alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

КИМ КӨЗҮ АЧЫККА БАРСА

КИМ КӨЗҮ АЧЫККА БАРСА

✍🏻Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:
«Ким көзү ачыкка барса, кырк күнгө чейин намазы кабыл болбойт!». Имам Муслим.
Көрүнүп тургандай бул хадис көзү ачыктарга баруунун арамдыгын, аларга ишенбесе деле, эч нерсе сурабаса деле, жөн эле көргөнү барса деле туура эмес болоорун баяндайт. Намазы кырк күнгө чейин сообу жок калат. Кудай Тааламдын астында кабыл болбойт.
💫Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким көзү ачыкка барса, ал айтканга ишенсе, Мухаммад алайхис саламга түшүрүлгөнгө (Ыйык Куранга) каапыр болот». Имам Абу Дауд.
Көзү ачыктарга баруу жана айтканына ынануу ыйман алкагынан чыгараарын баяндайт.
Себеп дегенде, Мухаммад алайхис салам пайгамбарыбызга түшүрүлгөн касиеттүү Куранга ишенүү менен, шайтан алайхил лаьна алып келген маалыматтарга ишенүү бир бирине коошпойт. Экөөнүн бирине ишенгени экинчисине ишене албайт.
Экөөнү бир адамга чогултуу мүмкүн эмес.
📍 Имам Ахмад көзү ачыктарга ишенүүнү чыныгы каапырлык (куфрун акбар) деп баалайт.
💫Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:
«Ким куштар менен төлгө салса, же кимге куштар менен төлгө салынса, ким көзү ачыктык кылса, же көзү ачыктардын кызматынан пайдаланса, ким сыйкырчылык кылса, же сыйкырчылардын кызматынан пайдаланса, ким көзү ачыкка барып алардын айтканына ынанса, ал – бизден эмес!». Имам Баззаар.
Куштар менен төлгө салуу адегенде кайсы бир кушту же чымчыкты же көгүчкөндү колго кармап туруп, асманга учурушат.
Кайсыл тарапка учкандыгына, канчалык бийиктегендигине, же дароо эле жерге коно калгандыгына карап төлгө айтышкан. Бара бара адамдардын, жаныбарлардын кыймыл-аракеттеринен төлгө салып башташкан. Мисалы (астынан мышык өтсө жолу болбойт) деген сыяктуу. Ал эми (бизден эмес) деп Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жамаатынан, үммөтүнөн эмес, б.а. мусулман эмес деп таамай айтылат. Кээ бир көзү ачыктар сакал коюп, селде чалынып, жоолук салынып, бисмилла деп сүйлөп, намаз окуп, колуна теспе кармап адамдардын көзүн будамайлашат. Алар канчалык жогорку деңгээлде мусулманчылыктын парздары менен карздарын аткарбасын мусулман деп эсептелинбейт. Кээ бирлери бир нече ирет ажылыкка да барып келген болуусу мүмкүн. Алардын ибаадаты, мусулманчылыкты кармангандыгы, кудайды оозанып сүйлөгөндүгү момун-мусулмандарды алдап азгырат. Сактануу керек. Айрыкча карапайым мусулмандар алардын торуна түшүп калат.
📍Ибн Аббастан марфууь риваятта мындай айтылат: «Ким жылдыз карап төлгө ачса, (Абжад) тамгаларын жылдыз карап төлгө ачуу үчүн үйрөнсө, Аллах Тааланын алдында жакшылыктуу эч бир үлүш-насибеге ээ болбойт!». Имам Хумейд бин Занжавуя.
Аллах Тааладан жакшылыктуу насибеге ээ болбостук, жамандыктын жеткен чеги. Улук Кудайдын ырайымысыз эч ким бейишке кирмек турсун, бейиштин жытын жыттай да албайт.

Даярдаган:Махарам Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Пожалуйста посетите видеозал и посмотрите Государственная граница фильм 1980 интересно: Гамаюн просит Галю стать машинисткой. Она в страхе из-за слежки за ней и не знает, как рассказать ему правду. Могилов признаётся Ядвиге, что у красных есть осведомитель на той стороне

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button