Макалалар

Камчыбектин өлүмү. Ошол убакта Курманжан датканын жанында болгон адамдын баяны

Ниязбек Мамытов аттуу тарых сүйүүчү тарыхты урпактарга жеткирүү, улуттук аң-сезимди ойготуу, азыркы муунду тарыхка кызыктырууну максат кылып түрдүү тарыхый эмгектерди ар кайсы булактардан чогултуп келет. Ал саясатчылардын, этнографтардын, тарыхчылардын эмгектеринен, орто кылымдагы жана интернет булактарынан чогулткан маалыматтары, сүрөттөрү ишенимдүү дейт.

Биз өзүнүн урусаты менен Ниязбек Мамытовдун чогулткан тарыхый эмгектерин кезеги менен берип турмакчыбыз. Бул сапар Камчыбектин өлүм жазасына тартылган убакта Курманжан датканын жанында болгон жакындарынын биринин айткандарын бермекчибиз.

Керек болуп калабызбы деген эл Курманжан датканын жанынан кеткен эмес

Алайлык Акбий миңбашынын зайыбы, өзү жапалак уруусунан чыккан Тажыгүл эненин айтуусунда (ал Курманжан датканын эң жакын адамы болгон, Камчыбек дарга асылаарда он беш күндөй анын жанында болгон) Камчыбекти дарга асуу боюнча өкүм чыккандан кийин эл тынбай чубап келип датканын абалынан кабар алып турушкан. Анын кайгысын жеңилдетүүгө болгон жардамын берүүгө ар бири даяр эле, Төлөйкөн, Жапалак уруусунун өкүлдөрү дээрлик баары ушул он беш күндө керек болуп калабызбы деп үйлөрүнө да кеткен эмес.

Ошол кезде 84 жашка таяп калган Курманжан датка өзүнө гана бүткөн эбегейсиз сабырдуулуктун, чыдамкайлыктын касиети менен өзүн кармай билген. Анда кайгынын, акыл эстен тануунун эч белгиси болгон эмес, баарын укмуштай сабырдуулук менен ичине сактап, башкаларга да үлгү болгон.

Камчыбекти бошотуп алып Алайга качыруу сунуштары өтө көп болгон, акыркы күнү эл топтолуп Курманжан датканы көндүрүүгө аябай аракет кылышкан. Алардын сөзүн угуп, аягында: “Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы? Бул күнөөсүз өлүм, шейит өлүм, ал миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калып жатат. Андан көрө баарыбыз ага жайы жаннатта болсун гана дешибиз керек”, – деп кесе айткан.

Кара кездеме менен чүмкөлгөн араба менен алып келишти

“Мына ушундай деп биздин баарыбыздын коштообузда Оштун түрмөсүнө жөнөдү. Ал жерге барсак, аскерлер да топтолгон, эл да көп экен. Абакканадан алып чыккан кадимки эки чоң дөңгөлөктүү саябан араба бүт бойдон кара кездеме менен чүмкөлүп, ага чегилген аттын жабуусу да кара чүпүрөктөн, арабанын алдында да, артында да, эки жагында да мылтыкчан солдаттар. Оштун эски шаарынын сай боюндагы аянтчасына орнотулган дарганын айлана-тегерегин бүт солдаттар ээлеген. Алардын арт жагында эсепсиз көп эл даргадан көз албай карашат, биз да датканы колтуктап дарганын так маңдайына барып жайгаштык.

Бир маалда жаңы шаар жактан түшкөн саябан араба даргага жакын келип токтоду, анын ичиндеги солдаттар кишенделген Камчыбек менен Акбалбанды арабадан түшүргөн кезде аянтчада куду аарынын уюгу сыяктанып жыкжыйма болуп турган элдин оор күрсүнүүсү нары жакта буркан-шаркан түшүп күңгүрөнгөн Ак Буура дарыясынын үнүн басып кетти.

“Ай жүзүңдүн көлөкөсү чечекейимде сүрөт болуп түбөлүккө жүрсүн!”

Даргага Камчыбек менен Акбалбанды алып чыгышты, баштарына беткап кийген албеттүү желдеттер аларды сыйыртмактын астына алпарышты.

Башын жерге салып, элге тике карабай жер тиктеп турган Камчыбекти серепчилеп көрө койгон датка:

– Эмне сүкүт чалып турасың, балам! Башыңды өйдө көтөрүп, тике карап тур, айланайын, – деп ийди.

Камчыбек ошол замат селт эте түшүп, башын көтөрдү да так оропара маңдайында турган ак элечекчен апасын көрө коюп көз ирмебей ага тигиле карап турду.

– Мына ушинт, балам, бир аз болсо да тиктеп алайын! Ай жүзүңдүн көлөкөсү чечекейимде сүрөт болуп түбөлүккө жүрсүн! Эми кош бол, өчүп бараткан чырагым! Жайың жаннатта болсун! Адамдар үчүн ак жеринен кетип баратасың. Мен сага миң мертебе ыраазымын! Кебимди эки кылбай шейит өлүмгө башыңды тосуп бердиң! Бу дүйнөдө да, оо дүйнөдө да ыраазымын кулунум. Кош, топурагың торко болсун. Оомийин аллах акбар, – деп датка колун кеңири жайып бата кылды. Аянчадагы миңдеген адамдар аны колдоп кетишти”.

Сүрөттөрдө Ош, Алай аймагынын өкүм аткарылган мезгилдеги көрүнүшү, окуяларга аралашкан Николай 2, полковник Повало-Швейковский, майор Ионов (бул майор датка менен аябай жакшы мамиледе болгон, Камчыбекти сактап калууга өтө аракет кылып генерал-губернаторго, согуш министрине кат жазган, бирок, суранычы аткарылган эмес. Орустар Камчыбекти жок кылмайын Алай, Памир тоо кыркаларына толук ээ боло албайбыз деген. Камчынын көчүн тосуу чыр чыгаруу үчүн провокация болгон, ал катышпаса да катышты деп түнү менен Оштон Дароот-Коргонго барып келип калчу боз жоргосун шылтоо кылышкан. Айтымда, бул жорго азыркы чен менен саатына 60-70 чакырым жүрчү экен. Камчыбек аны мейиз кошуп аш демдеп берип бакчу экен. Камчыбек болгону 34 жашта болгон. Анын салган коргону азыр да бар, ал азырга чейин “Камчыбек түрмөсү” деп аталат.

Back to top button