КӨЗ ТИЙБЕСИН

Нуркамил Абдуллаев
2 Min Read

Дүйнөнүн эшиги бизге, биздин эшик дүйнөгө ачылып турган мезгил. Бир жакын санаалашыбыз менен алыскы өлкөдө сапардабыз. Баарлашуубу зда соода-сатык менен алектенүү керектигин айтып калды.
-Болбойт- дедим чын дилимден ага.
-Эмнеге? Пайгамбарыбыз соода кылгыла, байыгыла деген го.
Анын бул хадисти кайсы бир соодагерден укканына ишенип турдум. Мен ага чындап эле болбойт дегенимдин себеби бар эле.
-Соода аябай назик нерсе. Анын үстүнө адалдыкты , тазалыкты талап кылган иш. А сиз ичесиз- дедим ага акырын.
-Эмне-е? Башка соодагерлер ичишпейпи?- деп нараазычылыгын билдирди ал мага.
Мен өзүм билген соодегерлердин аттарын ага санап бердим. Айрымдарын ал тааныйыт болчу. Аты аталгандардан дээрлик көпчүлүгү бир дүркүрөп барып эле, анан аты-жыты жок болушуп, банкрот болушкандар эле. Ал менин сөздөрүмө акыл калчап ойлонуп калды. Бир саамдан кийин:
-Ичкиликти таштоого аябай урундум. Бирок, натыйжа чыкпай жатат-деп күбүрөндү.
-Кудайдага астейдил тооба кылыбагансызда-дедим мен да жөн турбай.
-Астейдил тооба кылганы кандай болот?
-Тооба кылгандан сон. Ичкиликти кармамак турсун жанына да жолобойт. Болду. Калганы кудайдын колунда. Иш жүрүшө берет. Кебибиз ушул жерден башка нукка бурулду.
Ошондон бир топ убакыттан кийин сапарлашым менен бирге Жума намазына бардык. Муну караныз, ошол күнү мечитибиздин имамы билгендей соода жана соодегерлер туурасында соонун баян жасады.Замандашымдын көзү ачылгандай кайра-кайра башын чайкайт. Менин ага туура жол көрсөткөнүмө ишенди чамасы.
Укканыма караганда азыр ал кишинин соодасы жүрүшүп кетиптир. Ошондой эле болсун. Ылайым көз тийбесин

Эркин МАЛИК

Которгон: Нуркамил Абдуллаев.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Автор

  • Нуркамил Абдуллаев

    Абдуллаев Нуркамил Баатырбаевич. 1976-жылы Ош областынын Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылында туулган. Билими жогорку. Ош гуманитрадык педагогикалык институнун тарых факультетин аяктаган. Ош областтык мугалимдеринин «Билим булагы» жана Ош областтык «Ош жаңырыгы» газеталарында эмгектенген. Учурда Ноокат райондук «Ноокат таңы» газетасынын башкы редактору болуп эмгектенүүдө. Анын бир топ аңгемелери жана публицисттикалык макалалары республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.

    View all posts

[ruby_related total=5 layout=5]

[ruby_static_newsletter]
Абдуллаев Нуркамил Баатырбаевич. 1976-жылы Ош областынын Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылында туулган. Билими жогорку. Ош гуманитрадык педагогикалык институнун тарых факультетин аяктаган. Ош областтык мугалимдеринин «Билим булагы» жана Ош областтык «Ош жаңырыгы» газеталарында эмгектенген. Учурда Ноокат райондук «Ноокат таңы» газетасынын башкы редактору болуп эмгектенүүдө. Анын бир топ аңгемелери жана публицисттикалык макалалары республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.
Пикир калтырыңыз