МакалаларӨрнөктүү өмүрлөр

КАЗАРМАНДЫ ТҮПТӨГӨН БЕКТЕН БОЛУШ

Азыркы Казарман айылынын турган орду мурда суу бойлой чоң токойго, андан четкиси чийге бай болуп, Коён-Токой, Ак-Чий деп аталчу экен. 19-кылымдын аяк ченинде Ак-Талаадан кайсы бир себептер менен чоро уруусунан Шүкүр көчүп келип, ушул жерге отурукташкан. Шүкүр биринчилерден болуп, Коен-Токойго там салып, сыртын ак топурак менен шыбаткан деп айтышат. Ошондон улам ал жайгашкан жер Ак-Там деп аталып калган. Шүкүрдүн уулдарынын бири 1870-(маймыл) жылында төрөлгөн Бектен балалыгын ушул жерден өткөрүп, ушул аймакты гүлдөп өнүккөн чоң шаарга айлантууну кыялданып чоңойгон.

Арадан жылдар өтүп, 20-кылымдын башында Тогуз-Торого орус келгиндери көчүп келе баштап, азыркы кээ бир айылдардын пайдубалын түптөй башташкан. Бектен үйлөнүп жайланып, эки жакка баам салып, келгиндер менен атаандашып, өзү жашаган аймакты айылга айландырууга кам көрө баштаган. Нарын дарыясынан алыш байлап, суу алып чыгып, азыркы Казарман аймагына биринчи болуп суу агызып, дыйканчылыкка шарт түзгөн. Андан калган эстелик катары ошол арык «Бектен» арыгы деп аталып келет. Бектендин демилгелерин аркы өйүздөгү Табылгыты, Кара-Суу айылдарынан Чолук деген күйөө баласы колдоп-коштоп, активист катары ал да биринчилерден болуп там салып, арыктарды казган.

Бектен элдин бакубат турмушу үчүн илим-билимдин орду чоң экенин абдан жакшы түшүнгөн. 1910-жылы Атай айылында орус-тузем мектеби ачылганда, ага Бектен өзүнүн Оркош деген инисин, Салташ деген уулун берип, башка кыргыз жаштарын да окууга үндөгөн. Ошол эле убакта жергиликтүү элдин менталитетине ылайык медресе-мектептери да болушу керек деп эсептеген. Ошондуктан, Бектен биринчилерден болуп Тогуз-Торо ичинде азыркы Казармандын аймагында алгачкы мечит-медресе салдырган. Тогуз-Тородо ага чейин андай окуу жай болбосо да, каратегиндик кыргыздардан келген Абдулла уулу Жакып деген дин аалымы «Тажик Молдо» деп таанылып, элди кыдырып, дин сабатына үйрөтүп турган деп айтышат. Ал эми Бектен мечит-медресе салдыргандан кийин анда Ниязалы, Адамалы жана атайын чакыртылган намангандык Исмаил уулу Мойдун кары (Мухиддин дамбылда) сабак бере башташкан. Ошондой эле, Тоголок Молдонун кеңеши менен Бектен бий Атайдагы орус-тузем мектебин бүткөн тогуз-торолук жаштардан үчөөнү тандап, Алматыдагы орус мектептерине жогорку билим алууга жиберген. Натыйжада, тогуз-торолук Оркош менен Калы окууну толук аяктап, орус тилин өздөштүрүп келишкен.

Тогуз-Торо чөлкөмү ал кезде бир административдик бирдикке кирбей, оң өйүзү Жумгалга, сол өйүзү Ак-Талаага карачу. 1910-жылы Чет-Булак, Кош-Дөбө жана ага жакын айылдар Чоробай болуштун демилгеси менен өзүнчө болуштук болуп бөлүнгөн. Эл ичинде Бектен да болуш болгондугу айтылып келет, бирок, аны тастыган архивдик материалдарды азырынча эч ким изилдей элек. Бектендин колдоосу менен билим алып келген жаштар аны болуш кылууга ниет кылышкан. Бирок, Бектен аларга ыраазычылыгын айтып, батасын берип, мурунку болуштун мээнетин сыйлап, 1914-жылы Чоробайдын уулу Садырдын пайдасына Бектен өзү болуштуктан баш тарткан дешет. Ошентсе да, кийинки жылдары кыска убакытка болсо да Султангазы, Бектен, Насырынбек жана башкалар болуштук кызматты аркалашканы анык.

1916-жылы күтүлбөгөн жерден күйүп кеткен «кызыл от» Тогуз-Торонун да кокту-колотун аралап келди. Үркүндөгү боштондук көтөрүлүштө тогуз-торолуктардан чыккан Чолук баатырды жазалоо үчүн миңдеген орус аскерлери келип, Коен-Токойго казарма курушуп, атышып калышты. Чолук баатыр жеңилүү ызасын тартып, качканга мажбур болгон. Жакын санаалашы жана күйөө баласы болгон Чолук баатырды тымызын колдогону үчүн Бектен болуш да качууга аргасыз болуп, түштүк тараптагы Алай-Куу, Кара-Кулжа деген жерлерге чегинген. Ал жакта көпкө тура албастан, төңкөрүштөрдөн кийин кайра кайтып келген. Эми анын мекендеген Коен-Токойдогу айылы «Казарман» деп атала баштаган.

