Макалалар

ХАДИС ЧЫНДЫГЫ.

ХАДИС ЧЫНДЫГЫ

ХАДИС ЧЫНДЫГЫ.

Дүнүйө деп оолугуп,бутубуз -бутубузга тийбей чуркап,колубуз тынбай,баш отубуз менен берилип,жакшы жашоонун жакшысын чооң максат кылып,ата -эне балдардын кулу болуп,бешиктен бели чыкпай балдар атадан акылдуу болуп, ден -соолук дегенди унутуп,жарышмай,үйлөрдү евро кылмай,катар -катар уна алмай,жакшылык -жамандык күндөрдө чөнтөкө карабай наамыс дегенди жогору коюп, ысырапчылык казанын оодарып төгүп -чачып эле жан талашып жан уруп өмүрүбүздүн кандай өткөнүн билбей,убакыттын асыл мөөнөттөрүн учуруп жиберген заманда жашап калдык. Бул да болсо Пайгамбарыбыз ﷺ бизге айтып кеткен заманында жашап жаткандайбыз.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) хадистеринде өткөндү да, келе турган окуяларды ачык, даана айтып койгон. Анын айткандарына кээ бирлер таң калышат. Ооба, аны АЛЛАХ ушундай үйрөттү, ал эми пайгамбар (сав) аны бизге жеткирди. Геология боюнча америкалык окумуштуу профессор Пальмар мындай дейт: «Менин изилдөөлөрүм АЛЛАХтын жиберген пайгамбарына болгон ишенимимди бекемдеди». 

АЛЛА Хтын элчиси (сав) баардыгын өзүнөн өзү эле билип калган эмес, боло турган олуттуу окуяларды ЖАРАТУУчу улам толуктап үйрөтүп турган.
Ошондуктан анын айткандары турмуш чындыгында далилденди. Буга тарых күбө. Мисалы, Фердинандонун Андалузияга болгон жортуулундагы адамдардын зөөкүрлүк менен өлтүрүлүшү, китептерди өрттөгөн жапайычылыгы . Монголдордун жортуулдарын, Константинополду алуу сыяктуу тарыхый окуялардын урунттууларын алдын ала айткан. («Муснад», 4/335).

Пайгамбарыбыз (сав) биздин күндөгү боло турган окуяларды сүрөттөп мындай деген эле: «Соода– сатык ушундай абалга жетет, соода иштеринде аялдар күйөөсүнө жардамдашып калат. Тууганчылык мамиле үзүлөт. Жалгандан күбөлүк берүү менен чындыкка күбөлүк берүүнү жашырып коюшат. Калем кеңири тарайт». ( «Муснад», 1\407, 408).
Биз бул хадистердин турмушта ырасталганына толук күбө болуп жатабыз. Соода–сатык кеңири тарап, жарнамага эле канча деген миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат.
Соода иштеринин басымдуу бөлүгүн аялдар жоопкерчилигине алышкан. Жарнаманы да аялдар аркылуу кылып калдык. Тууганчылыктагы мамиле солгундап барат. Ата–энелер картайганда, камкордукка, көңүл бурууга муктаж болгондо карылар үйлөрүнө жеткиргенге шашып калдык. Калемдин кеңейгенин учурдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбөйүшү, жазмакерликтин кеңири жайлышы деп кабылдоого болот. Эсепсиз гезит–журналдардын, китептердин чыгарылып жаткандыгы дагы бир жолу далилдейт. Жалгандан күбөлүк берүү чөйрөнү курчап, коом жалганды өндүргөн фабрикага айланып калгандай. Алдамчылык, саткынчылык кулач жайып барат. Бул көрүнүштөр канча кылым мурда эле айтылса да, бүгүн, ушул окуяны көрүп туруп айткандай кыяз калтырат. 

Биздин күндөн кабар берген дагы бир хадиске назар салсак, «Баш аламандык болот. Адамдар бузукулук кылгандай, окуган намаздары үчүн уялып калышат». Мунун баары биздин муундун жашоосунда болуп жаткан көрүнүштөр. Адамдарды ибадат кылгандары үчүн башка бир туура эмес, ыплас иш кылган сыяктуу басмырлашат. Диндарлар каардуу, кесепеттүү күчтөрдүн үстөмдүгүндө калган сыяктуу. 

Башка дагы бир хадисте мындай деген маани айтылат: «Сүткорлук кылбаган бир дагы адам калбай калган учур келет. Ким бул иштен качса да, ага чалынып калат». («Муснад», 2\494).

Чынында, учурда сүткорлук менен шугулданбаган эч бир коммерциялык уюм жокко эсе. Түздөн түз, же кыйыр түрдө болсо да пайызга байланышы бар. Бүткүл дүйнөдөгү соода–сатык ушул механизм менен иштеп жатат. Бул көрүнүш кадимкидей эле кабыл алынып калды. Эми дагы бир биздин заманды чагылдырган хадиске назар салсак, Пайгамбар (сав) белгилегендей ар кандай деңгээлдеги мектептерде бардык катмардагы жана урук–уруудагы адамдар кудум жарышка түшкөндөй жарыша окуп калышы.
Турмушубузда көптөгөн окуу жайлар ачылып, илимдердин дүйнөгө кеңири тарашы, байланыш жана маалыматтын өсүшү, илимдин тез ылдамдыкта өнүгүшү менен убакытты кыскартуучу каражаттардын пайда болушу тууралуу чындык- учурларды канча кылым илгери эле эскертип кеткен. 

Пайгамбар (сав) дагы бир хадисте мындай дейт: «Мейкиндик менен убакыт жакындашмайын Кыямат келбейт». («Маджмау-завид»).

Аалымдар бул хадистеги «мейкиндик менен убакыт жакындашмайын» деген сөздүн маанисин– ачуу керек дешет. Астрономдор жана астрофизиктер убакыт өткөн сайын жердин жогорку катмары эллипс формасына окшошуп бара жатат деген тыянактарды айтышат. Бул өзгөрүү убакыттын өзгөрүүсүнө таасирин берет. Акыйкатын АЛЛАХ билет. Заманбап илимий ыкмалар бүгүн 1400 жыл илгери Пайгамбарыбыздын (сав) айткандарын тастыктап, моюндап турат.

Жараткан ар бир мусулман пендесин адашуудан Өзү сактап,акыйтка тик карап,чындыкка моюн сунуп,туура жол, туура эмес жолду айырмалап көрө билген көздөрүбүздүн пардасын ачып,жүрөгүбүздү ыйманганга бекемдеп Өз жолунан адаштырбасын!

Даярдаган: Насиба Абдуллаева.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker