alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Пайдалуу кеңештерТаасирдүү окуяларТарбия

КЕЛИНИ БАР АДАМДЫН БИР КӨЗҮ КӨРҮП, БИР КӨЗҮ КӨРБӨШ КЕРЕК. БИР КУЛАГЫ УГУП, БИР КУЛАГЫ УКПАШ КЕРЕК.

☝🏻КЕЛИНИ БАР АДАМДЫН БИР КӨЗҮ КӨРҮП, БИР КӨЗҮ КӨРБӨШ КЕРЕК. БИР КУЛАГЫ УГУП, БИР КУЛАГЫ УКПАШ КЕРЕК.

Ооба, «кыргызда билбегенди кечире албасаң, билгендигиң кайсы?» деген сөз бар го. Ошондуктан кээде энелер да дааналык кылып көп нерсеге акылмандуулук менен карай билүү керек.
Өзүнүн чоң экенин эмес андан көрө тажрыйбасы молдугун эскерүү керек.
Ошол ирет энелер тарабынан аткарылууга тийиш кээ бир чараларды жаза кетүүнү эп көрүп отурабыз.

📍 Балким, пайдасы тийип калар:

📍 1. Ооба, «келин алдым- колум узарды» деп кубанып жүргөндүрсүз.
Бирок, бул-келин бар экенин билип туруу керек. Анын ушул убакка чейин башка үй-бүлөнүн тарбиясында экенин,
үйрөнүшүп кеткенге чейин . эсиңизден чыгарбаңыз. Келин тарбиялоонун эң мыкты жолу — күнөө артуу эмес, үйрөтө турган стилди пайдалануу.

📍2. Эгер келиниңиз болгон күчү менен тырышып, өз милдетин кынтыксыз аткарып жүрсө, аны колдоп, жылуу жумшак, ал тургай кээде эмгегин баалап, башкалардын көзүнчө мактап отуруңуз. Бул жол ага мотивация берип, андан сайын жакшы кызмат кылууну улантат.
Негизи энесинен мактоо, жылуу сөз эстүү келинге «эл сүймөнчүгү» деген атакты алгандан да эффективдүү болорун билесизби?)

📍3. Жаш жубай болгон соң башында балаңыз менен келиниңиздин арасында ушак-айың, түшүнбөстүктөр болору анык. Мындай кезде ар бир ишке баш багып, жагдайды андан ары курчутуп жибербөөгө тырышууңуз керек. Эгер балаңыз менен келиниңиз келише албай жатса, уулуңузду эмес, келиниңизди коргоого аракет кылыңыз. Себеби, тууган баласын эне баарыбир жек көрүп кете албайт жана баланын да өз энесине деген мээрими оңойлук менен суубайт.
Ал эми эне менен келин жараша албай калса, ал жагдайды чечүү, аралыктагы орундукту толтуруу оңой боло койбойт. Ошондуктан балаңызга жубайын кармап кала ала турган эр азамат иретинде карап, а келинге жаны назик аял-эне катарында карым-катнаш жасасаңыз, экөөнүн арасын жараштыруучу «алтын көпүрөөгө», боорукерге айланасыз.

😍КЕЛИНГЕ ЖАКШЫЛЫК

Жаңы эле турмушка чыккан келини менен уулун эне конокко чакырды. Аларга өз колу менен тамак даярдады. Баары дасторкондун айланасына отурушту.
Эне өз колу менен тамак салып келип ортого койду. Коноктор тамактан ооз тийип эле тим отуруп калышты. Тамактын эти бышпай, картошкасы болсо эзилип, кыскасы абдан даамсыз болгон экен.
Коноктор аны даамдуу болуптур деп ооз учунда макташып, бирок бир кашыктан ашык жей алышкан жок. Дасторкон жыйылып, жаштар чыгып кеткен соң, күйөөсү:

— Сага эмне болду, буга чейин тамакты укмуш жасайт элең, бүгүн болсо балдарга бир боткону жасап келипсиң, же ооруп турасыңбы, же атайын ушундай кылдыңбы? — деди, ачууланып. — Ооруган жокмун, мен аны атайын ушундай жасадым, — деди аял, мыйыгынан жылмайып,
— эми менин балам эч качан» «Апам сага караганда тамакты даамдуу жасайт эле» деп жубайынын көңүлүн оорутпайт.

😊 Мына урматтуу ,апалар,эжелер балким уулуңуз,күйөөңүз үчүн,кээ бир мүнөзүңүздү өзгөртүүңүз керектир,үй -бүлөөдө тынч жашап,бактылуу өмүр кечирүү өз колубузда,жакшы сөз,жакшы мамиле,жакшы кызмат сөзсүз бир күн жеңээрин эч качан унутпаң! Жакшылык жалаң гана жакшылыкты чакырат! Жашоодо бири -бирибизди сыйлап,тынч, бактылуу жашоодон артык бактыт бар бекен!

Даярдаган: Алина Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button