Макалалар

КЕЛГИЛЕ УШУЛ АЙДА БИРИ-БИРИБИЗДИ КЕЧИРИШИП,САБЫРДУУЛУКТА БОЛОЛУ.

Келгиле ушул айда бири-бирибизди кечиришип, сабырдуулукта бололу!

✍🏻Мусулман адам ар дайым башкалардан кечиримдүүлүгү жана элге жакшылык кылуусу менен айырмаланып турат.
Ал ушул ыйык айда ким ага жамандык жасагандардын баарын кечиришке умтулат.
Кечирим деген – бул андан өч албоо, жана ким сага жамандык кылса, ага кең пейил болушубуз зарыл.
Алла Таала Куранда:
«Бирок ким кечирип, өз ара мамилени оңдосо, ал үчүн сооп жазылат.
Анын сообу Аллада» Аш-Шуура 40-аят.
Кечире алгандар үчүн Алланын убадасы чоң. Алла кечиргенди жакшы көрөт жана пендеси Кудайынын ага карашын каалагандай, анын элге болгон мамилеси да ошондой болушун Алла Таала каалайт.
Алла Таала пендесин кечиргенди жакшы көргөндөй, ал да Алланын башка пенделерин кечирсин. Алла Таала пендесине кең пейил болушту жакшы көрөт.
Ал да башкаларга кең пейил, айкөл болсун. Албетте жасаган амалдар үчүн сооп жазылат.
Кудайдан корккондор (таквалар) жана башка Алланын пенделерин кечиргенге, аларга кайрымдуулук, жакшылык кылышка умтулгандар үчүн Алла аларды кечиришин жана Бейишти убада кылды.
Куранда Алла Таала: «Кудайыңардын кечиримине жана Кудайыңардан корккондор үчүн даярдалган кенендиги асман менен жердей болгон Бейишке шашылгыла!
Алар колунда бар күндөрдө да, жок күндөрдө да малын сарп кылгандар, ачуусун кармап, элди кечире билгендер. Акыйкатта Алла Таала жакшылык кылгандарды жакшы көрөт» Али Имран 133,134-аяттар.

Пайгамбарыбыз(салалооху алейхи васаллам);
“Бири -бириңер менен байланышты үзүшүп кетпегиле,тескери карашып кетпегиле,кек сакташпагыла,ичи тардык кылбагыла. Оо,Алла Тааланын пенделери,бир тууган болуп жашагыла. Бир мусулмандын диндеш бир тууганына үч күндөн артык таарынып таштап койгону адал эмес “. (Бухарий:Адаб,57,58.).деген сөздөрүндө мусулмандын бир туугандык ымаласын көлөкө түшүргөн таарынычтар адал эместиги ачык баяндалган.
“Мусулмандын диндеш бир тууганынын үч күндөн ашык таарынып таштап койгону адал эмес. Анда эки мусулман бет келсе бирөө быякты,бирөө тиякты карап басып кетишет. Ал экөөнүн эң жакшысы биринчиси болуп салам бергени “(Бухарий,Адаб,62)-деп айткан📚.
Пайгамбарыбыз (салалооху алейхи васаллам) ар дүйшөнбү жана бейшенби күндөрү жасалган иштер Алла Таалага сунуларын,диндеш бир тууганы менен арасында араздашуу болгон кишилерден башка,Алла Таалага ширк келтирбеген ар бир пенденин күнөөлөрү кечирилеринин айтып (периштелерге):
“Мына бул эки кишини кайра жарашканга чейин күтө тургула “,-деп айтып баяндаган. (Муслим, Бир, 36).📚 Демек мусулман мусулманга таарынып, терс бурулуп кеткени кандай гана жаңылыштык жана жаман иш экендиги Алла Талаанын кечириминин кечиктирилүүсүнөн дана билинип турат.
Бир туугандык акылары тууралуу баяндалган,таарынуушудан сактаныш керектиги айкын түшүндүрүлгөн хадистердин биринде, Пайгамбарыбыз (салалооху алейхи васаллам):
“Бир мусулман бир мусулман бир боордошторуна үч күндөн ашык таарынып карабай койгон бойдон кокус ажалы жетип өлүп калса,тозоку болуп кетишине себепчи болушу мүмкүнчүлүгүн билдирген “. (Абу Дауд,Адаб,47).📚
Ал эми мусулман боордошунун бир жылдан ашык таарынып карабай койгон адам кудум анын канын төккөндөй күнөөкөр болоорун билдирген. Пайгамбарыбыз (саллаооху алейхи васаллам) бул каталыкты жасаган мусулман эмне кылыш керектигин да баяндап мындай дейт:
“Бир мусулманды үч күндөн ашык карабай коюу адал эмес. Үч күн өткөн болсо, алдына барып салам берсин. Эгерде саламын алик алса, экөө тең соопко шерик болот. Эгерде саламын алик албаса, анда алик албаган адам күнөөкөр. Салам берген адам таарынычтан чыккан болот “. (Абу Дауд,Адаб,47)📚.

Ылайым элдердин кечирүүсү, ар бир инсанды-ким сага тили менен же иши менен зыян келтиргендерди өзүнө алсын. Ар бир адеп ахлагы бийик инсандардан гана кечирим болсун.
Аларды кечиргенде гана, анын аларга мээрими артып, аларга жакшылык кылышка умтулуп, жамандыктан токтотот. Ылайым мына ушундай кишини Алла кечирип, ал үчүн ыраазычылыгы байкуш пенделерден эмес, Кайрымдуу Алладан болсун.
Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам мындай дептир: «Кечирүү даражаны көтөрөт. Кечиргиле, Алла силердин даражаңарды көтөрсүн!».
Атактуу уламалардын бири: «Татыктуу, ардактуу кишилер айрыкча өч алууга шашылбайт», – деген экен. Андай болсо келгиле кечирели!

Жакшылыктын айында, жакшылык кылышка тоскоол болгон жамандыкты таштайлы.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker