alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

Карын эне кайгысы… Же ижарага алынган жатын маселеси

Ислам илимий ааламындагы дээрлик жаңы маселелердин катарын толуктагандардын бири ушул маселе. Тукумсуздукка каршы күрөшүү, перзентсиздерге перзенттүү болуу мүмкүнчүлүк-бурсатты түзүү иш-аракеттеринин натыйжасында, эркек-аял ортосундагы табигый жыныстык алакасыз эле тукум улоо, б.а. жасалма уруктандыруу аркылуу максатка жетишилгендиги ачык–айгине. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул маселе ушул күндөрү да талкууланып турган кербези. Жасалма уруктандыруу негизги эки жолдун бири аркылуу ишке ашат:

1. Ички жасалма уруктандыруу. Эркектин уруктугун, аялдын курсагындагы ылайык болгон жерине, атайын куралдын жардамы аркылуу жеткирүү.

2. Сырткы жасалма уруктандыруу. Эркектин уруктугу менен аялдын жумурткалыгын (уруктугун) атайын жасалган идишке (прибор) чогултуп, чаңдаштырып, андан соң даяр болгон түйүлдүктүн уюткусун, аялдын жатынына жайгаштыруу.

Эске алчу нерсе: жогорудагы эки жолду ишке ашырууда, жараянды аткаруучу дарыгер сөзсүз түрдө аялдын аврет (башкалар көрсө уят болчу) жерин көрөт.

Жасалма уруктандыруу жети түрдүү ыкма менен жүргүзүлөт. Анын экөөсү ички жасалма уруктандыруу жолунун ыкмасы болсо, бешөөсү сырткы жасалма уруктандыруу жолунун ыкмасы болуп эсептелет.

1. Никелүү эркектин уруктугу алынып, никесиндеги аялынын жыныс кынына же жатынынын керектүү жерине жеткирилет, жыйынтыгында аялдын жумурткалыгы эркектин уруктугун табигый түрдө «кучак жайып» тосуп алып, чаңдашып, жатындын ичинде түйүлдүк жаралат. Дегинкиси жыныстык алака болбогону менен, жыныстык алака болгондой эле таризде аялдын боюна бүтөт. Бул ыкма эркектин бел суусу жарым жартылай «актай» болуп, жыныстык алака учурунда, керектүү жерге «чуркап жете албаган» учурда колдонот. Маселенин талуу жери эркекте болот.

2. Никелүү жубайлардын эркегинин уруктугу толук «актай» болуп «тукумсуздук» сыноосу тагдырына жазылган болсо, башка эле жат (никесиз) эркектин уруктугун (сатып, же сурап) алып, актай эркектин никесиндеги аялдын жатынынын керектүү жерине жеткирүү. Бул ыкма да жыныстык алака болбогону менен, жыныстык алака болгондой эле таризде аялдын боюна бүтөт. Маселенин талуу жери эркекте болот.

3. Никелүү эркектин уруктугу, никесиндеги аялынын жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке салынып, ошол идиштин ичинде чаңдашып, бири-бирине жакшылап «көнүгүшкөндөн» кийин, жумурткалыктын ээси болгон никесиндеги аялынын жатынына жеткирилет. Жатындын ичинде табигый ээн-эркин өсүп чоңоёт. Бул ыкма аялдын жатыны менен жумурткалыгынын ортосу тосулуп калгандыгын себебинен тукумсуздук болуп калган абалда колдонулат. Маселенин талуу жери аялда болот.

4. Никелүү эркектин уруктугу алынып, жат (никесиндеги эмес) аялдын жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке салынып, ошол идиштин ичинде чаңдашып, бири-бирине жакшылап «көнүгүшкөндөн» кийин, никесиндиги «жупту адал» аялынын жатынына жеткирилет. Жатындын ичинде өсүп-чоңоёт бала болчу түйүлдүк. Бул ыкма аялдын жумурткалыгы жарамсыз болуп, бирок жатыны баланы өстүргөнгө жарактуу болгон учурда колдонулат. Маселенин талуу жери аялда болот.

5. Жат эркектин уруктугу алынып, жат аялдын жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке салынып, ошол идиштин ичинде чаңдашып, даяр болгон түйүлдүктүн уюткусу, башка эле аялдын жатынына жеткирилет. Бул ыкма аялдын жумурткалыгы жарамсыз болуп, бирок жатыны баланы өстүргөнгө жарактуу болсо, ошол эле учурда эркек дагы толук «актай уруксуз» болсо, экөө тең ошого карабастан балалуу болууну каалашкан учурда колдонулат. Маселенин талуу жери жубайлардын экөөндө тең болот.

6. Никелүү эркектин уруктугу менен никесиндеги «жупту адал» аялынын жумурткалыгы алынып, идишке салынып, чаңдаштырылып, андан соң жат аялдын (никесиндеги эмес) жатынына жеткирилет. Бул ыкма аялдын жатыны баланы өстүрүүгө жарамсыз болуп, бирок жумуркалыгы жарамдуу болгон шартта, же аял кайсы бир «ырысы жок, таалайы тайкы» себептер менен төрөөнү каалабаган учурда колдонулат. Маселенин талуу жери аялда болот.

7. Алтынчы ыкманын дал өзү, бирок бир гана айырмасы жат аялдын эмес, никелүү эркектин башка бир никелүү аялынын жатынына салынып, ал аял күндөшүнө төрөп берет. Аруу шариятыбызда бир эркек бир эле мезгилде бирден төрткө чейин аял алууга укуктуу эмеспи, албетте эптей ала турган болсо. А бирок эптегендер сейректешкен доордо жашап калбадыкпы…?

