон !
Элге дин, элге Куран үйрөтүү үчүн аалым болгон !

«Иий бул каары экен,
бул аалым экен !”-деп уялып,
сурай албай жүрө бербей сураңыз.
Эки адамга илим жукпайт !
Биринчиси:
Уялчаак адамга, (уялып сурай албайт).
Экинчиси:
Текебер адамга, (Ушудан да ушуну сураймбы?)-деген инсандын
илими көбөйбөйт !

Келиңиздер ушунча жүргөнүбүз жетишет,
ушунча жүргөнүбүз,
ушунча кылганыбыз жетишет,
бул дүйнөдө ушунча жыргаганыбыз жетишет!!

Ойлончу бир тууганым ?
Өзгөрө турган,
оңол турган мезгил келбеди бекен а?

Куран үйрөнүп, амал кылуучу пенделерден болууга
баарыбыз умтулайлы !
Бирөө сурайт:
«Мен качан баштасам,
Куран окууну үйрөнүп алсам жакшы эле, мен дагы аябай окугум келип жатат !»-деп сурайт.

Биз айтабыз,
Азыртан баштаңыз !
Бүгүндөн баштаңыз бир тууганым !

Ыңгайлуу убакыт келбейт !
Сиз убакытты өзүңүзгө,
ыңгайлуу кыла аласыз !

Сөзүмдү ушул менен аяктаймын:
Сиз өзүү Куран окугуңуз келип жатат,
үйрөнгүңүз келип, каары аалымдарга барып, намаз Куран үйрөнөйүн деген бекем нийет болуп жатат туурабы ?

Бирок жаныңызга шайтан келип, кулагыңызга:
«Ушул жаңы 2017 ден башта,
Жаңы жылдан кийин бир нерсе кыласың эми )))
Бир жолу жакшы устаз таап,
жаңы дем, жаңы күч менен жылдын башынан башта эми ! -деп
пикир салтат туурабы туура эмеспи ?

Жоок тууганым,
убакытты колдон чыгарба,

«АЗЫРТАН БАШТА !»

«КУРАН ҮЙРӨНҮҮДӨГҮ СЫРЛАР»

~Али Оши

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button