Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” — деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес болуп саналат.
Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, кандайдыр бир иш үчүн чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин, ошол күйөөсү менен үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек.
Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге дартын уктура албайт. Тыңсынып тыкыраңданганы менен эгер күйөөсүн укпаса, анда ал аял бактысыз аял дегенди билдирет.
Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө баш ийгендигинде. Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө моюн сунгандыгында. Аялдын бактысы каякта? Үйдөгү ынтымакты, кутту сактап тургандыгында болот. Ошондуктан айтаарым, карындаштарым, эжелерим, күйөөңөрдү сыйлагыла. “Жаманбы жакшыбы, аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар” — деген сөз бар.
Cиздин күйөөңүз, сиздин айыбыңызды жабып турган эриңиз, балдарыңыздын атасы болот. Сиз аны сыйлашыңыз керек. Ага баш бербей көчөгө чыгып кеткениңиз өзүңүздүн бактысыз экениңизден, өзүңүздү өзүңүз сыйлабаганыңыздан кабар берет.
Күйөөсүн сыйлаган аялды күйөөсү сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт, Күйөөсүн сыйлаган аялга Кудай Таалам ыраазы болуп, бейишине киргизет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) осуятында кимде ким беш маал намазын окуса, отуз күндүк орозосун тутса, күйөөсүнө баш ийип сыйлаган болсо, андай аялзатына Алла Таала “Бейиштин сегиз эшигинин каалаганынан кире берүүгө уруксат” – деп сүйүнчүлөгөн.
Турмушка чыккан кыз кимдин сөзүн угушу керек күйөөсүнүнбү же ата – энесининби?
Турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн сөзүн угушу керек. Ата-энеси күйөө болуп бербейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Эгер Аллахтан башкага саждага кылуу уруксат берилсе, аялдарга күйөөңөргө сажда кылгыла дээр элем”, — деп айткан.
Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин да атасынын сөзүн, апасынын сөзүн угат. Бул туура эмес. Күйөөнүн сөзүн угуу керек. Эгер күйөөң буйрук берсе, шарияттын чегинде аткаруу керек. “Чыккан кыз чийинден тышкары”, турмушка чыккандан кийин ата- энең сага кийигилишпеш керек. Ата-эне сага муктаж эмес. Эгер сен бактылуу жашап жатсаң, аларга ошо маанилүү.
Келин менен кайнене ортосунда мамиле кандай болушу керек?
Аялдар бир нерсени түшүнүүнү каалабайт. Эгер күйөөсү менен мамилеси жакшы болсо, кайненеге жакшы мамиле кылбай коюшат. Күйөөсү менен бирге болуп, аны кармап калууну каалаган аял кайненеге жакшы мамиле кылышы керек. Ага дайыма кошомат кылып, жолуп табыш керек.
Ар дайым айтып жүргөнүмдөй эле, чачын өрүп, тырмактарын алып, кирлерин жууп, мончого түшүрүш керек. Бул нерсени айтсам, бир аял мага ”Ушунун барын каяктан билип алдың” – деп ыйламсырады. Шарият бизди ушуга үйрөтөт.
Негизи кайненеге кызмат кылуу милдет эмес. Ислам аны буйрубайт. Бирок аны инсаният буйруйт. Имам Сарахсинин жакшы бир эмгеги бар, анда: “Эгер аялың тамак бышырбай, кириңди жуубай койсо, сен аны милдеттүү кыла албайсың, бирок сен да үйгө бал-кант алып келбей эле, кара нан алып келип кой. Анткени ошону менен да тойсо болот. Ал милдетин аткарса, сен дагы милдетиңди аткарышың керек”. Бул сөз жубайлар ортосунда ынтымак болуусу керек дегенди билдирет.
Келиндер кызмат кылыш керек. Себеби ушул учурда үй- бүлө сакталат деген маани. Ошол үчүн кайненени жакшы көрүү керек. Эгер кайненесин апасынан көбүрөөк жакшы көргөн болсо, күйөөсүн ошону менен байлаган болуп эсептелет. Күйөөнү кармап калуу – чоң чеберчилик.
Түлкүнүн бир сөзү бар экен, “Менин миң айла амалым бар. Эң эле жакшысы — көрүнбөгөнүм”. Анын сыңарындай аялдардын күйөөсүн кармап калуунун эң эле жакшы айласынын бирөөсү – кайненени жакшы көрүү болуп саналат. Кошомат кылыш керек, жагыныш керек. Эртең өзү да кайнене болот. “Кайнененин камырынан ” деген сөз айланып келип ага калат. Келиндер кайненеге кандай мамиле кылса, ошондой эле мамилени кийин, кайнене болгондо өз келининен көрөт, сөзсүз.