«Ихсан» кооперативине нааразычылыктар көбөйүп, ызы-чуу бүтө элек. Буга чейин да бир нече ирет нааразычылык акциялары өткөн. Ал тургай Ички иштер министрлиги жыл башынан бери турак жай кооперативдерине байланыштуу 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко өткөнүн билдирген. Анда 140тай жаран жабыр тартып, чыгымдын жалпы суммасы 66 млн. 641 миң сомду түзгөнү айтылган.
Ал эми бул жолу «Ихсандан» үй ала албай каза тапкан 3 балалуу келин жөнүндө аталган кооперативдин кеңсесине келгендердин бири айтканын, журналист Гүлжан Шерипбаева жарыялады. Аталган тасма социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга алынууда.
Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.