Макалалар

Исламдагы «плюрализм» түшүнүгү.

Коомдогу көп маданияттуулукту жана көп диндүүлүлүктү/ишенимдүүлүктү түшүндүргөн «плюрализм» деген бир термин бар. Бул термин биздин коомго жат болгону менен учурда таанымал эле болуп баратат. Плюрализм Батыштын термини. Бул термин бизге НПОлор аркылуу таанымал болду. Ошондой эле буга чейин мектептерде дин маданиятынын тарыхы деген сабакты окутуу да плюрализмдин түшүмү десек болот…

Ислам тарыхын негиз алып айта турган болсок, мусулмандар жашаган аймакта башка диндин өкүлдөрү болгон. Ислам дини бутпарастыктан башка ишенимдерге жашоо укугун берген. Мусулмандар бутпарастыкка да Индияда жашоо укугун берген. Исламдан башка динди тутунгандардын өкүлдөрү мусулмандар эгемендик кылган аймакта жашаганы үчүн салык төлөгөн. Алар салык төлөгөнү үчүн аскердик кызматтан бошотулган. Тарыхта мусулмандар күчтүү болуп турган кезде башка диндерди жоготуу боюнча план болгондо, учурда иудаизм, зороастризм, индуизм, жайнизм, сихизм, мандеизм, христианчылыктын агымдарынан православдар, несториандар, коптилер, армяндар, марониттер тарых бетинен таптакыр жоголуп кетмек. Аталган диндер учурда деле бар болгонуна караганда, демек мусулмандар аларга жашоо укугун берген. Плюрализм деген терминди мусулмандардан да жакшы түшүнгөн коом болбошу керек…

Ал эми Кыргызстандын аймагында ислам динин тутунгандардан кийин эле христианчылыкты тутунгандар көпчүлүктү түзөт. Бирок, мусулмандарга караганда алардын көрсөткүчү өтө эле аз болуп калат. Христиандардан кийин аз санда буддизм жана иудаизмди тутунгандар бар. Христианчылыктын Орус православ чиркөөсү менен Рим католик чиркөөсү жана көптөгөн протестанттык, же болбосо реформисттик агымдар деп аталган майда-барат жамааттар бар. Протестанттык, же болбосо реформисттик агымдардан баптисттер, адвентисттер, харизматтар, пентакосталисттер, жахаба күбөлөрү жана башка өз алдынча аталышка ээ болгон диний уюмдар иш алып барат. Аталгандардын баарын коом таанып билүүгө милдеттүү…

Биздин коомдогу диний проблемалардын дээрлик бардыгы башка диндерди тааныбагандыктан эмес, ислам динин ар кандай түшүнгөндүктөн келип чыгып атат. Анда мектептеги дин сабагына ислам темасын көп бөлүү керек. Ал эми ислам темасын ханафий-матуридий багыты боюнча окутуу керек. Ханафий-матуридий багытын салттуу ислам деп атап коюшту. Алар ханафий-матуридий аталышын билбегендиктен аны салттуу ислам деп коюшту окшойт. Салттуу исламдын ордуна ханафий-матуридий аталышын эле колдонушканда мынчалык проблема чыкмак эмес…

Акыркы диний кырдаал салт менен динди карама-каршы кылып койду. Салтты карманган тарап динди кармандандарды күнөөлөсө, динди карманган тарап салтты кармандандарды күнөөлөйт. Салтты кармангандар деле мусулмандын баласы. Ушу убакка чейин ата-бабабыз салт менен динди жуурулуштуруп эле жашап келди, эми эле силер кайдан чыктыңар дейт. Алардын койгон кинесинде жан бар. Чындыгында салт менен дин карама-каршы абалга келип калды. Буга не себеп болду?..

Диндин маңызына карама-каршы келбеген жергиликтүү салттарга ислам кийлигишпейт. Анын натыйжасында ислам дини жайылган аймактарда ислам дини менен жуурулушкан салттар пайда болгон. Чет өлкөгө дин илимин үйрөнгөнү баргандар ислам менен жуурулушкан жергиликтүү салттарды да Кыргызстанга алып келишет. Алар алып келген чет элдин салттары менен жергиликтүү салттар кагылышып атат. Мен да мусулманмын деп эле диний абалга каршы чыга бергендерге ушул жактан да көз салып көрөлү…

Back to top button