alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
АңгемелерТаасирдүү окуялар

КОЗГОГУМ КЕЛГЕН МАСЕЛЕ..

КОЗГОГУМ КЕЛГЕН МАСЕЛЕ..

✍🏻 Маршрутка катуураак барып тормоз басканда жанымда телефон чукулап бараткан кыз кыйшайып баратып, орсойгон узун тырмактары менен көзүмдү оюп ала жаздады.
Мен коркуп кеттим, ал болсо сезип да койгон жок.
Колунда телефон, кулагында наушник, бети-башы бүт аралаш боёкко боёлгон,оозунда сагыз … эч нерсе менен иши жок турган жеринде жүрүп бара жатат.

Кийинки аялдамадан колуна Куран көтөргөн 5-6 жашар бала чоң атасы менен чыгып, биздин катарга отуруп калышты.
Небере менен чоң ата бир аз кобурашып отуруп, жанагы кызга көзү түшүп калды. Чоң атасы дароо эле кызга улам-улам собол узатып, сөздүн кезеги тырмакка келди.Эмне үчүн аялдар тырмагын жаныбарлардыкына окшотуп өстүрүп алышат?-деп суроо бергенде небереси :

«-Чоң ата ,чоң ата тырмак өстүрүүгө болбойт го ,эжей сизге сүннөт боюнча тырмак алууну үйрөтөйүнбү?

-Тырмак алуу оң колдон башталат. Биринчи оң колдун сөөмөй манжасынан баштап,кезеги менен кесилип сол колдун баш бармагынан кийин оң колдун баш бармагынын тырмагы кесилүү менен аякталат. Буттун тырмагын кесүүдө дагы оң бутунун чыпалагынан баштап сол буттун чыпалагында бүтүрүлөт.
Бир жолу Пайгамбарыбыз САВ тырмактарын алып жаткан кезде, бир жөөттүн баласы келип:

«Кудум менин атам сыяктуу алат экенсиз»,-деп айтат.
Пайгамбарыбыз САВ жөөттөргө окшобоо үчүн тырмактарын башкача(жогоруда айтылгандай) кылып ала баштаган. Анан да бул тырмак өскөн сайын микроб, кир топтойт,а биз адамдар колубуз менен тамактанабыз анда өскөн тырмактын микробун кошо жеп алабыз го?!»,-дегенде кыз аялдамага жетпестен түшүп кетти.
Чоң атасы небересин азамат деп мактап, сыймыктанып жүзүнөн сүйүп койду. А мен болсо ичимден балага ыраазы боло, отургучка кенен отура өз аялдамамды күтүп бараттым.

🧕 Асан кызы Диана.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button