Жаңылыктар
Ишкер: «Ихсанды» реклама кылгандар да жазасын алыш керек!
Мындай пикирин ишкер Рысгүл Акимжанова билдирди.
«Ихсанды» реклама кылгандар да жазасын алыш керек! Эл ошолорго да ишенип акчасын салды»-дейт ишкер.
Буга чейин ИИМ «Ихсан» турак жай кооперативинин жетекчиси Кылмыш кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу») менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында 11-июлда кармалганын маалымдаган.
Аталган кооперативди жарнамалагандардын катарында белгилүү блогерлер, ырчылар жана айрым диний аалымдар болгон.
Мекеменин эсебинде жарандардан келип түшкөн арыз-даттануу боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзгөн. «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин жетекчилиги бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес.