Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң Кара-Буура айылында Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен заманбап мечит ачылып, пайдаланууга тапшырылды. Саамалыкка Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана «Ислам нуру» медресесинин мүдүрү Касым ажы Сыдыков, райондун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев жана жергиликтүү эл катышты.
Ошондой эле, мечиттин ачылышына катышкан ЖК депутаттары Дастан Жумабеков менен Марат Мураталиевди көрүүгө болот. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Жумабеков Кыргызстанда казино ачуу демилгесин көтөрүп чыккан.