alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:08 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР АДАМДЫ АКЫРЫНДАП ӨЛТҮРҮҮЧҮ КУРАЛБЫ?

Учурда энергетикалык суусундуктар жаштар арасында өзгөчө популярдуулукка ээ. Көчөдөн колдоруна бирден “Nitro” , «Flash Up», «Gorilla» сыяктуу энергетиктерден кармап бараткан окуучуларды да көрүү жаңылык болбой калды. Бирок алар мындай суусундуктардын зыянын билеби? Кеп ушул тууралуу болмокчу.

КАЙДАН КЕЛГЕН?

Энергетикалык суусундуктардын алкоголсуз жана алкоголь аз кошулган түрлөрү бар.
Дитрих Матешиц аттуу жеке ишкер 1982-жылы Азия өлкөлөрүн кыдырып чыгып, кофе, матеин (ачкалык сезимден арылтат), гуарана (көбүнчө дары-дармекке колдонулат) сыяктуу энергетикалык өсүмдүктөрдүн көп экенин көрүп, байкаштырып кетет.

Австрияга кайткан соң Таиланддан эң белгилүү “Кызыл бука” (“Krating Daeng”) ичимдигинин рецебин жана укуктук лицензиясын сатып алат.

1984-жылы Матешиц мекениндеги Фушль-ам-Зее шаарында “Red Bull GmbH” аттуу компания ачкан. Рецеби үч ирет иштелип чыгып, кошумча кофеин жана таурин заттары кошулган. Ошентип, энергетикалык суусундук 20-кылымдын акыркы чейрегинде пайда болот. 1987-жылы «Red Bull» ичимдиги сатыкка чыккан. Кийинчерээк «Burn» жана Орусияда «Adrenaline Rush» аттуу энергетикалык суусундуктар да пайда болгон. Ал эми бүгүнкү күндө мындай суусундуктардын 50дөн ашуун түрлөрү бар.

“КУРАМЫНДА ВИТАМИН БАР ЭКЕНДИГИ ДАЛИЛДЕНЕ ЭЛЕК”
Арадан эки жума өткөн соң ири соода түйүндөрүндө “Бёрн”, “Раш” жана башка аталыштардагы энергетикалык ичимдиктер пайда боло баштады. “Тыюу салынганы кайсы, булар кайдан алынып келинип жатат?” деген суроо пайда болду. Кээ бир маалыматтар боюнча, булар мурунку алынып келинген суусундуктардын калдыктары экен.

Энергетикалык суусундуктар чындыгында зыянбы? Болсо, канча даражада организмди жабыркатат? Бул тууралуу өспүрүмдөр боюнча врач-психолог, нарколог Варвара Батурина бизге маек куруп берди:
– Азыркы учурда жаштар арасында энергетикалык суусундуктар лимонад катары кабыл алынып калган. Өспүрүмдөрдүн ата-энелери өздөрү акча берип көндүрүп жатышат. Өспүрүм суусунун кандырам деп ойлойт. Анткени сыртында бир канча витаминдин түрү бар деп жазылууда. А бирок алардын курамында витамин бар экенин бир да медик далилдеп чыга элек.

– Алардын терс таасири жөнүндө кеп кылсак…
Энергетикалык суусундуктар организмге киргенде баш кеңгирей түшөт. Жүрөк мүнөтүнө норма боюнча 60-63 ирет соксо, энергетикалык суусундук ичкен соң 100гө чейин жетет, кандын басымы көтөрүлөт. Беттеги кан тамырлар кеңейгенинен бет да кызара баштайт. Каректер коюулана түшөт. Ичкен адамдын психикасында өзгөрүү болуп, адам активдүү боло баштайт, айткан сөзгө маани бербей калат. Мындай абалда өспүрүм эч нерсени түшүнбөйт, ишине, аракеттерине жооп бербей калат. Экинчи фазада суусундуктун таасири менен алсызданып, кийин кабыл алуусу төмөндөйт. Уйкусурап, депрессияга учурайт.

Орусиядагы Медициналык академиянын профессору В.Анищенко энергетикалык суусундук аракечтикке жолдомо экендигин аныктап чыккан. Ал эми Кыргызстанга келген суусундуктардын курамын эч ким көзөмөлдөбөйт. Баары алгач жөнөкөй нерседен башталат. Мисалы, 10 жаштагы бала дүкөндөн бир жолу энергетик алды дейли. Ал акырындан күнүмдүк адатка айланат. 14 жашында андан да күчтүүрөөк суусундуктарга азгырыла баштайт. 16 жашында сыра, кийин ага да канааттанбай, арак иче баштайт. Ошентип, өспүрүм аракечке айланат. Кофеин менен глюкозанын айкалышы баланын организми үчүн уу.