1917-жылдагы төңкөрүштөн кийин алмашкан жаңы бийлик менен мамиле түзүүгө орусча билген Оркош менен Калы үчүн шарт түзүлгөн. Алар ошондо кыйналган кедей-кембагалдарга жардам таратабыз деген ниетте Нарындан миң кой алып келип, элге 3 жылдык мөөнөткө таратып беришкен. Бирок, убак-сааты келгенде, жардам алгандар кайра кайтарып берүүдөн баш тартышып, булар бийликтин астында кылмышка шектелип, айыпкер болуп калышкан. Ошого байланыштуу 1924-жылы Бектен менен Ысрайыл жана алардын туугандары совет бийлиги тарабынан Нарындын түрмөсүнө камалган. Ошону менен кошо Чолук баатырдын эки уулун да кармашкан. Элдин кийлигишүүсү жана инилеринин суранычы менен Бектен кайра бошотулат, бирок, Оркош, Тойчубек, Алымкул, Калы деген жапжаш билимдүү жигиттерди өлүм жазасынан эч ким куткара алган эмес. Ошентип, ал күнөөсүз жерден бир тууганындарынан айрылганда: «эки иним өлгөнү менен эл эсен калды» деп өзүн жана элди сооротуптур.

Совет бийлиги орноп, бардык райондордо, айылдарда бийлик алмашып, кедей активисттердин колу менен бай-манаптарды жоготуу саясаты жүргөн. Айрыкча, 20-жылдардын аяктарында жер-жерлерде ар кимдин мал-мүлкү тартылып алынып, мамлекетке өткөрүлө баштаган. Илгерки Тайлак баатырдын бир тууганынын урпагы катары манап тукумунан болгондугу үчүн 1930-жылы Бектен болуш да кулакка тартылып, Оштогу түрмөгө камалат. Башка өрөөндөгүлөр бай-манаптарын сүргүнгө айдатууга чейин барышса, тогуз-торолуктар Бектен болуштун жакшылыктарын унутпай, аны кайра бошотууга аракет кылышып, аман алып калышкан.

1935-жылы Тогуз-Торо өзүнчө район болуп уюшулуп, кийинки жылдары бардык айылдар колхоздоштурулуп, райондун борбору Атай айылынан Казарман айылына көчүрүлгөн. Ошол убакта Бектен ата карапайым калктын катарында кызмат кылууну улантып, колхоздун уйларын багып иштеп калган. Эң башкысы, анын балалык кыялы орундалып, айылынын өнүгүүсү тездей баштаган. Ал Чет-Булак айылынын түптөлүүсүнө салым кошуп, Шүкүр арыгын элге тартуулаган дешет. Андан башка, азыркыга чейин пайдаланылган Кара-Сеңир арыгынын пайда болушунда да Бектендин тиешеси болгон. 1940-жылы Бектендин үйүнө Тоголок Молдо келип, карыялар менен тарых, санжыра жөнүндө сүйлөшүп, аны катчысы Абдыкалык Чоробаевге жаздырткан экен. Бул келиши Тоголок Молдонун Тогуз-Торго үчүнчү жолку келүүсү деп эсептелет. Аңгыча 1941-жылдагы согуш башталып кеткенде, Бектен карыя өзү сыяктуу улгайган 18 адамдан бир бригада түзүп, колхоздогу чарба жумуштарын аткарууну колго алган. Ал 1944-жылы 14-ноябрда 73 жашында, мүчөл курагында дүйнөдөн кайтыш болгон.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Көчөрбаев С. Өрүш алган өрөөн. – Бишкек, 2020.

2. Бобукеев Р. Тагдыр озуйпасы. – Бишкек, 2015.

3. Абдылдаев А. Тогуз-Торо элинин санжырасы. – Бишкек, 2006.

4. Тогуз-Торо баяндары / түз. С.Сарыгулов, М.Эпеев, Б.Бектенов. – Бишкек, 2000.

5. Мойдунов Т. От кечип жүрүп жашадым. – Бишкек, 2010.

6. Тогуз-Торо району: Энциклопедия. 2-бас. – Бишкек, 2016.

7. Эрмендиров Б. Тогуз-Торо мекеним. – Бишкек, 2016.

8. Ороков Б. Алтын чөйчөк – ыйык бешигим. – Бишкек, 2005.

9. Мойдунов А. Бир келген өмүрдүн жүрөктөгү сабактары. – Бишкек, 2011.

Back to top button