alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Эне жөнүндө

ЭНЕ АКЫСЫ

Эне акысы


✍🏻Бир күнү ибн Умар энсин жонуна көтөрүп, Каабаны айланып жүргөн Йимендик кишини көрөт. Ал: » Мен энемди минтип жүргөн байкуш төөсүмүн «, — деп сүйлөгөндөй түр көрстөт. Ибн Умар (радыяллооху анху) көргөндөн анан: » Бул ишим менен энемдин ак сүтүн актай аламбы? «- деп сурайт. Ибн Умар (радыяллооху анху): » Жок, эч качан! Сен бул кылган кызматың менен энеңдин сен үчүн тарткан бир толгоосунун да акысын төлөй албайсың «,- деп жооп берет «.

Бир күнү адилеттүүлүгү менен атагы таш жарган, сейрек кездешкен инсандардын бири Азирети Умар (радыяллооху анху) бир адам келип, минтип кайрылат: » Муктаждыктарын каржылай албаган байкуш энем бар. Аны жоонума көтөрүп, даарат алдырам. Буларды жасап жатканымда эч качан милдет кылбаймын. Деги бул кызматым менен энемдин акысын төлөй аламбы? «. Азирети Умар (радыяллооху анху): «Жок! «-деп жооп берет. Ал киши: «Жонумду энеме ээр кылдым, а өзүмдү болсо ага арнадым. Анан кантип энемдин аксын төлөй албаймын? «-деп калгандыгын билдирет. Умар (радыяллооху анху) ошондо мындай курч көз карашын айтат: » Бул айткан нерселериңди энең дагы аткарган. Энең жапакечтинип убара тартып сени аман калса экен деп кыйынчылыктарга чыдаган. Ал эми сага кезек келип, сен энеңе кызмат кылып жатканыңда да анын качан өлөөр экен деп күтөсүң! «…

. Энең кыйынчылыктын үстүнө кыйынчылык менен сени тогуз ай көттөрдү. Эненин курсагында бала чоңойгон сайын, аны көтөрүү эне үчүн кыйын болот.Ошого карабастан, курсагындагы бала чоңойгон сайын, эненин кубанычы да көбөйө берет. Бул кубанычты энелерден башка эч ким билбейт.Тогуз ай курсагына көтөрүп төрөгөн баласын, эне эми өмүр бою жүрөгүнө көтөрөт. Эне өзү бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин, балдарын кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен жүрөгүнө көтөрөт. Анын ушундай сага кылган ушундай жакшылыктарына шүгүр кылбай, анан эмнеге шүгүр кылабыз.

Ооба эне деген ушундай баласынын бактысы үчүн баарына даяр.Эне гана чыдайт баланын бүт кайгысына да күлкүсүнө да, оорусуна да, жогуна да, барына да көз жумуп алдына гана умтулган ыйык зат! Сен жоголсоң өмүр бою күткөн! Сен канча капа кылсаң да кайтып келсең кечирген! Сен ооорусаң жанын бергенге даяр болуп сурап, караганда Энең!
Эх, Энелер көзүңөрдөн жаш кубансаңар да, капа болсоңор да агып балам деп соккон жүрөгүңөр токтобосун! Силер жөнүндө айта бергим келет эч түгөнбөйт!
Канча айтсам да калем менен бүтүрө албаймын силердин улуулугуңарды, мээримиңерди! Түгөнбөгөн дастансыңар муундан муунга уланган! Ар бир үйдө энелер нуру жанып турсун! Энелер бар болсун ылайым! Аллахым энебизди аман кылып ден соолугун чын кылсын, балдарынын бактына балпайган байбече болуп жүрүүнү насип кылсын! Эне жүрөгү эч качан ыйлабасын!
Энелерди көзү барда өзү барда сыйлайлы, урматтайлы, төрубүздө, сыйыбызда жогору коёлу!
Энелердин ак сүтүн актоого аракет кылаалы, алар төккөн мээримди, биз чоңоюуп бой жеткенде кайтаралы! Эне жүрөгүнө биздин мээримибиз, жылуу сөзүбүз жүзүбүздөгү жылмаю, күлгөн күлкүбүз, сый урматыбыз, биздин бакытыбыз, аманчылыгыбыз чоң бакыт дары болоор.

Караңыз эми эмне үчүн энелер акысын Жараткан кутулгус улуу иштерден кылып койду? Анткени эне баласынын курсагына түшкөндөн тээ өмүрүнүн аягына чейин кылган, чоңойткон эмгегин эч качан милдет кылбайт. Анын жүрөгүндө кечиримдин деңизи, кучагында өчпөгөн жылуулук, жан дүйнөсүндө мээримдүүлүктүн түгөнбөгөн булагы орун алган! Сөзүбүздүн аягында: «Энекем мен сени Меккеге алып барайын «деген сөздөр ырларда, сүрөттөрдө эле айтылбастан жүрөгүбүздө, ниетибизде, дубабызда болсун! Меккенин эшиктери алардын берекеси төгүлгөн көккө көтөргөн колдорунда экенин эч унутпайлы!

👤Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button