alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Эне жөнүндө

Эне мээримин чагылдырган сүрөт

Бул сүрөт 1828–1901-жылдары жашаган немец жана француз сүрөтчүсү, художник-анималист Август Шенктин 1878-жылы тарткан «Азап тартуу» («Страдание») деген картинасы. Ал 1880-жылдан бери Австралиянын Мельбурн шаарындагы Виктория Улуттук сүрөт галереясынын эң популярдуу живопистик эмгектердин бири болуп саналат. Май боёк менен кендирге тартылган, размери 151 х 251,2 см.
Сүрөттө өзүнүн энелик мээрими менен козусунун жансыз денесин коруп, кайгыдан улам боздоп турган кой чагылдырылган. Анын оозунан чыккан ысык дем муздак абада бууланып турат. Козусунун оозунан аппак кардын үстүнө чубала аккан кан көрүүчүнүн зээнин кейитет. Айланасын бүт карга-кузгундар курчап алган. Бозоргон кышкы булуттар ичинде ырайымсыздык менен козунун тарпын аңдып турушат. Картинанын бир өңчөй бозомтук өңү — үмүтсүздүктү көрсөтүп турат. Ошондой эле коомдун мыкаачылыгын, ар кандай ушак-айың кеп ташыган жана өлүктөрдөн пайда үмүт кылган адамдарды карга-кузгундар аркылуу мыкты чагылдырылган…
Автор : Чыныбек Козукеев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button