Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясына байланыштуу социалдык тармактарда бир катар видео, сүрөттөр жарыяланган. Кыргыз тарапка жардыргыч курал менен ок аткан, ошол эле учурда Аллахтын Ыйык китебиндеги аяттан окуп, ал дагы аз келгенсип «Аллоху Акбар» деп кыйкырган адам көзгө урунат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал арада телеграмдагы ЧЕК АРА каналы бул адамды Тажикстандык белгилүү аалым Хожи Мирзо экени айтылган билдирүү таратанын тажик тарап фейк деп атады.
Андан көп өтпөй Кыргызстандык белгилү аалым Абдишүкүр ажы Нарматов жума хутбасы учурунда тажик аалымдарына кайрылуу жасап, дал ошол баскынчынын жырткычтык аракеттерин катуу сынга алган.
فَلَمْ تَقْتُلُوهُمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ قَتَلَهُمْ ۚ وَمَا رَمَيْتَ إِذْ رَمَيْتَ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ رَمَىٰ ۚ وَلِيُبْلِيَ الْمُؤْمِنِينَ مِنْهُ بَلَاءً حَسَنًا ۚ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
«Аларды силер өлтүрбөдүңөр, Аллах өлтүрдү. Аларга (кум) чачканыңда[9], сен чачпадың, момундарды жакшы сынак менен сыноо үчүн – Аллах чачты. Албетте, Аллах Угуучу, Билүүчү.»
(Анфал сүрөсүнүн 17-аяты)
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Аллахтын Ыйык Китеби болгон Курандан аяттарды окуп, мусулман коңшусуна ок аткан адам ким? «Formula Media» бул адамдын өздүгүн аныктоого аракет кылды. Эң эле алгач Тажикстандагы белгилүү молдолорду интернет аркылуу издеп көрдүк. Алардын арасынан ошол ок аткан адамга түспөлдөш бул адамды таптык.
Анын аты-жөнү Хочи Мирзо деген ат менен таанылган Ибронов Мирзомурод Давлатович. Салыштырып көрөлү:
Окшоштук бар болгону менен ок аткан адам дал ушул адам деп кесе айтуу кыйын.
Эми анын социалдык тармактардагы баракчаларын карап көрөбүз.
Хожи Мирзо: «Мен Ворухка барууга даярмын!» деген аталыштагы видео кайрылуусу социалдык тармактарда 17-сентябрь күнү жарыяланган.
Аталган тасмаларды жана сүрөттөрдү салыштырып, экөө эки башка адам экенине толук ынандык.
Мурдагы талаа командири
Издөө системаларынын жардамы менен видеодогу курал кармап жүргөн киши Бириккен тажик оппозициясынын мурдагы талаа командири, Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Мирзохужа Ахмадов экени белгилүү болду.
Социалдык тармакта диний ишмер Хожи Мирзо Ибронов деп тарап жаткан кишинин сүрөтү бир караганда Мирзохуджа Ахмадовго түспөлдөш экенин көрсө болот. Баш кийими, сакалы, турпаты окшошуп кетет.
Жыйынтык: Баткенге кол салган адам мурдагы оппозициянын талаа командири Мирзохуджа Ахмадов.