ЖаңылыктарКоом
Алдыңкылар

«Казино боюнча бир үн катканга жарабаган муфтий Садыбакас ажыга «аа» — деп, оозун ачканга акысы жок!»

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби, аалым Садыбакас ажы Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүрө турганын кабарлаган.

Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Чыңгыз Таалайбеков муфтият Садыбакасс ажынын айткан сөздөрүн териштиргенге укугу жок деп эсептейт. Анын пикирин өзгөртүүсүз беребиз:

«Садыбакас ажынын сөздөрүн бир канча секунд угуп, эмне дегиси келгенин жана сөздөгү маани- маңызды түшүндүм!

Айтылган сөздөрдү жалпы динди кармангандарга каршы курал катары колдонуп жаткандарды дагы түшүнөм, бирок менин айтайын дегеним башка.!☝️

Октон жашынып окопто жаткан немедей болгон биздин муфтияттын бүгүнкү билдирүүсүн кандай түшүү керек?

Садыбакас агайдын бүгүнкү сөзүн териштирет имиш…

Атайын журналистке жарым сааттык интервью берип, көптөгөн цифраларга далилсиз токтолуп Максат ажынын шермендесин чыгаруу менен Садыр Жапаров азыркы жердешин муфтий кылып шайлады эле. Чынын айтсам бул муфтийдин атын деле башкасын деле билбейм. Негизи муфтиятта абдан чоң акча бар. Бир кездеги сабалып каза болгон муфтийдин өлүмү көп нерсеге далил.

Катуу айтсам капа болбогула: азыркы муфтий Садыбакас ажыга «аа» — деп, оозун ачканга акысы жок. Казино боюнча бир үн катканга жарабай, бүгүн уялбай кантип үн катканына акылым жетпей турат! Баары унутулганча окопто жата турса болмок. […]

Ким болсоң ошол бол, бирок адам бол!☝️

Муфтият Садыбакас ажыга бир сөз айтсаңар, силерге реалдуу ой жүгүркөн эл төрт сөз айтат! Уялгыла дагы, казино унутулгуча эс алгыла!»

Эске салсак, 6-июлда бир катар жергиликтүү басылмалар диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосун жарыялашкан. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, «аялдын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттады» деп айтканын көрүүгө болот.

Back to top button