МакалаларТаасирдүү окуяларТурмуш таалимдери

Көгүлтүр көздөр

Мисирлик Сузи Мазхар аттуу аял жыйырма жылдан бери аялдарга туура жол көрсөтүп жүргөн мыкты дааватчы. Дааватчы дегенибиз, анын себеби менен жүздөгөн аялдар туура жолго түшүп, мусулман болгон. Ал эми, анын өзү бул жолго кантип кирип калганын, өз оозунан укканыбыз жакшыраак болор:

Мен Университеттин журналистика факультетин бүтүргөн элем. Убактымдын көбүн театрда, концерттерде өткөрчүмүн. Чоң атамдын колунда чоңойгондуктан эрке да болчумун. Мал-дүнүйө мага жетиштүү эле. Мен эч нерседен коркпойт элем, бир гана электр тогунан катуу коркчумун. Атым мусулман болгон менен, мусулманчылыктан кабарым жок эле. Бирок, кээде кылган күнөөлөрүм себептүү, Аллах мени да ток урдуруп, күйгүзүп жиберсечи деп ойлоп коркуп кетчүмүн. Анан менин коркуумду таттуу уйку, же кезектеги концерт жууп жок кылчу. Менин дагы бир жаман адатым, дене-мүчөлөрүмдү башкаларга көрсөтүп, аларды суктандырууну жакшы көрчүмүн. Кыкасын айтканда, менин жаштыгым күнөө деп аталган жаман иштердин кучагында өттү. Анан турмушка чыктым. Күйөөм да мал-дүнүйөлүү адам эле. Экөөбүз «бал айын» өткөрүү үчүн Парижге учуп келдик. Күндүзү шаар кыдырабыз, кечинде түнкү клубтар. Күндөр өтүп жатты. Бир күнү Париждеги чоң мечитти көрүп калдым. Эсиме бир окуя түштү. Бир жолу Ватиканда болгон элем. Рим папасынын музейине кирүү үчүн барсам, күзөтчү колума чоң кара халатты карматып, ушуну кийсең гана кирүүгө уруксат деген болчу. Биз: «булар туура эмес, эскирген» – деген сыяктуу сөздөрдү айткан дин ээлери, өз кадыр-баркын ушинтип сакташат. Биз мусулмандар, эмне кылып жүрөбүз»- деген ой пайда болгон ошондо.

Узун көйнөк, жоолук сатып алып кийиндим да, мечитке кирип чыктым. Мечиттен чыгып жоолугумду чечип сумкама салып жатсам, бирөө келип акырын колумдан кармады. Карасам, көгүлтүр көздүү (мен бул көздөрдү өмүрү унутпаймын) француз кыз туруптур. Кыздын башында жоолук, үстүндө узун көйнөк. Ал мага күлүмсүрөй карады да, кулагыма жакын келип:

– Эже, Жаратуучуңуздун буйругу болгон жоолукту эмне үчүн сумкаңызга салып жатасыз? – деди, шыбырады. Ооба, ал менин кулагыма өтө назик жана акырын үнү менен шыбырады. Бирок, бул үн мен уккан үндөрдүн эң катуусу болду. Бул үн менин кулагыма гана кирип тим болгон жок. Бул үн менин жүрөгүмдүн тээ түбүнө барып сайылгандай болду. Эмне сөз айтарымды да, эмне жумуш кыларымды да билбей калдым.

Кыз менин колумдан кармап:

– «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок» деп келме айтасызбы, ушул айткан сөзүңүзгө түшүнөсүзбү? – деп сурады. Жооп бере албадым.

Ооба, мен атабабамдан бери ушул келменин үстүндө жашап келген элдин кулунумун. А бул кызчы?

Кечээ, балким андан алдыңкы күнү эле динге киргендир. Өзүмдү анын алдында оңтойсуз сездим. Ага ырахмат айтып, кетүүгө шаштым.

Ал мага баягы эле көгүлтүр көздөрү менен жалооруй карап:

– Эже, амал кылуу менен динге жардам бериңиз, – деди. Анын үнү баягыдай эле назик жана акырын чыкты.

Мейманканга келдим. Өзүмдү жаман сезип жатканымды күйөөмө билдирип, Каирге кайттык. Ошол күндөн баштап Исламга тиешелүү китептерди окуй баштадым. Куранды, Куран тафсилерин бир канча жолу окуп чыктым. Жүрөгүм ачылды. Мурдагы бекер өткөргөн күндөрүмө өкүнчү бодум. Күйөөм, алгач мага каршы болду. Мурдагыдай эле оюн-күлкүлүү жашоо менен жашоону каалап жүрдү. Акырында, Аллах ага да туура жол көрсөттү. Азыр ал менден да өткөн дааватчы болду. Мен болсо ошол күндөн бери аялдарга Ислам таалимин үйрөтүп келем. Ар дайым аялдарга кийим тууралуу айткан учурда, көзүмө көгүлтүр көздүү Франсуз кызы элестейт да, кулагыма анын назик үнү угулгансыйт.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

2 thoughts on “Көгүлтүр көздөр”

  1. Ислам жолун тандайт элем демекчи элем.Мен ушундай окуялардан абдан таасирленем сизге чон рахмат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close