33.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

«Kpoкyc Сити Холл» залында «Өмүрдүн баалуулугу» аттуу Мавлид кечеси уюштурулду

«kpoкyc-Сити-Холл»-залында-«Өмүрдүн-баалуулугу»-аттуу-Мавлид-кечеси-уюштурулду

Кечээ, 23-майда Москва шаарындагы «Kpoкyc Сити Холл» залында сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата «Өмүрдүн баалуулугу» аттуу Мавлид кечеси уюштурулуп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, КР ДИМК директору Медер Карабаев, директордун орун басары Гүльназ Исаева, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, дин аалымдары Абдишүкүр ажы Нарматов, Максатбек ажы Токтомушев, Тариэл ажы Абжалбеков, Абдулазиз ажы Юлдашев жана маркум Чубак ажы Жалиловдун атасы Тажибай ажы Жалилов менен Абдулла Жалилов, «Мутакаллим» аялдардын коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.

Саамалык Куран окуу менен башталып, пандемия учурунда көз жумган дин аалымдары, коомдук ишмерлердин рухтарына дуба кылынды. Андан соң КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан аткарылган иштердин отчету угулду.

Ал эми Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Өмүрдүн жана убакыттын баалуулугу» темасында баяндама жасап, убакыт кайтып келбей турган баалуулук экендигин билдирди.

«Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) айткан: “Эки немат (жакшылык) бар. Адамдардын көпчүлүгү анын баркын билишпейт. Ден-соолук жана бош убакыт”. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) айткан: “Кыямат күнү, өмүрүн кантип өткөргөнү, илимин кайда жумшаганы, байлыгын кайдан таап, кайда иштеткени, денесин эмне иштерге пайдалангандыгы тууралуу суралбай туруп, эч бир адам бир кадам да жыла албайт”. Андыктан ар бир мүнөттү туура пайлаланууга чакырам»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми дин аалымдары жашоонун баркы, Алла Тааланын мээрими, берешендүүлүгү, адамдарды урматтоо, үй-бүлөнү сактоо темаларында баяндамаларын жасашты. Ошондой эле катышуучулар КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлүнө ардак грамота, төш белгилерди ыйгарышып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалашты.

Related posts

Быйыл Кыргызстандык ажыларды «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт

Instant Pot Recipes That Make Meals Lot Easier

admin

Маршруткалардын айдоочулары Орозо учурунда кардарларды акысыз ташып жатышат

admin

Leave a Comment