Жалпы өкүмдөр:

1. Шарият эрежелеринин негизинде аялзаты денесинин аврет деп эсептелген аялуу жерлерин, чоочун, жат эркекке көрсөтүүсүнө тыюу салынат. Шарият зарылчылык бар деген учурларда гана, шарият эрежелеринин негизинде көрсөтсө болот.

2. Аялзаты оорулуу болуп, даарыланууга муктаждык жаралганда, зарылчылык бар деп билинип, күйөөсүнөн башка адамга аврет жерин керектүү өлчөмдө көрсөтсө болот.

3. Дарыгердин мусулман аял болуусу эң жакшы. Андан кийин мусулман эмес дарыгер аял, андан соң мусулман эркек дарыгер, акырында мусулман эмес эркек дарыгер тартиби боюнча келет.

Жасалма уруктандыруунун өкүмдөрү:

1. Төрөөгө жарамсыз аялзатынын муктаждыгы, жолдошунун балалуу болууга болгон муктаждыгы шарият тараптан зарылчылык деп бааланат. Жасалма уруктандыруунун уруксат берилген (мубах) түрү менен мүшкүлдү (проблеманы) чечишсе болот.

2. Биринчи ыкма: Никелүү эркектин уруктугу алынып, никесиндеги аялынын жыныс кынына же жатынынын керектүү жерине жеткирилет, жыйынтыгында аялдын жумурткалыгы эркектин уруктугун табигый түрдө «кучак жайып» тосуп алып, чаңдашып, жатындын ичинде түйүлдүк жараларга баш коёт. Дегинкиси жыныстык алака болбогону менен, жыныстык алака болгондой эле таризде аялдын боюна бүтөт. Бул ыкма жогорудагы шарттар аркылуу уруксат берилген ыкма деп эсептелет.

3. Үчүнчү ыкма: Никелүү эркектин уруктугу, никесиндеги аялынын жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке салынып, ошол идиштин ичинде чаңдашып, бири-бирине жакшылап «көнүгүшкөндөн» кийин, жумурткалыктын ээси болгон никесиндеги аялынын жатынына жеткирилет. Жатындын ичинде табигый ээн-эркин өсүп чоңоёт түйүлдүк. Бул ыкма да кандайдыр бир деңгээлде уруксат берилген ыкма болуп, өтө жогорку муктаждык пайда болгондо уруксат берилет.

4. Жетинчи ыкма: Никелүү эркектин уруктугу менен никесиндеги «жупту адал» аялынын жумурткалыгы алынып, идишке салынып, чаңдаштырылып, андан соң никелүү эркектин башка бир никелүү аялынын жатынына салынып, ал аял күндөшүнө төрөп берет. Бул да уруксат берилген ыкмалардын катарын толуктайт. Бирок аялдын жатынына чаңдашкан уруктук салынгандан кийин, урук ээси болгон күйөөсү менен төрөгөнгө чейин жыныстык байланышта болбоосу шарт кылынат. Кайсы аялдын жумурткалыгынан бала пайда болгондугун тактоо максатында. Баланын эне тарабынан теги так болуусу да милдеттүү эмеспи.

5. Жогоруда уруксат берилген үч ыкманын баарында, баланын теги уруктук ээси болгон никелүү эркек менен жумурткалыктын ээси болгон никедеги адалжупту аялга таандык болуп, экөөнүн перзенти деп табылат. Мурас жана башка өкүмдөр кадимкидей ишке ашат. Ал эми жетинчи ыкмадагы күндөшүнө төрөп берген аял, эмчек эненин өкүмүн алат.

6. Ал эми калган төрт ыкма ислам шариятында арам деп эсептелип, олуттуу түрдө тыюу салынат. Себеби уруктук жана жумурткалык жубайлардыкы эмес. Же экөөнүн бириники эмес. Ошондой эле жатынын ижарага берген аял да уруктук менен жумурткалыктын ээси болгон жубайларга жат, чоочун адам.

Эгерде табигый жол менен бала болуу насиби жазылбаган болсо, Алланын жазган тагдырына моюн сунуп, ынтымакта жашап, адамзатка пайдалуу иштерди жасап жүрсө да болот. «Эмне үчүн перзенттүү болгон жоксуңар?» — деп Кудай Таалам ачууланбайт. А бирок перзенттин жок болуусу, уруш-жаңжалга, акырында ажырашууга алып келген болсо, жогоруда уруксат берилген ыкма менен аракеттенсе макул көрүлөт. Кудай Таалам эки дүйнө шерменделиктен сактаган болсун.

Чубак ажы Жалилов

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. 작년 국내 오프라인쇼핑 시장 덩치 165조원을 넘어서는 수준이다. 미국에서는 이달 30일 블랙프라이데이와 사이버먼데이로 이어지는 연말 츄잉쥬스 도매 쇼핑 계절이 기다리고 있다. 다만 올해는 글로벌 물류대란이 변수로 떠증가했다. 전 세계 공급망 차질로 주요 소매유통회사들이 제품 재고 확보에 하기 어려움을 겪고 있기 때문입니다. 어도비는 연말 시즌 미국 소매회사의 할인율이 전년보다 9%포인트(P)가량 줄어들 것으로 예상했었다.

    [url=http://www.chewingjuice.com/]츄잉쥬스[/url]

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button