alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:54 | alternatetextКуптан: 21:38
Суроо-Жооп
Эң мыкты

ФАТВА: Тармактык маркетинг арамбы?

Аалымдар Кеңеши тармактык маркетинг (Сетевой маркетинг) боюнча фатва чыгарды

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин  VI чакырылышынын 7-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде тармактык маркетинг (Сетевой маркетинг), пластикалык операция жана эмдөө боюнча фатва чыкты.

Фатва толугу менен берилет.

ТАРМАКТЫК МАРКЕТИНГ

بسم الله الرحمن الرحيم

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ААЛЫМДАР КЕҢЕШИ

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин

VI чакырылышынын 7-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде

Тармактык маркетинг жөнүндө төмөндөгүдөй фатва чыгарат:

№ 05  ФАТВА

الحمد لله رب العالمين، والصلاة والسلام على رسول الله صلى الله عليه وسلم، وعلى آله وصحبه أجمعين. أما بعد:

 Шарият бизнес жүргүзүүнүн белгилүү эреже-нормаларын бекиткен. Андыктан кандай гана соода-‎сатык, ижара, каржылык операциялары, келишимдер болбосун, булардын бардык түрлөрү шарият белгилеген эрежелерге ылайык жүргүзүлүүсү керек. Эгерде булар (соода-сатык, ижара, келишим ж.б.у.с.) шариятка ылайык келбей турган болсо, ал адал болуп эсептелбейт ‎жана андан түшкөн пайда адал эмес болот.

Тармактык маркетинг же көп деңгээлдүү тармактык маркетинг – бул товар жөнүндө ‎жана бизнеске башка агенттерди тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат ‎таркатуучу, ошондой эле продукцияны сатуудан киреше, жаңы кардарларды жана ‎агенттерди тарткандыгы үчүн сатуу көлөмдөрүнөн бонустарды жана ошондой ‎эле анын агенттери бөлөк агенттерди тартуудан бонустарды алуучу, көз ‎карандысыз сатуу агенттеринен көп деңгээлдеги түзүлүштү түзүүнү талап ‎кылуучу, товарларды жана кызматтарды түз сатуу жолу аркылуу иш жүзүнө ‎ашыруунун тармактык концепциясы.‎

Тармактык маркетингде анын бардык түрлөрү (линейный, ступенчатый, матричный, бинарный, смешанный ж.б.) менен төмөндөгүдөй шариаттык эрежелерге дал келбестиктер себебинен тыюуу салынат (арам):

‎1. Гарар – белгисиздик, тобокел коркунучу. Эң оболу акча салымын кошкон тармактык маркетингдин кызматкери иш акысын алууга керектүү ‎кардарларды чогултаарын болжолдой албайт жана бериле турган акысы да ‎канча болоорун билбейт жана ал акынын деги эле болоору да эч белгисиз. ‎Агенттин керексиз товар үчүн, же болбосо жаңы агенттерди тартуу ‎мүмкүнчүлүгү жана киреше алуу үчүн берип койгон акчасын жоготуу сыяктуу тобокелчиликке дуушар болот.

Курани Каримде Алла Таала минтип айткан:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالأَنصَابُ وَالأَزْلاَمُ رِجْسٌ مِّنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ {المائدة/90}

«Оо, ыйман келтиргендер! Адамды мас кылган (акылына ‎зыян берген) ‎ичимдик (анын бардык түрү), кумар (оюндары жана ойноо), сыйынуу үчүн орнотулган балбал таштар (таш-буркандар, бут-‎сөлөкөттөр) жана да жебе менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас (арам) иштеринен. (Демек,) мына ушулардан оолак болгула! Балким, ошондо (тозоктон ‎кутулуп) ийгиликке жетээрсиңер». (Маида сүрөсү, 5/90).‎

‎2. Келишимде сүткорлуктун (рибанын) болуусу. Андан да өткөнү, сатуунун ‎бул түрүндө сүткорлуктун эки түрү орун алган: акчага акча мөөнөтүн узартуу ‎жана үстүнө кошуп берүү. Мындай аныктаманын мааниси, мындай ‎келишимге катышуунун максаты бөлөк кардарларды тартуу менен акы алуу. ‎Катышуучу белгилүү сандагы кардарды тартканда жана компаниянын ‎шарттарын аткарганда ал өзү салым катары кошкон акчадан азыраак же ‎көбүрөөк акысын алат. Жөнөкөй тил менен айтканда, ар бир катышуучу ‎келечекте киреше алуу үчүн кандайдыр бир сумманы төлөп берет, ал эми товар ‎деген болсо бул шылтоо, мындай компания менен иштеп жаткан адамдын ‎максаты соода эмес. Башкача айтканда, товар келишимдин формалдуу бөлүгү гана. ‎Эгер катышуучу шарттарды аткара албай калса, ал берген акчасын жоготот. ‎Мындай шарт бул сыяктуу келишимдерди кумар келишимдеринин жана ‎натыйжасы белгисиз (гарар) келишимдеринин категориясына кошот. Ал эми шариятта мындай иш-аракетке тыюу салынган.‎

‎3. Товарды жүгүртүү кыймылынын жоктугу. Анткени, тармактык ‎маркетингдин негизги максаты жаңы кардарларды / дистрибьюторлорду тартуу, ‎алардын эсебинен биринчи дистирбьюторлорго кирешелерди төлөп берүү үчүн. ‎Пирамидалык түрдөгү тармактык маркетингдин кээ бир схемалары кызматкерлерден продукцияны сатууларын талап ‎кылбай эле, мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды каттап жана тартууларын ‎талап кылат. Ар бир жаңы катышуучунун келүүсү менен кызматкер “жаңы ‎катышуучунун” төлөмүнүн бөлүгүн алат. Мындай схема тыюу салынган ‎сүткорлук болуп эсептелет. Анткени келечектеги көбүрөөк акча үчүн ‎азыркы учурга көбүрөөк акча тартылып жатат. ‎

… ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُواْ إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا … {البقرة/275}

«Бул алардын: «Соода деле сүткорлук сыяктуу» деген сөздөрү үчүн (жаза!). Алла Таала сооданы адал, сүткорлукту арам кылган». (Бакара сүрөсү, 2/275).

‏يَمْحَقُ اللهُ الْرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ وَاللهُ لاَ يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ {البقرة/276}

«Алла Таала сүткорлукту(н пайдасын) жок кылып, садакаларды(н пайдасын) арттырат. Алла Таала ар бир күнөөкөр каапырды жакшы көрбөйт». (Бакара сүрөсү, 2/276).

‏يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اتَّقُواْ اللهَ وَذَرُواْ مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ {278} فَإِن لَّمْ ‏تَفْعَلُواْ فَأْذَنُواْ بِحَرْبٍ مِّنَ اللهِ وَرَسُولِهِ … {البقرة/279}

«Оо, ыйман келтиргендер! Алла Тааладан корккула жана эгер ыймандуулардан болсоңор, сүткорлуктан калган нерсеңерди таштагыла. Эгер андай кылбасаңар, Алла Таала жана анын Элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула!..» (Бакара сүрөсү, 2/278-279).

‎4. Бир келишимде эки келишимдин болуусу. Эгерде  тармактык маркетинг ‎салттуу соодага таандык болсо, бул учурда анда эки бири-бирине байланышкан ‎келишим болот. Пайгамбарыбыздын (ﷺ) хадисинде минтип айтылат: “Алла Тааланын Элчиси бирөө менен эки келишимди билдирген макулдашууга тыюу салган”. (Имам Ахмаддын Муснады). Эгерде бул алуу сатуу болсо, анда шарты ‎компанияга ортомчу (сатуу агенти) болуп кирүү болот. Ал эми эгерде бул ‎ортомчулук болсо, анда шарты компаниядан белгилүү суммага товар сатып ‎алуу болот. Бул болсо, бирөөндөгү эки келишим (алуу-сатуу жана ортомчулук) болуп ‎эсептелет. Анткени мындай шарт келишимде бир тарапка гана артыкчылык ‎бергендиктен, шарият мындай келишимге тыюу салат.

