Макалалар

Ислам тууралуу кызыктуу фактылар

– Дүйнөдө 1,2 млрд ашуун мусулман жашап жатат.
– Эң көп мусулман жашаган өлкө – Индонезия. 184 млн ашуун мусулман бар.
-Европа боюнча эң көп мусулман жашаган өлкө – Албания. Калкынын 90% мусулман.
– “Мухаммад” эң кеңири тараган ысым.
– Алгебра, нөл, диван, балкон жада калса алкоголь деген сөздөр араб тилинен келип чыккан.
– Математика, химия, медицина, оптика, астрономия илимдери боюнча Оксфорд менен Кембриж университеттеринин алгачкы студенттерин, мусулман аалымдар жазып кеткен эмгектер менен окутушкан.
– Баттык Аделард (Аделард Батский) орто кылымдарда көрүнүктүү окумуштуу болуп калган. Ал өз убагында мусулман аалымдардын эмгектерин арабчадан латын тилине которгон.
– Эркек менен аялдын тең укуктуулугун Курандан даана көрүүгө болот.
– “Аль – Бакара” Куранда эң узун сүрөө болсо, “Аль – Каусар” эң кыска сүрөө болуп саналат.
– Куранда бал-эң мыкты азык, ал эми сүт-эң мыкты суусундук деп эскерилет.
– Куран 23 жылда толук жиберилген.
– Рамазан айында Курандын бир аятын окуу – башка айларда Куранды толугу менен окуп чыкканга барабар – дешет аалымдар.
– Окуп жүргөн адамга кыямат күндө Куран калкан болуп берет, ал эми окубагандарга нааразы болот.
– Ислам дини жаш экендигине карабастан тез жайылып бараткан дин.
2030 – жылы дүйнөдө Ислам №1 дин болуп калат деп болжолдошууда.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker