Макалалар

📌ЭРТЕЛИ КЕЧ ЖӨНӨӨЧҮ САПАРЫҢДЫ УНУТПА ..

📌ЭРТЕЛИ КЕЧ ЖӨНӨӨЧҮ САПАРЫҢДЫ УНУТПА ..

✍🏻Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) бир хадисинде:
– «Өлүмдү көбүрөөк эстегиле, ал эч кандай эскертүүсүз
келет» – деп айткан.
Өлүмдү эстебеген адам, эртең жөнөөчү
сапарын унутуп койгон адам сыяктуу.
Эч кандай даярдыгы
жок сапарга жөнөгөн адамды элестетип көргүн. Аны маши-
на күтүп турат же самолётко билети бар.
Качан гана жөнөө
убактысы келгенде, ал өтө шашылат. Бирок, эми даярданууга
кеч болуп калды.
Бул дүйнөнүн кызыгына азгырылып, акыре-
ти үчүн даярдык көрбөгөн адамга өлүм келгенде, даярданууга
кеч болуп калат.
Өлүмдү бир-эки мүнөт коё тур деп күттүрүп
коё албайсың.

✨ Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) күйөө баласы Алиге (Аллах андан ыраазы
болсун) бир адам келип, бирөөдөн короо жай сатып алганды
гын, кийин аны кайрадан талашып алып албоосу үчүн, күбө
болуп, бир кагаз жазып берүүсүн өтүнөт.
Али (Аллах андан
ыраазы болсун) ал адамдын дүнүйөгө аябай берилген адам
экендигин байкайт.
Кагазын алат да
«Бир өлүүчү адам, экин-
чи өлүүчү адамдан короо-жай сатып алды.
Ал короонун төрт
тарабы бар.

1⃣ Анын биринчиси адам өлгөндө түгөнөт…

2⃣ Экинчи-
си, мүрзөгө киргенде түгөнөт. .

3⃣Үчүнчүсү, Аллахтын алдында
эсеп-кысап бергенде түгөнөт…

4⃣ Ал эми төртүнчүсү, же бейиш
же тозок менен аяктайт» -деп жазып берет.
Тиги адам жакшы
түшүнө албай, мен сенден күбөлүк кат жазып бер десем, сен
өлүм жөнүндө жазыпсың деп таң алат.
Ошондо Али: (Аллах
андан ыраазы болсун): «дүнүйөгө көп берилбегин. Бул дүнүйө
түбөлүктүү эмес. Эртели кеч жөнөөчү сапарыңды унутпа» деп
насаат айтат..

  1. 👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
    ══════════════════
    ✿ OK.ru/Formulasy
    ✿ Fb.com/Formulasy
    ✿ Vk.com/Formulasy
    ✿ Youtube.com/Formulasy
    ✿ Instagram.com/Formulasy
    ✿ +996774130527,+996708924964..
    ✿ WWW.FORMULA.KG
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker