alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

ИИМ: «Курман айт күнү коопсуздук чаралары күчөтүлөт»

Курман айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-профилактикалык мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

8ге жакын милиция кызматкери майрам күндөрү укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылат. ИИМдин «Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» буйругуна ылайык аймактык бөлүнүштөрдө милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөгө даярдыгын жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин аткаруудагы даярдыктары гарнизондук жыйында текшерүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле, коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Өздүк курам ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана мыйзам бузуу фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чаралары көрүлөт.

Мындан сырткары жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргзүлдү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button