alternatetext Багымдат: 04:24 | alternatetextКүн чыгуу: 06:08 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Макалалар

КОШ БОЛ РАМАЗАН!

🙌🏻Ассаляму алайкум уа рахматтуллохи уа баракатуух!

😞Кечээ эле кош келдиң деп сүйүнүү, кубаныч менен тосуп алган Куттуу береке төгүлгөн Рамазан айыбыз минтип көз ачып жумганча сапары каарып,
бизди таштап коштошуп кете жаткан убагы.Бул ай кимдер үчүн жөн гана май, июнь айлары болсо, а биз мусулмандар үчүн куттуу, ырыскылуу, сүйкүмдүү, кубанычтуу ай болуп эсептелет. Өкүнүчтүүсү,
убакытты кармап тура албайсың, чыкылдаган сааттын жебеси токтобой зымырап заматта өтүп кетти.Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи вассалам) бул айдын пазилеттерин, даражаларын айтканда куттуу сахабалар орозо бүтөөрдө аябай кайгырышчуу. Эмне демекчибиз кош бол Рамазан деп айтуудан башка айлабыз барбы, эң негизгиси аз болсо да күнөөлөрдөн тазарткан болсок жүрөгүбүздү, жакшы амалдар менен толтурган болсок жан дүйнөбүздү токтотуп койбой улоочуулордон болуп жашообуздун узунбу -кыскабы сапарына умтулуп жашагандардан бололу!
Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат күнүңөр бүтүп, ажалыңар жетип АЛЛАХтын алдында эсеп бербестен мурда өзүңөргө өзүңөр эсеп бергиле дейт.

☝🏻Орозо тарбия, мугалим, медресе дегендей, эми амалдар, ыкластар кандай болуп орозодон өзүбүзгө кандай тарбия алдык, эмне амалардарды жасадык бир өзүбүзгө эсеп берип көрбөйлүбү?!

☝Мисалы: Биз бул айда орозо деген гүлдү олтургузуп гүлдөтүү керекбиз деп элестетиңиз.
Ал гүл Бейиш гүлү эч жакта жок, бир гана мусулмандар үчүн берилген , ал гүлдү орозо кармагандар гана өстүрө алат.Ал гүлдүн тамыры ыклас менен ыймандан бекемделген, сөңгөгү аде-ахлактан турат.Анын жалбырактары биз канча амал кылсак ошого карап көбөйүп, жалбырак чыгарат.Ар бир жалбырак, биздин тарткан зикирлерибиз, айткан салаваттарыбыз, окуган Намазыбыз, Кураныбыз, Дос-тууганга, ата-энеге берген жардамыбыз.Кечиримдүүлүк менен ырайымга,
боорукерлик, мээримге толгон жүрөгүбүз.Кабыл болгон баардык жакшы иштерибиз. ..
Гүлүбүздү кургата турган бир курт бар ал – биздин напсибиз, күнөөлөрдөн, өзүбүздү тыйсак, ошондо андан сактана алабыз…
Анын даарысы сабырыбыз…
Аны эрте — кеч ооз ачып жапкандагы, дуба, тилек, ниеттерибиз менен суугарабыз. ..
Мына ушундай биздин Орозо гүлүбүздүн гүлдөтүүнүн сыры, анын бүчүр алып гүлдөй турган убагы келип калды, кимдики бүчүр байлап ,кимдики гүлдөп калды ал ар кимдин өзүнө байланыштуу маселе!

Аллахым баарыбыздын ыйык, берекелүү орозо гүлүбүздү соолутпай, гүлдөшүнө, күч -кубат берсин жана насип этсин!Жана ал орозо гүлүбүз кээлерки жылга чейин насип тартып, Жаратканым жеткизээри жазылган болсо, соолубай, орозодон алган жакшы амалдарыбыз, жаман адаттардан арылган тарбиябыз менен суугарып туруубузду насип кылган болсун!

☝Ыклас бул адамдагы эң Жаратканга жаккан сезим.Чын ыкласың менен бир сом берип миллион сом бергенден артык сыйлыкка жетишсе болот.Миллион сомуң туруп, ыкласың Жаратканга жакпаса анда кайра күнөө иш кылгандардын катарында болуп калууң мүмкүн…

Бул айда жашка оролгон тилектер кабыл боло турган ай.Кубанычтын жалынына бата турган ай…
Түндөлөрү көп-көп ниет кылып окуган намазыбызды Аллахым кабыл э кылган болсун!

☝Урматтуу жамаат , бир туугандар.Бул айда баарыбыз Жараткандан чын ыклас, ишеним үмүттөр менен , ар ким керегин сурап дуа кылган болсо Аллахым кабыл кылган болсун! .Бирок, дагы да сурай турган нерселер чоң максаттар бар…

Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык. Үзүлгөндү кураштырган, бөксөнү толтурган, ийилгенди түздөй турган, жыгылганды жөлөй турган,
жыгылса тургуза турган адамдардан кылгын бизди , деп сурай турган тилектер бар…!

Кудайым жүрөктөрү, максатары бир болгон адамдарга береке берет…

Жараткандын ырайымы,
баары биригип бир нерсени көздөгөн, тилеген тилеги, максаты бир болгон адамдарга түшөт. Ар бир мусулманмын деген пендесинин тилеги,
максаты Аллах ыраазылыгына жетүүдүр!

Жараткан жакшы амалдарды аткарууга, жакшы амалдардын аткарылышына себепчи болгон, себепчи болгондорго себепчи болгон адамдардан кылсын бизди…

Аллах Таалам бизди Сенин ырайымыңа, Боорукерлигиңе татыктуу жамааттардан кылгын…

?Ар бирибиздин үйүбүзгө Дин бергин, Ислам бергин.Диндин дааватчысы, Исламдын кызматчысы кылгын.Айып кемчиликтерибизди жашырып,
оңдогун.Шерменде кылбагын.Эки дүйнө жүзүбүздү жарык кылгын.Пайдалуу илим бергин, илим менен пайда бергин.Окуган окууларыбызга, иштерибизге, өмүрлөрүбүзгө береке бергин.Жаман сөздөн, жаман көздөн.Суук көздөн, суук сөздөн сактагын.Жакшыларга шерик кылгын.Жамандардан алыс кылгын.Элге жерге, мусулмандарга, Ата-энебизге, бир тууган, дос жарларга кызмат кылууну насип кылгын.Аллахым, Бизди берүүчү колдордон кылгын.Бизди пайдалуулардан кылгын.Такыбалардын санын көбөйткүн, кемейтпегин.Бизди алардын катарына кошкун.Акыйкатты ак деп көрсөтүп ал жолдон жаза тайдырбай, ал жол менен кетүүгө өзүң жардам бергин.Арамды арам деп көрсөтүп, ал жолдон алыс болууга өзүң күч кубат, сабыр бергин.Тилеген тилектерибизди бергин, сурай албай калагандарыбызды дагы бергин.Аллах Таалам өзүңдү сүйдүргүн, өзүңдү сүйгөндөрдү сүйдүргүн.Өзүңө жакындатуучу амалдарды сүйдүргүн. Кээлерки жылдын Куттуу Рамазанына жетүүнү баарыбызга насип кылсын! Амин., Амин, Амин!!!

Кош бол Рамазан!

Бизди таштап кетесиңби Рамазан?
Дуба этсем каласыңбы Рамазан?
Ай башында, ай соңунда келүүчү
Напил болуп арасында Рамазан?

Келер айлар куттуу болсун Рамазан,
Сен шекилдүү таза болсун Рамазан!
Сага кошуп кадыр түнүн жиберген
Раббыбызга мактоо болсун Рамазан!

Сенден калган нуруң менен күндөймүн,
Сенден алган мүнөз менен гүлдөймүн
Келер жылы келишиңе ишенем,
Бирок, аттиң…
Сен келгенде мен боломбу билбеймин

Кош бол Рамазан…

Сиздерди терең урматтап,изги тилектерибиз менен
“FORMULA.KG” – маалыматтык Маданий
Рухий-Агартуучу порталы .

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button