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАРДЫН ЗЫЯНЫ КАНЧАЛЫК?
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ…

“ГЕНОФОНД ҮЧҮН КОРКУНУЧТУУ”

Турсунбай Бакир уулу,
ЖКнын депутаты:

Энергетикалык суусундуктарды, анын ичинде алкоголу бар түрүн ичкендердин көбү жаштар. Көбүнчөсү 12-16 жаштагылар. Алар – келечектеги ата-энелер да. Окумуштуулардын жана дарыгерлердин изилдөөсүнө таянсак, “Ягуардын” алкоголу
9 пайыздуу эки банкасындагы этил спиртинин көлөмү 50 грамм аракка барабар. Адам такай аптасына 2 банкадан кем эмес ичип турган болсо, анда аны ичимдикке көз каранды деп эсептей берсе болот экен. Ичүүнү адатка айланткан жаштардан кийин ден соолугу начар же майып балдар төрөлүп калышы толук мүмкүн да. Ошондуктан генофонд үчүн коркунучтуу.
Мен ушул себептерден улам ЖКда бул тууралуу сунушту көтөрүп чыккам. Башка депутаттар да менин сунушумду колдошкон. “Ягуарды” алкоголу аз ичимдиктердин катарына киргизип, 18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салуу абзел. Саткандарга айып пул салуу керек. Дагы кайталанса, бир жылга коомдук иштерге бекер иштөөгө чектөө зарыл.

“ПСИХИКА НАЧАРЛАП, АДАМ КЫЛМЫШКА ЖАКЫН БОЛОТ”

Венера Асанбекова,
Республикалык наркология борборунун врач психиатр-наркологу:

Энергетикалык суусундуктар, анын ичинде “Ягуар” адамга эч кандай энергия бербейт. Тескерисинче, адамдын запастагы энергиясын алдын ала иштетип, адам энергиясы жок калат. Мисалы, адам бүгүн “Ягуар” ичсе, эртеси шалдырап, ыкшоо тартат. Анан адам “кечээ “Ягуар” ичкенде шайдоот, ыкчам болуп калдым эле, бүгүн да ичейин” дейт да дагы ичет. Ошентип, улам түгөнгөн энергиясынын ордун толтурам деп “Ягуар” ичип жүрүп, ага көз каранды болуп калат. Суусундук менен организмге кирген алкоголь адамдын организмин уулай баштайт. Дене алкоголго көнөт. Анан баштапкы дозага ыраазы болбой, ээсинен улам чоңураак доза талап кыла баштайт. Ошентип, өспүрүм бала же кыз ичкиликке аздан берилип баратканын билбей калат. Ошондуктан аз алкоголу бар суусундуктар “жай өлүм” деп аталат. Бара-бара адамдын эс-тутуму, кабыл алуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү начарлайт. Түркүн оорулар келип чыгат. Ичпей калган учурда энергия жана алкоголдун дозасы жок организм депрессияга, стресске учурайт. Мындай учурда адам уруш-талашка, кылмышка жакын болуп, өз өмүрүнө кол салганга чейин барат. Түнкү клубдарга, дискотекаларга баргандан кийин уруш-мушташтар да ушул себептерден болуп жатат.
1 мисал келтирейин. Акмат деген студент жигит алкоголу аз энергетикалык суусундукту ичип, анан алымсынбай дамамат сыра ичкенге өтүп кеткен. Сыраны таштай албай, азыр бизден дарылануудан өтүп жатат.

“ТУКУМСУЗДУККА ЖЕТКИРЕТ”

Акылбек Усупбаев,
Республикалык урология илимий борборунун директору,
медицина илимдеринин доктору, профессор,
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу:

Энергетикалык суусундуктарды адам канчалык көп ичсе, анын курамындагы алкоголго жана айрым заттарга (мисалы, кофеин) адамдын организми көнүп калат. Мындан тышкары курамын­дагы башка заттар (билишимче, боёк­тор, жыт жана даам берүүчүлөр жана башкалар) организм үчүн зыяндуу. Ичүү адатка айланса, жүрүп отуруп эркектерди жыныстык жактан алсыздыкка (шалдыкка), ал тургай аялдарды да, эркектерди да тукумсуздукка алып келет. Мындан башка да түрдүү ооруларды жаратат.

