Макалалар

Исламда өзүн-өзү өлтүрүүнүн өкүмү

Ислам шариаты инсан өмүрүн коргоо максатында өзүн-өзү өлтүрүүнү (өз жанына кол салууну) арам кылган.

Өмүр Аллах тарабынан берилген акы болгондугунан аны эч ким бирөөгө милдет дагы кыла албайт, тыюу да сала албайт. Инсандын жанын бир гана Аллах Таала гана алууга акылуу. Жадагалса ошол жашоо берилген кишинин өзү дагы өз өмүрүнө кол сала албайт. Исламда бирөөнү өлтүрүү канчалык жаман деп айтылган болсо, өзүн-өзү өлтүрүү даг ошончолук жаман деп айтылган.

Аллах Таала “Ниса” сүрөөсүндө ушундай деп маалым кылат:

وَلَا تَقْتُلُوا أَنفُسَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا (29) وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ عُدْوَانًا وَظُلْمًا فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَارًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا (30)

“Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Аллах силерге Мээримдүү. Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна таштайбыз. Мындай кылуу – Аллах үчүн жеңил!” (29-30-аяттар).

Акыретте болсун, бул дүйнөдө болсун, жаза басып, кырсыкка кабылбагыла!
Ал Зат биз момун-мусулмандарга Мээрим көрсөткөнү үчүн кырсыкка алып баруучу иштерден, атайын, өзүн-өзү өлтүрүүдөн кайтарып, ийгиликке себепчи боло турган иштерге буюрууда. Бул абал Аллахтын Мээримдүү экендигинен. Эгер Ал Мээрим кылып, туура жолду көрсөтүп бербегенде, туура эмесинен кайтарбаганда, инсан заты чоң машакат-кыйынчылыкта калган болот эле.

Өз жанына кол салуу Пайгамбар саллаллоху алайхи васалламдын хадистеринде да катуу караланган.

عَنْ أَبي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ: (مَنْ تَرَدَّى مِنْ جَبَلٍ فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَهُوَ في نَارِ جَهَنَّمَ يَتَرَدَّى فِيهِ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيها أَبَدًا، وَمَنْ تَحَسَّى سُمًّا فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَسُمُّهُ في يَدِهِ يَتَحَسَّاهُ في نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فيها أَبَدًا، وَمَنْ قَتَلَ نَفْسَهُ بِحَديدَةٍ فَحَدِيدَتُهُ في يَدِهِ يَجَأُ بِها في بَطْنِهِ في نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيها أَبَدًا مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ

Абу Хурайра разияллаху анхудан риваят кылынат:

“Пайгамбар саллаллоху алайхи васаллам:

“Ким тоодон таштап, өзүн-өзү өлтүрсө, ал тозок отунда түбөлүк өзүн тоодон таштап турат. Ким уу ичип, өзүн-өзү өлтүргөн болсо, ал тозок отунда ууну колунда туткан абалында түбөлүк (уу) ичип турат. Ким өзүн-өзү темир нерсе менен өлтүргөн болсо тозок отунда ошол темирди колунда туткан абалда түбөлүк ошол темирди курсагына сайып турат”, -деди.”
Имам Бухарий жана имам Муслим риваяты.

Ушул хадистен бир гана башка бирөөнү эмес, балким өзүн-өзү өлтүрүү дагы мүмкүн эместиги келип чыгат. Исламда инсандын жаны жекече кадыр баркка ээ. Ал жан кандай жан болуусунун айырмасы жок. Ар бир инсан жашоо акысына ээ. Инсанды бул укутан эч ким ажырата албайт.

Ошондуктан инсан өзүн-өзү өлтүрүүсү да мүмкүн эмес. Себеби эч бир инсан бирөөгө жан жаратып бере албагандай, өзүнө-өзү да жан жаратып ала албайт. Ага жанды бир гана Аллах Таала гана берет. Ошондуктан андан жанды Аллах Таала гана алат. Бул табигый абалда же Аллахтын шариятында көрсөтүлгөн өкүмгө ылайык болуусу мүмкүн.

Мусулман инсан башынан ар канча кыйынчылык өтсө да, куду бирөөнү өлтүрүү мүмкүн болбогондой, өзүн-өзү өлтүрүү да мүмкүн эмес. Бул шүгүр кылбастык жана Аллахка карата адепсиздик болот. Ошондуктан бул дүйнөдө өзүн өзү өлтүргөн адам акыретте жекече катуу азаптарга дуушар болот.
Ушул хадисте ошол убакыттагы өзүн өзү өлтүрүүнүн үч түрү жана кыяматта аларга бериле турган азап баян кылынган.
عَنْ جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ قَالَ : أُتِيَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِرَجُلٍ قَتَلَ نَفْسَهُ بِمَشَاقِصَ فَلَمْ يُصَلِّ عَلَيْهِ . رَوَاهُ مُسْلِمٌ. وَالمِشْقَصُ : سَهْمٌ عَرِيضٌ لَهُ طَرَفٌ حَادٌّ

Жаабир р.а.дан риваят:

“Пайгамбарыбыз с.а.в.га машаакис менен өзүн өлтүргөн адамды (жаназа окуу үчүн) алып келинди. (Пайгамбар с.а.в.) ага жаназа окуган жок”. (машаакис-курч найза).
Имам Муслим риваяты.

Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи васаллам өзүн-өзү өлтүргөнгө жаназа намазын окуган эмес. Аллах берген улуу немат – жашоо акысына, улуу адамзаттын укуктарынан болуп эсептелген жашоо акысына шүгүр кылбаган, аны тебелеген бузуку кишинин жазасы ушундай болот.
Шарият менен жуурулушкан каада-салтыбыздын негиздөөчүсү болгон ыймандуу ата-бабаларыбыз, өз урпактарын мындай ыпылас жолдон кайтарып, Кудайды таануу, Пайгамбарды сүйүү темасында насааттарын уктуруп турушкан. Элдин басымдуу бөлүгү мусулман болгондуктан, шарияттагы өзүн-өзү өлтүргөнгө жаназа намазы окулбастыгын билип, “Ээ эгерде өзүңдү өзүң өлтүрсөң жаназасыз кетет турбайсыңбы?” деп, бул ишке баруудан өздөрүн карманышкан. Анткени өлгөндө жанасыз көмүлүүнү өлүмдөн да катуу көрүшкөн. Алардын ыйманы бул ишке баруудан тоскоол болгудай деңгээлде күчтүү болчу.
Азыркы учурдагы өз жанына кол салуунун негизиги себептеринин бири, Кудайды таанып билбестик жана Пайгамбарды сүйбөстүк десек аша чапкан болбойбуз. Ооба бул жагымсыз көрүнүш көбүнесе жаштар арасында катталып жаткандыгы эч кимге сыр эмес. Ошону менен бирге ал жаштарга Кудайды таанып билүү жана Пайгамбарды сүйүү боюнча ата-энелер жетиштүү тарбия бере албай жатышат. Ата-эне деген үйдө дасторкондо олтурганда өз балдарына ыйман, сооп-күнөө темасында насааттарын уктуруп туруусу зарыл. Эгер андай тарбияны өзү бере албаса, мечиттердеги расмий имамдардан суранып, балдарына жетиштүү ыйман сабагын үйрөтүп коюуу зарыл. Эч ким өз балдарынын келечегине кайдыгер караганы болбойт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө андай ата-энелердин саны аз болуп жатат.
Өз баласын жакшы көргөндүктөн анын бүт каалоолорун аткарып беришет. Кийим-кече, түрдүү жалтыр-жултур нерселер жана уюлдук телефон, компьютерлер мына ушуларга кирет. Ошондой эле аларды өз эркине коюп, күндүз кайда жүргөндүгүнө, түнү бою эмне иштер менен алек болгондугуна кайдыгер болуп калышты.
Пайгамбар с.а.в. өз хадистеринде ата-эне өз балдарына жакшы тарбия берип туруусу жөнүндө көп осуяттарды айткан:
عَنْ أنَسِ بْنِ مَالِكٍ عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «أَكْرِمُوا أَوْلَادَكُمْ وَأَحْسِنُوا أَدَبَهُمْ. رَوَاهُ إِبْنُ مَاجَه
Анас ибну Малик р.а.дан риваят кылынат:
“Пайгамбар с.а.в:

“Перзенттериңерди урматтагыла жана алардын адебин оңдогула”, деген”.
Имам Ибну Маажа риваяты.

عَنْ جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ لَأَنْ يُؤَدِّبَ الرَّجُلُ وَلَدَهُ أَوْ أَحَدُكُمْ وَلَدَهُ خَيْرٌ لَهُ مِنْ أَنْ يَتَصَدَّقَ كُلَّ يَوْمٍ بِنِصْفِ صَاعٍ. رَوَاهُ التِّرْمِذِىُّ وَ أَحْمَدُ
Жаабир ибну Самура р.а.дан риваят кылынат:
“Пайгамбар с.а.в:

“Киши өз перзентин же силердин бирөөңөр өз перзентин адептүү кылып тарбиялоосу ага ар күнү жарым соъ (1.6 кг.) садака кылуусунан жакшыраак”, деп айтты”.
Имам Термизий жана Имам Ахмад риваяты.

عَن سَعِيدِ بْنِ الْعَاصِ عَنْ أَبِيهِ عَنْ جَدِّهِ: أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قَالَ: «مَا نَحَلَ وَالِدٌ وَلَدَهُ مِنْ نُحْلٍ أفضل من أدب حسن» رواه الترمذي
Саьд ибн Аас р.а.дан риваят:
“Пайгамбар с.а.в:

“(Эч бир) .ата-эне өз баласына жакшы адептен өткөн нерсе бере албайт”, деди”.
Имам Термизий риваяты.

Демек балдарды туура эмес, жаман жолдорго кирип кетүүсүн каалабаган ата-эне алардын тарбиясы менен жакшылап алектенсин. Жогоруда айтканыбыздай бул жаман жолдорго кирип бара жаткан жаштарыбыз, көпчүлүк учурда интернет аркылуу болуп жаткандыгы жалпыга маалым. Балдардын уюлдук телефон жана интернет менен болгон маилесин күзөтүп туруу бүгүнкү күндө ата-эненин эң чоң жоопкерликтеринен бири десек болгудай.
Балдардын интернет жана компьютерден пайдалануусун акылдуулук менен көңүл бөлүп жолго коюуу керек.
Оболу, бала ата-энеси жана чоңдордун уруксатысыз интернет жана компьютерден пайдаланбасын. Балдарды мындай учурларда кароосуз калтырган болбойт. Алар пайдаланчу шаймандар дайыма бардыгынын көз алдында туруу керек. Болбосо, көздү алаксытып, туура эмес, бузук же пайдасыз нерселерге өздөрүн уруусу мүмкүн. Балдардын интернет жана компьютерден ойночу оюндарды зээнди чарктай турган, билимине пайда бере турган, адеп- ахлакка чакыра турган болуусу зарыл. Балдардын убактсы текке кетпестиги жөнүндө да дайыма баш катыруу эстен чыкпастыгы керек.

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close