alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Фетхуллах Гүлен: «Аракандык мусулмандар үчүн жүрөгүбүз өйүп турат»

Дин аалымы Фетхуллах Гүлен Мьянмадагы мусулмандар кабылган кыйынчылыктарга байланыштуу билдирүү таратты. Бул тууралуу “aktifhaber” сайты жарыялады.

“2017-жылдын 1-сентябрында Ыйык Курман айт майрамын белгиледик. Бирок бул күндөрдө жеринен, журтунан качкан аракандык мусулмандар кабылган мамилелер жүрөгүбүздү өйүп турат. Мьянма коопсуздук күчтөрү аймакта баштаган операциялардын жыйынтыгында аракандык мусулмандар үй-жайын таштап коңшу Бангладешке баш калкалоого аргасыз болушту. Миңдеген мусулмандын үйлөрү куласа, жүздөгөн тургундар кыйноого, зомбулукка дуушар болгону адам укуктары боюнча иш алып барган уюмдардын билдирүүлөрүндө жарыяланууда.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) баштаган эл аралык уюмдарды аракандык мусулмандардын кыйынчылыктарын токтото турган аракеттерди жасоого чакырам. Мекендеш катары кабылдануу, диний эркиндик, бүтүндөй жарандык укуктардан пайдалануу ал жактардагы мусулмандардын укугу, акысы. Дүйнөдөгү мусулмандарга кыйынчылык тарткандар үчүн дуба кылууга, гуманитардык уюмдар аркылуу аларга жардам берүүгө чакырам.

Аракандык мусулман бир-туугандарыбызга, кыйын мезгилде көз жумгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жарат алгандардын тезирээк айыгып кетишин, ооругандарга шыпаа тилейм. Жараткан Кудай аларга сабыр берсин. Үйүнөн, журтунан жана жакындарынан алыс калгандарды үйлөрүнө, журтуна жана жакындарына кошсун.

Жараткандан дүйнөдөгү бардык адамзатты бири-бирин урматтаган, бейкут жашаган күндөргө тезирээк жеткиришин тилейм»,- деп айтылат билдирүүдө.

Булак
"Заман"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button