“АЛКОГОЛДУК ЦИРРОЗДУ ЖАРАТАТ”

Болот Турусбеков,
Улуттук госпиталдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын
ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы, адистиги боюнча терапевт-гастроэнтролог:

– Курамында алкоголу бар 0,5 литр энергетикалык суусундукта 7 пайыз алкоголь бар болсо, менимче, бул деген 25 грамм арак. Кээ бир жаштар 5-6 бөтөлкөгө чейин ичишет экен. Ошентип, билинбегени менен организмге алкоголь ашыкча барып жатат.
Алкоголдон ички органдарга кандай зыян келет? Алкоголь боордун клеткаларын сезгентип, акырындап ал клеткаларды өлтүрөт (некроз). Кээ бир клеткалар өлбөсө да дистрофияга (клетканын азыктануусунун бузулуусу) учурап, мунун айынан алкоголдук гепатит жаралат. Эгер адам дарыланбай, жаман адатын таштабай жүрө берсе, боордун алкоголдук циррозу, ашказандын жарасы, гастрит оорулары пайда болот. Булар ракты чакыра турган оорулар болуп эсептелет.

“ЖҮРӨКТҮН ЧОҢОЮП КЕТИШИН ШАРТТАЙТ”

Абдимиталип Халматов,
М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы
Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын башкы дарыгери,
Cаламаттыкты сактоонун отличниги, кардиолог:

Энергетикалык суусундуктарды көп ичсе, кан басым көтөрүлөт, жүрөк бат-бат кагат. Ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Тахикардия (жүрөктүн кагуу ыргагы бузулуп, бат-бат кагышы) келип чыгат. Бул акырындап жүрөктүн чоңоюп кетишине алып келет. Кийин муну дарылап-айыктыруу өтө кыйын.

“ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТҮҮГӨ СЕБЕПКЕР”

Талип Адиев,
Улуттук урология борборундагы эндовидеохирургия бөлүмүнүн жетекчиси:

– Курамында алкоголу бар энергетикалык суусундукту канчалык көп ичсе, организмге ошончолук уу кирет. Уулардан улам бөйрөктүн иштөөсү бузулуп, нефропатия (бөйрөк оорулары) келип чыгат. Уулар жана курамындагы боёк сыяктуу заттар нефросклерозго (бөйрөктүн ткандарынын катып калышы), бара-бара ткандардын өлүшүнө алып келет.
Адамдардын организминде “алкогольдегидраза” аттуу фермент бар. Мунун кызматы – организмге кирген ууларды нейтралдаштыруу. Бирок бул фермент монголоид расасындагы адамдарда өтө аз. Ошондуктан монголоид расасындагылар ичимдик ичкенде тез мас болушат, ичкиликке да бат берилип кетишет. Эгер адам алкоголду аздан болсо да кабыл ала берсе, анда алкоголь жанагы ферментти жок кылат. Демек, дене ууларды нейтралдаштыруучу жардамчысыз калат да, уулана берет. Жыйынтыгы бөйрөктүн иштен чыгышы менен аяктайт.

“ТЕРС ТААСИРЛЕРИ КӨП. АНДЫКТАН САТУУГА ТЫЮУ САЛЫНСА”

Нурзада Маямерова,
“Триум-Инфо” психологиялык окуу борборунда психолог,
Кыргыз улуттук аскер лицейинде офицер-психолог:

– Курамында алкоголу бар энергетикалык суусундукту ичкенде курамындагы кофеин кубат берсе, алкоголь кайра аны басат. Экөө бири-бирине карама-каршы келет. Ушунусу менен психикага терс таасир тийгизип, нерв системин бузат. Андыктан адам бат таарынып, бат ачууланат, жан дүйнө салмагы бузулат. Максаты жок, эмне кыларын билбей баш аламан жүрөт.
Аз алкоголь мас абалды билдирбей коёт. Сыртынан мас болбогондой көрүнгөнү менен, чынында, адам мас абалда болот. Өзүн көзөмөлдөй албай, уруш-талашка барат, ал тургай суицидге жетет.
Ушундай терс таасирлеринен улам чет өлкөлөрдүн көбүндө алкоголу бар суусундуктарды сатууга тыюу салынган. Бизде да тыюу салынса жакшы эле болмок.

Окурман, өзүңүз баамдагандай, энергетикалык суусундуктар ден соолукка, өспүрүмдөрдүн калыптанышына терс таасир тийгизерин дагы бир жолу тастыктадык. Адистердин маалыматынан кийин мындай суусундуктар адамды акырындап өлтүрүүчү курал экен деген ойго аргасыз кабыласың.

Булак
"Супер-Инфо"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button