Макалалар

Ислам тартиби боюнча ата-энеге кандай мамиле кылуу керек?

Жакында эле Серафимовкадагы карылар үйүнө зыяратка бардык. Бул жакта ар бир улгайган ата-апалардын өзүнчө тарыхы бар экен: кээ бирөөсүнүн балдары кайтыш болуп кетсе, айрымдары жаш кездеринде өзүлөрү үй-бүлөлөрүн таштап коюшуптур. Ал эми айрымдары ден соолугуна байланыштуу бул жакка түшүп калса, башкаларын балдары таштап кетишкен. Баарынан да балдары таштап кеткен карыялардын айтып бергендерин угуу биз үчүн абдан оор болду. Алардын көздөрү кайгы-муң жана таарынычка толгон. Ал эми балдары тууралуу сөз болгондо, алар болгону “Балам аман болсун” деген сөз менен гана тим болушту. Биз алардын балдарынын ат-энелерин бул жакка алып келишине эмне себеп болгонун так билбейбиз, андыктан, аларга жалаа жаап, акыларына кирбей эле коелу. Бирок биздин милдет - Аллахтын ыраазычылыгы ата-эненин ыраазычылыгында катылганын, ал эми каары ата-эненин каарында катылганын эскертип коюу.

“Ата-энесин карыганда калтырып кеткендерге азап болсун. Алар бейишке кирбейт” (Сахих аль-Бухари).

Ыйык Курандагы көптөгөн аяттар ата-энеге сый-урмат көрсөтүү жана аларга карата жакшы мамиледе болууну талап кылат.

Аллах Таала пенделерин өзүнө кулчулук кылуудан кийин эле ата-энелерди сыйлоого буюрат.

“Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буюрду…” (Ыйык Куран,17:23)

Эскерте кетүүчү нерсе, бул аятта (арабчасында) “ихсан” сөзү колдонулган. Куранды тафсирлөөчүлөр (Курандын түшүндүрмө котомосун жасагандар) аны “жакшы мамиле” деп которушкан.

Ислам аалымы Науман Али Кхан, бул жөн гана жакшы мамиле эмес, адамдын колунан келүүчү, кудурети жете турган эң жакшы мамиле экенин баса белгилейт. Ал, ошондой эле, мындай аяттын кандай контексте колдонулганына да маани берет. “Ан-Намль” сүрөсүндө Аллах Таала пайгамбарыбыз Мухаммедге (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Ал тыюу салган иштердин тизмесин окуп берүүнү буюрган.

Айт: “Келгиле, мен силерге Эгеңердин арам кылганын окуюн: “Ага шерик кошпогула; ата-энеңерди урматтагыла; кедейчилик себептүү өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө, Биз аларга да, силерге да ырыскы беребиз; ачык да, жашыруун да бузукулук иштерге жакындабагыла; (Аллах өлтүрүүнү) тыюу салган жанды өлтүрбөгүлө! Силер ойлонууңар үчүн Ал силерге мына ушуларды насаат кылат. (Ыйык Куран, 6:151)

Бул аятта “кылбагыла” дегендердин арасында мындай да буйрук камтылган: “ата-энеңерге жакшылык кылгыла (эң мыкты деңгээлде ата-энеңерге жакшы мамиле кылгыла)”. Науман Али Кхан бул аятты түшүндүрүү менен бирге мындай дейт: Аллах ата-энеге карата жакшы мамилени тыюу салынган иштердин арасына коюу менен аларга болгон мамилеге карата минималдуу талапты койгон. Бул – эң мыкты мамиле. Ошентип, тыюу салынган иштерди жасагандардын арасында болуп калбоо үчүн биз ар дайым ата-энелерге эң мыкты таризде мамиле жасообуз керек.

“Аллах: “Мага карата эң мыкты мамиледе болгула”,- деген жок. Өзүнө карата Ал минималдуу талапты коюп жатат. Бул – Ага шерик кошпоо. Бирок ата-энеге карата Ал өтө чоң минималдуу талапты койду, бул – эң мыкты мамиле”,-дейт Науман Али Кхан өзүнүн лекциясында.

