alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
АңгемелерТаасирдүү окуялар

КОЙЧУ ЖАНА АЛМА БАГЫ

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Өмүрүнүн тең жарымын кой багуу менен өткөрүп келе жаткан карыя адам күн сайын тоо этегиндеги жайытка койлорун айдап келгенде аны баласы сындуу күтүп турган бир түп алма багынын түбүнө келип эс алар эле. Эгер мезгили жетип мөмөлөрү бышып турган учур болсо карыя бактын алма толгон шактарына күлүп карап:
— «Кана балакайым! Карыган абышканын алмасын берчи»,- деп сурачу. Карыянын өтүнүчүн аткарып алманын бийик бутактарынан бир алма топ этип жерге түшчү. Ал түшкөн алма шактагы алмалардын ичинен тандалып үзүлгөндөй: эң чоңу, эң ширини жана эң көркөмдүүсү болор эле. Алманын пейилине ыраазы болуп жүрөгү кубанган койчу чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, кыпкызыл алманы тилип баштыгындагы айран, нанына кошуп тамшанып жеп бата тилеп туруп, бактын көлөкөсүндө атасынан калган Куран китебин окуйт болчу.
Карыя бул алма багын мындан 20 жыл илгери тоодогу такыр коктунун этегине алып келип тиккен болчу. Назик жалбырактары үлбүрөгөн жаш көчөттү баласы сыяктуу бапестеп карап, бат-баттан сугарып, үйүнөн даарат үчүн ала келген челектеги суусунан калганын куюп турар эле. Алма багынын тамырлары даарат суусуна арналган суудан азык алгандыктанбы, 3-4 жыл ичинде тез эле бой көтөрүп суналган бакка айланып маалынан эрте мөмө бере баштады. Койчу ал кезде алдуу-күчтүү болгондуктан алманын бышып турган мөмөсүнөн каалаган алмасын тандап үзүп жеп, үйүнө да алып кетер эле.
Бирок Жараткандын мезгили күтүп турбайт экен. Койчу картайып бели бүкүрөйүп кичине адамга айланса, алма багы чатырап өсүп шактарына кол жеткис чоң чынарга айланды. Бутактары канчалык асман тиреп турбасын баары бир бул алма багы карыянын баласындай болчу. Күн сайын керилген бакка келип күчтүү өзөгүн кучактап, эркелеткен карыя:
— Кана балам, бер бүгүнкү ырыскымды,- деп сурайт эле. Ошол замат бактын шагынан бир алма топ этип жерге түшчү. Койчу карылыкка моюн сунган жылдар бою күз мезгилинде бул көрүнүш күн сайын кайталанчу. Карыя менен алма бактын мындай сырдуу байланышы айланадагыларга аңыз болуп, атайын алыстан карап жакасын кармангандар аны «олуя» деп да калың элдин арасына жайып жиберишкен да болчу.
Бир күнү карыя адаттагыдай бактын түбүнө келип намазын окуп бүткөндөн кийин алма бактын бийик бутактарын карап күндө алып жүргөн алмасын сурады. Бирок алманын мөмөлөрүнөн шактары ийилип турса дагы жерге алма түшпөдү. Алма багы бир башкача мелтиреп сырдуу турду. Алманын мындай мамилесине таңкалган карыя дагы бир нече ирет жалбарып: «Балам карыянын ырыскысын бербейсиңби?»,- деп суранып жиберди. Бирок күткөн нерсеси болгон жок. Алманын шактары эч нерсе болбогондой, карыянын үнүн укпагандай тунжурап турду. Алма багынан мындай мамилени күтпөгөн карыя катуу сынып калды. Баласынай болгон бактын күн сайын берип жүргөн мөмөсүн аяганына ичи ооруп катуу таарынды. Ушунчалык ызаа болгондуктан көздөрүнөн аккан жашы аппак сакалын сылап өтүп, ордунан турду да бакты көргүсү келбей койлорун көздөй жөнөдү. Бул күнү койчунун убактысы өтпөй бүкүрөйгөн бели ого бетер бүкүрөйүп, алсыз буттары денесин көтөрө албай калган абалга түшкөнсүдү… Кеч кирип айылды көздөй чубап жөнөгөн койлордун аркасына түшкөн койчу таарынган боюнча теңселип кетип баратып кырдан чыгып айыл көрүнгөндө мечиттин мунаралары бир башкача жарыктарга бөлөнүп жаркылдап шаңдана түшкөнүн көрдү да, бир нерсени эсине түшүрдү… Ордунда бир саам катып калган карыя эсине келе түштү да бакты көздөй ыйлаган боюнча кедеңдеп чуркап жөнөдү. Ал бар күчү менен чуркап да, ыйлап да баратты. Акыры баласындай болгон жалгыз бакка жетип кучактаган карыя өпкөлөп ыйлап:
— «Жаным балам! Менин жыпар жыттуу балам! Менин алтыным, акылдуум, берекем, алжыган чалды капа кылардан мурда неге айтып койгон жоксуң? Бүгүн Рамазан айынын биринчи күнү экенин, орозо экенин куураган жаным унутуп калган экенмин каралдым!,»- деп жалбарып турду…

Сабак: Аллахтын кудурети ушунчалык чексиз! Жер жүзүндөгү жаратылыштын баары адам жашоосуна тыгыз байланышып турганын көп учурда билбейбиз. Адамдын гана акылы бар, адам гана эстүү, адам гана күчтүү дейбиз. Бирок таттуу мамиле болсо жаратылыш дагы адамга боор тартып Алланын кудурети менен эскертүүчү, сабак берүүчү, үлгү берүүчү боло алат… Табият менен таттуу мамиледе болууга динибиз да чакырып турат. Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button