alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:54 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар

Имам Аазам: «Аллах асманда» деп айтканбы?

Бул макалада ваххабийлердин Имам Аазамга жапкан жалаасын көрсөтүп беребиз. Ваххабийлер мынтип айтышат: «Имам Аазам Аллах асманда деп этикад (ишеним) кылган. Анткени, ал мынтип жазган:
«Раббим асмандабы же болбосо жерде экенин билбеймин», — деген адам каапыр болду. Дал ошондой эле «Аллах Арш үстүндө. Арштын асмандабы, же жерде экенин билбеймин», — деген адамдын да абалы ошондой».
Мындан улам ваххабийлер Имам Аазам Аллахты асманда экенине ишенген деп айтышат. Имам Аазамдын бул сөздөрүн чечмелөөдөн мурун, Имам Аазамдын башка сөздөрүн да айтып өтөлү:
Имам Аазам «Аль Фикхуль Абсат» китебинде «Аллах кайда?» деген суроого мынтип жооп берүү керектигин жазган:
«Жаратылганга чейин мекен жок болчу, бирок Аллах бар болчу. Макулуктардын эч бириси жок кезде, атүгүл «кайда» деген суроонун өзү да жок кезде Аллах бар болчу. Ал бардык нерсенин жаратуучусу».
Имам Аазам бул сөздөрү менен Аллахты бир мекенге чектөөнүн туура эмес экенин ачык баяндоодо. «Аль Васия» китебинде да мынтип жазган:
«Аллах таала Өзү үчүн Ихтияж жана Истикрары (жайгашуу жана отуруусу) жок эле Аршка истиваа кылган. Ал Аршты да, башка макулуктарды да коргоп турат. Эгер Аршка жана бир жерге жайгашып отурууга муктаж болгондо, анда кадимки макулуктар сыяктуу ааламды жоктон жаратууга жана башкарып турууга кудурети жетмек эмес. Бир мекенде отурууга муктаж болсо, анда Аршты жараткандан мурун Аллах кайда эле? СубхаанАллах.»
Бул сөздөрдү айткан Имам Аазамга «Аллах асманда деп этикад кылган» деп айтууга болобу? Албетте бул чоң жалаа! Мындан да чоң жалаа болобу?
Эй ваххабийлер! Имам Аазам акырет күнү жакаңардан алган кезде абалыңар кандай болот? Кудайдан коркпойсуңарбы? Ачык эле жазып жатат го! Ага карабай жалаа жабуу кандай болот?…
Эми макаланын башында жазган Имам Аазамдын сөздөрүн чечмелеп айталы:
Имам Аазам айткан:
«Раббим асмандабы, же болбосо жерде экенин билбеймин», — деген адам каапыр болду. Дал ошондой эле «Аллах Арш үстүндө. Арштын асмандабы, же жерде экенин билбеймин», — деген адамдын да абалы ошондой». (Аль Фикхуль Абсат)
Бир мужтахиддин сөзүн түшүнүү үчүн оболу анын мазхабындагы улуу аалымдардын сөздөрүнө кароо керек. Анткени, мужтахиддин сөздөрүн алар эң жакшы түшүнөт жана ал сөзү менен эмнени максат кылып айтканын да алар жакшы билишет. Эмес кээ бир аалымдардын накыл сөздөрүн жаза кетели. Имам Аазам ал сөздөрү менен эмнени айткысы келгенин көрөлү:
Юсуф Набханий (ра) «Шаваахидил Хак» китебинин 218-бетинде мынтип айткан:
«Бир адам: «Аллахтын жерде, же асманда экенин билбеймин», — десе, анда ал каапыр болот. Себеби, бул сөздү айтуу менен Аллахтын бир мекени бар экенин тастыктап, бирок анын кай жерде экенинен шектенип жаткандыгын билдирет».
Аль Байазий (ра) «Ишааратуль Марам» китебинде мындай дейт:
«Бул сөздөрдү айткан адамдын каапыр болушунун себеби – айтып жаткан адам бул сөзү менен Аллахка жихет (тарап) жана худуд (чек) койгон болот. Анткени кайсы бир тарабы, же чеги бар болгон нерсе макулук болуп саналат. Ошондуктан бул сөз Аллахка кемчилик ыйгаруу болуп эсептелет. Бул да аны анык түрдө ыймандан чыгарат». (Аль Каусарий, Maкалат, 368-369)
Абу Лайс Самаркандий (ра) мындай дейт:
«Ал киши бул сөздөрү менен Аллахтын бир мекени бар деп айтууну каалаган, ошондуктан каапыр болгон. Анткени Аллах бар кезде мекен деген нерсе жок болчу. Аллах бар кезде мекен да, эч бир макулук да, эч бир нерсе да жок болчу. Ал бардык нерсенин Жаратуучусу». (Захид Аль Каусарий басып чыгарган Имам Аазамдын 5 китеби, Шамил басмаканасы, 94-бет)