‎‎5. Жаңы кызматкерлерди тартуу үчүн жана ошондой эле жаңы ‎кызматкерлердин кийинки кызматкерлерди тартуулары үчүн акы (комиссионный) алуу. ‎Биринчилердин комиссиясы тармактагы “төмөнкү деңгээлде” турган ‎кызматкерлердин эсебинен камсыздалат. Бул Ислам аалымдарынын пикиринде, ‎бирөөнүн менчигиндеги мүлктү адилетсиздик жол менен менчиткеп алуу ‎категориясына кирет жана анда аныкталбагандыктын элементтери бар. Демилгесиз ‎деп аталуучу кирешени алуу максатында, көп деңгээлдеги түзүлүштөрдү түзүү. ‎Мындай учурда кызматкер кылбаган нерсеси үчүн киреше алат. Шариятта ‎ишкердиктин мындай түрүнө уруксат берилбейт. Анткени бул материалдык ‎каражаттарды адилетсиз жол менен ээлеп алуу болуп эсептелет.

‎6. Маани-маңызы мүчөлүк акы (взнос) болуп эсептелген жогорулатылган баа. Кээ ‎бир товарлар жана кызматтар пирамидалык түрдөгү тармактары аркылуу мындай компаниялардын ‎жогорку кирешеге ээ болуусу жана дистрибьюторлоруна комиссиялык акы төлөп ‎берүүгө жөндөмдүү болуусу үчүн жогорулатылган баада сатылат. Мындайча ‎айтканда, компания өзүнүн негизги кирешесин сатуу агенттери тарткан жаңы ‎кызматкерлердин мүчөлүк акыларынын (взносторунун) эсебинен топтойт. Бул тажрыйба маани-‎маңызы сүткорлук болуп эсептелген каржы пирамидасына окшошуп кетет.‎

‎7. Кээ бир компаниялар, албетте баары эмес, жарыя кылган сапатына ‎ылайык келбеген товарларды сунуш кылышат. Сатылуучу товарлар, катышуучулар ‎жана пайдалануучулар үчүн материалдык артыкчылыкка ээ болуш керек. ‎Ошондуктан жарыяланган сапаттарына жооп бербеген төмөнкү сапаттагы ‎товарлар, каржылык пирамиданы жабуу каражаты катары каралат. ‎Тармактык маркетингде тармак жаңы мүчөлүк жыйымдардан жогорку кирешени ‎табууга жөндөмдүү болуп курулат. Ошондуктан, аларга жаңы кардарларды жана ‎агенттерди тартуу максатында товардын сапатын кооз кылып көрсөтүүгө туура ‎келет. Бул болсо анык алдоо болуп эсептелет.

‎8. Көп учурда пирамидалык түрдөгү тармактык маркетинг компанияларында сый акыларын кепилдеген сатуунун белгилүү көлөмүн бекитишет. Бекитилген натыйжага ‎жетишпей калуу, кээде кызматташууну токтотууга себепкер болуп калат. Шариятта ‎жумуштун мындай түрү кызматкердин укугуна кысым көрсөтүү болуп эсептелет. ‎

‎9. Кээ бир компаниялар сыйлыктарды алуу үчүн катышуучулардын ‎минималдуу санын тартууну шарт кылышат. Эгерде кызматкер шарт кылынган ‎сандагы катышуучуларды тартып келе албай калса, анда ал эч нерсе албай калат. ‎Аалымдардын пикиринде, төлөп берүүнүн мындай схемасы дагы шарияттын ‎эрежелерине карама-каршы келет.‎

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button