alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларПайдалуу кеңештер

КҮН САЙЫН КУРАНДЫН ҮЧТӨН БИР БӨЛҮГҮН ОКУУНУ КААЛАЙТ БЕЛЕҢИЗ?!

КҮН САЙЫН КУРАНДЫН ҮЧТӨН БИР БӨЛҮГҮН ОКУУНУ КААЛАЙТ БЕЛЕҢИЗ?!

Аллах Таалам сооптордун казынасын сүйүктүү кулдары үчүн төгүп салган дейсиз , болгону ал эшиктердин ачуунун жолун билбей чыгаарсыз. Анда сиз ошол сооптор төгүлгөн казынанын ачкычы сиздин колуңузда экенине ишене бериңиз. Анткени бул ачкычтын аты «Ихлас сүрөсү «. Бул сүрөнү намаз окубаганда, окуган да, жаш балдардан, кары аталарыбызга чейин билээри анык. Болгону аны кандай, качан, кайсы убакта , катип окуунун жолдорун үйрөнүп , сообун Аллахтан үмүт кылып дуба кылсак ин ша Аллах Бейиштин сарайларында бирге болобуз!

Абу Саиьд ( Аллах андан ыраа- зы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары- на айтты: «Силер күн сайын кечинде Курандан үч- төн бир бөлүгүн окуй албайсыңарбы?» Алар: «О, Аллахтын Элчиси! Андай кылууга эч кимдин күчү жетпейт го?» — дешти. Ошондо пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Кул хуваллооху ахад — Курандын үчтөн бири” — деп жооп берди. (Имам Бухарин). Анткени, Курандын негизги макса- ты үчкө бөлүнөт:
□ Аллахтын жалгыздыгы жана Ага болгон ишеним
□ Куранда келген окуялардан үлгү, өр- нөк алуу
□ Шариаттагы адал, арам ж.б. өкүмдөр

«Он жолу Ихласты окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [И. Ахмед]

«Жатаар алдында жүз жолу Ихлас окуган адам Бейишке кирет.” [Тирмизи]

«Багымдат намазынан кийин 11 жолу Ихлас окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [Хараити]

«Багымдат намазынан кийин 12 жолу Ихлас окуган адам Курани каримди төрт жолу хатмкылгандын сообун алат.” [Баззар]

«Эртең менен жана кечинде үч жолу Ихлас жана Муаввизатайнды (Фалак менен Нас сүрөлөрүн) окуу балээ жана кыйынчылыктардан коргойт.” [Тирмизи]

«Үйүнө кирип жатып Ихласты окуган адам кедейлик көрбөйт.” [Т. Куртуби]

«Ихласты окуган мусулманга Бейиш важип болот.” [Насаи]

«Бир адам сапарга чыгып жатып 11 жолу Ихлас окуса Аллаху таала сапардан кайтып келгенге чейин анын үйүн коргойт.” [И. Нажжар]

«Арафа күнү [Бисмиллах менен] миң жолу Ихласты окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубасы кабыл болот.” [Абу-ш-шайх]

«Миң жолу Ихлас окуган адам өзүн Аллаху тааладан сатып алган болот.” [Рафии]

«Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана Муаввизатайнды окуган адам бир жума кырсыктардан, балээлерден жана жамандыктардан коргонот.” [Ибни Сунни]

«Жатаар алдында Фатиха жана Ихлас окуган адам өлүмдөн башка бардын нерсенин зыянынан коргонгон болот.” [Ибни Абдилбар]

«Ушул үч нерсе кимде болсо Бейишке каалаган эшиктен кирет: Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамын кечирип өлгөн адам.” [Барика]

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. 의정부 비발치 교정 원장 박**씨는 ‘어금니 5개, 앞니 6개가 가장 우선해서 자라는 8~20세 시기에 영구치를 교정해야 추가로 자라는 영구치가 널널한 공간을 가지고 가지런하게 자랄 수 있다’며 ‘프로모션을 통해 자녀들의 치아 상황를 확인해보길 바란다’고 말했다.

    [url=https://xn--vb0b6fl47b8ij90aca533i.com/]의정부 교정치과[/url]

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button