Молла Алийул Кари (ра) мындай деген:
«Имам Иъзз ибн Абдусалам «Хиллур Румуз» деген китебинде Имам Аазамдын бул сөзүн жазып: «Кимде-ким: «Аллахтын жердеби, же асмандабы билбейм» десе, ал каапыр болот. Анткени, бул сөз Аллахтын бир мекени бар деген түшүнүктү берет. Аллахтын мекени бар деген адам – Аллахты макулуктарга окшоткон киши болуп саналат». (Фикхуль Акбар шархы, Mираж жана Аллахка мекен ыйгаруу бабы)
Аллама мухаддис Абу Мехасин (ра) «Аль Иътимад фил Иътикад» китебинде мынтип жазат:
«Аллах тараптарга жана денеге көз каранды эмес! Аллахтын «Оң, сол, арка жана алды жактары бар», «Арштын үстүндө, алдында, оң жагында, сол жагында да эмес», «Ал ааламдын ичинде, же болбосо сыртында» деп айтууга да болбойт. «Анын жерин Андан башка эч ким билбейт» деп айтууга да болбойт. Ошондой эле кимде-ким: «Билбейм, Аллах асмандабы, же жердеби», — десе да ыймандан чыгат. Анткени, бул эки жердин бирөөсүн Аллахка мекен кылган болот».
Хакиим Аль Самаркандий (ра) Имам Аазамдын акыйдасын чечмелеп жазган эмгегинде мынтип жазат:
«Ыймандуу адам Аллахка мекен, келүү-кетүү жана макулуктардын кайсы бир сыпатын ыйгарбоосу керек. Кул Аллахтын бир мекенде болбогонун, мекенге муктаж эмес экендигин, Арш да Аллахтын кудурети менен тике турганын билиши керек. Келип-кетүү сыяктуу сыпаттарды да Аллахка карата колдонбошу керек». (Ар Радду алаа асхаабил хаваа аль мусамма китабус Савадуль Аазам алаа мазхабил имамил Аазам)
Бул сыяктуу ондогон аалымдардын Имам Аазамдын жогорудагы сөзүнүн изахын жазсак болот. Алардын сөздөрүнүн ток этер жери ушул:
Имам Аазам Аллахка мекен ыйгарган эмес. Ким Аллахка мекен ыйгарса аларды каапырга чыгарган. Имам Аазам алгачкы алтын муундагы салаф аалымдары сыяктуу, муташаабих аяттардындын маанисин чечмелебей Аллахтын илимине калтырган. Аны менен бирге Аллахты да Анын Өзүнө жарашпаган сыпаттардан аруулаган. А бирок ваххабийлер болсо, бул изахтарга көздөрүн жумуп, Имам Аазамдын сөздөрүндө болбогон маанилерди ага төңкөп жатышат.
Ваххабийлердин дагы башка бир мындай жалаасы бар: Бир аял Имам Аазамгa келип мынтип айткан имиш:
«Диниңди таштасаң да адамдарга ар түрдүү маселелерди үйрөтүп жаткан сенсиңби? Сен сыйынып жаткан Кудайың кайда?»
Имам Аазам жооп бере албай, жети күндөн кийин: “Аллах эч шек-күмөнсүз жерде эмес асманда”, — деп жооп берген имиш.
Бул окуя тууралуу Ахли Сунна аалымдары:
«Бул жалган аңыз кеп» деп айтканын айтсак алар бизге ишенишпейт. Ошондуктан ваххабийлердин эң ишенген жана тим эле асманга көкөлөтүп макташкан Альбанийдин сөзүн айталы:
«Бул кантип сахих болсун? Муну риваят кылган киши Нух Аль Жамиъ. Ал жалганчылык менен айыпталган. Атүгүл кээ бирлери ал жөнүндө: «Ал чындыктан башка бардык нерсени топтогон», — деп айтышкан». (Захабий, Мухтасар аль Улувв лил Алийуль Азиим)
Көргөнүңүздөй, бул риваятты алардын хадисчилери өздөрү жокко чыгарып жатышат. Ошондуктан мындан ашыкча сөз айтууга да негиз жок!
Жыйынтыктоо: Ваххабийлердин:
«Бул аалым мындай деген, тиги аалым андай деген», — деген сөздөрүнө дароо эле ишенип албагыла.
Алар шилтеме бергендеринин көпчүлүгү жалган. Алар Ахли Сунна аалымдарынын каршылыгынан корккону үчүн өздөрүнүн бузук ишенимдерин Ахли Сунна аалымдарына байлаганга аракет кылышат. Имам Аазамдын сөзүн бурмалап, кандай жалаа жапканын көрдүңүздөр…
Аллах таала баарыбызды Туура жолунан адаштырбасын, аамин!
Автору: Синан Йылмаз
Которгон: Чыныбек Козукеев

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button