Ден-соолукПайдалуу кеңештер

КӨГӨРГӨН НАНДЫН ПАЙДАСЫ

Осмон империясынын эң көп убакыт, тагыраагы 45 жыл башкарган падышаны билесизби? 

Тактыдагы өмүрүнүн 44 жылын ат үстүндө жана казаттарда өткөзгөн бул падышанын аты Кануни Султан Сулайман. Ал ар дайым согушка аттанаар алдында дыкаттык менен даярданчу. Согуш учурунда аскерлер түрдүү жугуштуу (инфекциялык) ооруларга чалдыкканынан улам, падыша дарыгерлер менен мунун алдын алуу үчүн кеңешип турчу.

Күндөрдүн биринде шыпаачылар күчтүү бир дары тапканын айтышат. Султанга да жаккан бул дары пенициллин эле. Дароо сарайдагы ашпозчуларга буйрук келип, мындан ары аскерлер күн сайын көгөргөн сыр жана көгөргөн нан жей башташкан. Ооба, туура эле окуп жатасыз, көгөргөн нан. Демек бизге чейинкилер дал ушул ыкма менен жугуштуу ооруларга каршы “эмделген”. Көгөргөн сырдын жана нандын ичиндеги пробиотикалык бактериялар ашказандагы флораны кубаттап, ички органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртат экен.

 

Согушуу адам баласынан эбегейсиз күчтү, чыдамкайлыкты жана сабырды талап кылат эмеспи. Ден соолугу начар адамдар согуш учурунда бир топ эле кыйналат. Ал эми мындан беш кылым мурдагы шарттарды эске алганда, аскерлер орточо эки жыл өмүрүн согушуп өткөзчү экен. Душман менен согушчу майданга алты ай жөө жүрүп жетсе, жеңген соң кайра алты айда кайтышчу. Жердеги топурактын тозуп асманга көтөрүлүүсү, ажаткана жана мончонун жоктугу үстөккө-босток болуп, душмандын көптөгөн аскери эч кандай жаракат албай эле, жугуштуу оорулардын айынан кыйрап калган заманда жашашчу. Бирок Осмон аскерлери бул ооруларга көп чалдыкпастан, ооруса да бат айыгаар эле. Көпчүлүк учурда жөнөкөй эле грипп сымал өтүп кетчү. Анткени күнүмдүк рационунда көгөргөн сыр менен нан бар болчу. Кандай гана сонун жана жеткиликтүү дары таап алышкан. Колдонуу убагы өтүп кетпеген же айныбаган бир продукция. Тескерисинче күн өткөн сайын көгөргөнү ого бетер көбөйгөн бир азык. Ар бир эле адам бул азыкты үй шартында өндүрө алат. Керек болсо аны өндүрүү үчүн аракет эмес, көпчүлүк учурда аракетсиздик жана жалкоолук себеп болгон.

Организмдеги оорулардын 70% ашказандагы микрофлоранын бузулуусунан улам пайда болгону көпчүлүккө маалым. Ашказандагы бул абалды төмөнкү азыктар турукташтырат: көгөргөн сыр же нан, кефир (айран), ачыткыга бышырылган ун азыктары, үй шартында жасалган йогурт.

Жылдар өтүп, мусулмандарды согуш талаасында жеңе албаган душмандарыбыз, эми мынтип жеген азыктарыбызды алмаштыруу аркылуу жеңишке жетип жатат. Жети жаштан жетимиш жашка чейинкилердин баары оорукчан, жума күнү ар бир мечиттин алдында операцияга тыйын чогулткан ондогон адамдар.

Кайрадан мурункудай сак-саламаттуу болуу жана имунитетти жогорулатуу үчүн айылдагы азык-түлүктөргө басым жасоо мезгили келди. Ошондуктан KFC жеп 1000 сом берген соң,Ош базарындагы бир дыйкандын помидорун арзандатуусун сурануубуз ынсапсыздык болуп калат. Өмүрүндө помидор өстүрбөгөн адам анын машакатын билбейт. Жеген тамагыбызга өтө кылдат мамиле кылуубуз шарт. Мода, тоюмдуу деп эле көрүнгөн фаст-фудду сугуна берип, кийин кымбат операция үчүн элден ыйлап акча сурап калбайлы. Ден соолугуңуз үчүн акча аясаңыз, көп өтпөстөн эле андан 2-3 эсе көп акчаны дары-дармекке жумшайсыз, бирок ошондо да мурунку ден соолук кайра толук калыбына келбейт.

Кыяматка аз калган азыркы учурда эң эле күчтүү курал бул жакшы амал кылуу жана таза нерселер менен азыктануу. Ошол амалдын кабыл болуусу үчүн да таза жана адал азык менен тамактануу зарыл. Эч кандай химикат аралашпай, табигый шартта өскөн азык тапсаңыз, алтын тапкандай эле сүйүнүңүз.

Анткени учурдагы классикалык медицина өкүлдөрү англиялык микробиолог Александр Флеминг 1928-жылы пенициллинди тапканда, алтын тапкандай эле сүйүнүшкөн. Ал эми биздин ата-бабаларыбыз муну 4-5 кылым мурун эле колдонуп жүрүшкөн экен. Эски адамдар эмнени жесе, биз деле ошону жегенге аракет кылалы. Анткени алар ата-бабалардын миңдеген жылдык тажрыйбасынын негизинде пайдаланып келишкен.

Back to top button