30.1 C
Bishkek
14.06.2025
Таасирдүү окуяларТарбияЭне жөнүндө

Эмне үчүн аялдар көп ыйлашат?

Бир күнү баласы апасынан сурайт:

— Апа, сиз эмне үчүн ыйлайсыз?
— Анткени, мен аялмын.
— Мен түшүнбөдүм..
— Баласын кучагына баскан эне, муну сен эч качан түшүнбөйсүң деп жооп берет.

Анда бала атасынан сурайт.
— Ата, эмне үчүн кээде апам себеби жок ыйлай берет?
— Кээде баардык аял заты, жөн эле ыйлагылары келет дейт атасы. Убакыттар өтүп, бала чоңойот.

Бир күнү ал эр житилген кезде Жараткандан сурайт:

— Оо жараткан айтчы, эмне үчүн аялдар эч себеби жок эле ыйлай беришет?
— Аялды жаратып жатканда, аны өзгөчө кылып жаратууну кааладым. Бүтүндөй дүйнөнү кармап туруу үчүн, мен ага ушунчалык күчтүү жана жаш баланын башын сылоо үчүн, ушунчалык назик колдорду бердим. Төрөттү көтөрө алган, күчтүү кайратты бердим. Баары кулап баратса да, алдыга карай басуу үчүн эң күчтүү эрк бердим. Жарынын жүрөгүн кантип сакташ керек экенин билсин деп, мен аны эркектин кабыргасынан жараттым. Жакшы эркек, эч качан аялынын көңүлүн атайылап оорутпаганыны түшүнүш үчүн, күйөөсүн колдоп, анын жанында эч бир күмөнсүз туруу үчүн, мен ага акылмандуулукту бердим. Анан мен ага көз жашты бердим. Аял көз жашты кайда жана качан ыңгайлуу болгондо төгүүгө акысы бар. Уулум, эсиңде болсун!» Аялдын сулуулугу, анын кооз кийиминде, жасалгалуу чач же бойолгон тырмактарында эмес..

Аялдын сулуулугу — жүрөктө жашаган сүйүүнүн эшигин ача алган, калпы жок карегинде, көз жаштай тунук көздөрүндө камтылган.

Related posts

Кичинекей Асан жана энеси

КУЙРУЧУКТУН АЯЛЗАТЫ ТУУРАЛУ АЙТКАНДАРЫ

admin

Ырыскы

4 комментарий

Аноним 17.04.2017 at 11:50

жомок.
эркеке да коз жаш берилген.
Аялдар ситуацияга акыл менен эмес,эмоция менен карашат ошондуктан алсыз жаралган жандар козунон кучун чыгарат. Кудай жонундо жалган жомок токубай жон журсонор.

Reply
сумая умарова 19.04.2017 at 00:18

Бул жерде чындык эле камтылган,,, эч кандай жомоксуз жазылган,,, аял деген алсыз эмес аял эн кучтуу зат,, мен кошулам эн соонун,,,,

Reply
Аноним 18.04.2017 at 09:45

Соонун темалар

Reply
Аби Мамыров 24.04.2017 at 03:27

Жараткандын уулу жокко сиздер (уулум, эсиңде болсун) деп кимдин айтканын жаздыңар ?

Reply

Leave a Comment