alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар
Эң мыкты

Каза намазы качан, кантип окулат?

Каза намаз календарын чыгарып алып, белгилей жүрүңүз

Көчүрүп алыңыз

Ар бир мусулман адам үчүн намаз окуу башкы парз экенин жана намаздын динибизде ээлеген ордун билген соң, кээ бир боордошторубуздун намаз окууга негедир кайдыгер мамиледе болуп, же жалкоолонуп намаз окубай жүрүүсү чоң каталык болуп эсептелээри да күмөнсүз.

Намазын унутуп, же уктап калып, же болбосо жалкоолук кылып, же намаздын кабары болбой жүрүп окубаса, кийин милдеттүү түрдө
казасын окуйт.

Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) айткан:

Кимде-ким уктап калып, же унутуп калып намазын окубаса, эстегенде дароо окусун «.

Мусулман адам балагат жашына толгондон баштап, ага намаз окуу парз болот. Бир адамдын жашы 50-60 жашка чыгып калса да балагатка толгондон берки окулбай казага калган намаздарынын казасын окушу керек. «Окула турган каза намаздарым аябай көп, анын баарын окушка өмүрүм жетпейт, бирок колдон келишинче казаларымды окуй берейин» дегендер болсо, Аллах Таала ушундай ойдогу адамдардын жүрөктөрүндөгү чын ниеттерине жана жакшы аракеттерине жараша шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берет. Каза намаздарынын баарын окушка өмүрү жетпей өзгөн болсо, ага Аллах Таала бул дүйнөдө «каза намаздарды окуу эшигин ачып койгондугу» үчүн акыретте жакшы мамиле кылаарынан үмүт кылабыз.

Намазды окууга буюрган Куран аяттары, ошол намаздардын казасынын окулушуна да буйрук болуп саналат. Себеби кылынышы Аллах Тааладан буйрук менен келген амалдар аткарылмайынча ошол буйруктун өкүмү күчүндө кала берет.

Каза намаз окуш керек болгондо кандай ниет кылыш керек:

«Ниет кылдым Аллах ыраазычылыгы үчүн менден эң биринчи окулбай калган багымдат ( бешим, аср, шам, куптан, витир) намазын каза кылып окууга».

Суйүктүү Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям ‘ ) каза намазын окуган. Бирок Пайгамбарыбыздын (салляЛлаху алайхи уа саллям ) намаздарынын казасын окуусу үммөтүнө сабак берүү үчүн, мусулмандар намаздарынын казасын кантип окуш керектигин көрсөтүп берүү үчүн болгон. Болбосо Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) ката кылыштан, күнөө кылыштан алыс.

Мадинада Хандак согушунда бутпарастардан коргонуу согушунда Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) төрт убакыт намазын убагында окуй албай калып, казага калтырган. Бул тууралуу сахабалардан Абдуллах бин Масьуд мындай деген:

«Бутпарастар Хандак согушунда Пайгамбарыбызды (салляЛлаху алайхи уа саллям) төрт маал намазын окууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Акыры түндүн бир оокумунда Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) азирети Билалга (радияЛлаху анху ) азан айтуусун буюрду. Азирети Билал (радияЛлаху анху ) алгач азан, артынан коомат айтты.

Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) казага калган бешим намазына имам болуп окуду. Андан кийин азирети Билал (радияЛлаху анху ) коомат айтты. Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) казага калган бешим намазына имам болуп окуду. Андан кийин азирети Билал (радияЛлаху анху ) коомат айтты, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) аср намазына имам болуп окуду, кийин коомат айтылып, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) шам намазына имам болуп окуду, андан кийин Билал коомат айтты, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) куптан намазына имам болуп окуду» (Тирмизи, Насаи).

Каза намаздарды ирети менен окуш керекпи?

Ирети менен окуш шарт эмес. Бирок адашып калбаш үчүн, каза намаздардын жадыбалына белгилөө үчүн ирети менен окуса болот.

Бир күндүк каза намаздын баарын бир убакта окуганда, ар бир каза болгон намаз үчүн ар бирине азан, коомат айтылабы?

Каза болгон намаздарды чогултуп бир убакта окуганда алгач бир азан айтылып, анан ар бирин окугандан алдын ар бирине коомат айтылат. Аялдар азан да, коомат айтпай окушат.

Даярдаган: Салтанат Бообекова
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button