ВидеоЖаңылыктарМедиа
Алдыңкылар

Фархат ажы Юсупов: Алданбаңыздар! Кыргызстанда шарият талаптарына жооп берген бир да кооператив жок (ВИДЕО)

Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов "Ислам каржы кооперативи" жөнүндө билдирүү таратты.

Анын айтымында, Кыргызстанда шарияттын, исламдын негизигде иш алып барган бир да кооператив жок.

«Интернетте жарнамасы чыгып жаткан «Исламский финансовый кооператив» (Ислам каржы кооперативи) жөнүндө көптөрү суроо берип жатышат.

Буга чейин жана азыркы учурда Кыргызстанда шарияттын, исламдын негизигде иш алып барган бир да кооператив жок. Мейли, ислам деген, шарият деген аттарды колдонсун, айырмасы жок! Аларга ишенбеңиздер, булардын баары арам болуп эсептелет».

Аалым кошумчалагандай, аталган кооператив мусулмандардын ишенимине кирүү үчүн түрдүү ыкмаларды колдонот:

«Алар мусулмандардын диний сезимдерин пайдаланып, шайтаний болгон иштерди кылышат. Исламский финансовый кооператив – бул шайтанский финансовый кооператив болуп эсептелет»,—дейт аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов.

Back to top button