Таасирдүү окуялар

КАРЫЯНЫН КӨЗ ЖАШЫ..

КАРЫЯНЫН КӨЗ ЖАШЫ..

(Ойлоно турган окуя)

Жашы сексенден ашкан бир ата бар эле. Ошол киши бут астынан заара чыгара албай катуу кыйналды. Балдары тез жардам чакырып ооруканага жеткирет. Тажрыйбалуу дарыгер ойлонбостон ишке киришет. Бир аздан соң жан кыйнаган заара сыртка чыгып, карыянын абалы жашырып калды.
Балдары дарыгерлердин колдорунан кармап, ага ыраазычылыгын билдирди.
Муну көрүп турган карыя эки ийини силкилдеп ыйлап жиберди. Уулдары таң калып:

“Атаке, баары жакшы болдуго, баары артта калдыго, эмнеге ыйлап жатасыз?”- деп сурайт. Ошондо карыя көз жашын сүртүп:

“Мына бул дарыгер бир жолу жардам көрсөттү эле, ага мактоолорду айтып, урматка бөлөдүңөр. Анын кадыры менен ордун түшүнүп калдык. Ал Алла Таала мага ушу жардамды сексен жыл бою берип, жеңилдик жасап келгенин ойлонбопмун . Ушул жашка чейин мени эч кимге муктаж кылбай, аман-эсен жүрүүмө шарт түзгөнүн, эч кандай операцияны керек кылбай, өз муктаждыгым өзүм өтөөгө мүмкүндүк берип келгенин эми билип отурам. Мен Алланын кадырын ушул убакытка чейин кандай сезбей келгенмин?”- дейт.

Чындыгында эле, биз көп нерсени ушундай болуш керек, ушундай болушу милдеттүү деп ойлоп жүрөбүз. А чындыгында, ээн-эркин сүйлөп, бутубузду коюп басып жүрүүбүз, каалаган тамагыбызды ичип, даамын татып, жытын сезип ырахаттануубуз, ачык айкын иш- ажатыбызды кыйналбай чыгара алуубуз да Алланын чоң нематтарынан экенин унутуп кетебиз…

🧕Которгон: Махарам Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close