Биз ата-энелерге эң жакшы мамилени иш-аракетибизде, сөзүбүздө, сабырдуулугубузда жана башка нерселерде чагылдырышыбыз керек.

Ата-энелерибиз менен жумшак, сылык сүйлөшүп, аларга мээрим менен карообуз абзел.

“Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга “Уф-ф” дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө (Ыйык Куран, 17:23).

Ата-энелерибиз бизди кандай кыйынчылык менен өстүргөнүн унутпай, алардын түйшүгүн жеңилдетип, ар тараптуу жардам көрсөтүшүбүз зарыл.

“Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт. Аны эмизүү мөөнөтү 2 жыл. Биз буйруганбыз: “Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл. Кайтуу Мага”. (Ыйык Куран, 31:14).

Биз ата-энелерди тандабайбыз. Ата-энелер – Аллахтын кадимки пенделери, андыктан, алардын арасында ыйман келтиргендери жана келтирбегендери, туура жолдо жүргөндөрү жана күнөө кылгандары да бар. Бирок ата-энелердин кандай экенине карабай, аларга колубуздан келишинче мамиленин эң жакшысын арнап, исламга каршы келбеген бардык иште аларды угушубуз керек.

Бир күнү Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип сурашат:

“Аллах кайсы ишти баарынан жакшы көрөт?” “Өз убагында окулган намаз”, -деп жооп берди ал. “Андан кийинчи?”,- деп сурашы. “Ата-энелерге баш ийүү жана аларга жакшылык кылууга аракеттенүү”,-деп жооп берип, андан соң Ислам жолунда күрөшүү деп кошумчалады (аль-Бухари жана Муслим).

Биз, ошондой эле, ата-энебиз менен сүйлөшүп жатканда көз карашыбызды да көзөмөлдөшүбүз керек.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан: Ким ата-энесине ачуулуу караса, анда ал ата-энесине баш ийбейт” (Дарукутни).

Баланын ата-энеге болгон жакшы мамилеси алардын өлүмү менен эле аяктап калбайт; ал токтоосуз уланып турат.

Ансарлардан бир киши сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедден (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип сурады: “О, Аллахтын Элчиси, мен ата-энеме алардын көзү өтүп кеткенден кийин да, кандайдыр-бир сый-урматымды көрсөтө аламбы?” Ошондо ал: “Ооба, 4 жол менен:

  1. Аллахка алар үчүн дуба кылуу, алар үчүн кечирим суроо;
  2. Алар кимдерге убада беришсе, алардын убадаларын аткаруу;
  3. Алар кимдер менен дос, тааныш болушса аларга сый-урмат көрсөтүү;
  4. Алар аркылуу сен кимдер менен туугандык байланышта болсоң, ошол байланышты сактоо, колдоо”.

Ата-энелерибиздин бизге болгон камкордугу, сүйүүсү жана мээримин эстен чыгарбай, аларга үзгүлтүксүз дуба кылып туруубуз кажет.

“Аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып, “Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлө”,-дегин”. (Ыйык Куран, 17:24).

Жыйынтыктап айтканда, биз аларга колубуздан келишинче жакшы мамиле кылышыбыз абзел. Анткени бул жерде минималдуу талаптар эмес, максималдуу талаптар гана бар.

“Аллахтын ыраазычылыгы – ата-эненин ыраазычылыгында”. (Ат-Тирмизи).

Өзгөчө баса белгилей кетчү нерсе, сый-урмат менен камкордукту ата-энелерибизден тышкары улгайып калган туугандарыбызга, кошуна, тааныштарыбызга, өзгөчө, эгер, алар жалгыз жана ооруган абалда болушса.

Ислам бул көйгөйгө чоң маани берет, эч ким улгайган жана ооруган адамчалык көңүл бурууга жана алардын ал-ахыбалын билип, зыярат кылууга муктаж эмес. Мындай адамдарды зыярат кылып туруу, аларды коом унутпагандыгын жана алар коомдун толук кандуу мүчөсү экендигинен кабар берет. Хадистердин биринде мындай деп айтылат:

“Ак чач улгайган кишиге урмат көрсөтүү – Аллахка баш ийгендиктин белгиси”. ( Абу Дауд).

Булак
"UMMA"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close