МакалаларПайдалуу кеңештер

Эч кимге айтууга болбой турган 7купуя

Эч кимге айтууга болбой турган 7купуя

Эч кимге айтууга болбой турган 7 купуя…

Купуя деген эмне? Элге эмнени айтууга болот, айтылбай турган кандай купуя болууга тийиш?!
Макалабызга көзү түшкөн адам бир чечимге келээри шексиз)

1. Айтууга болбой турган биринчи купуя – келечекке коюлган максат….

Максат толук кандуу ишке ашмайынча ал тууралуу ооз ачпот керек. Адамдын кез -келген ою ишке ашпай калууса да мүмкүн. Ар бир жеринде сыноосу менен болот. Бирок, мурунку ой -максатты жаңы максат менен өзгөртйп коюу мүмкүн…

2. Кайрымдуулук иштер тууралуу эч кимге айтпоо…

Кайрымдуулук иши – жер бетинде сейрек кездешүүчү кубулуш. Ошондуктан, муну көздүн карегиндей сактоо керек. Өзүңдү жакшылык кылгандыгыңыз үчүн ашыра мактабаңыз. Мактоо – адамды текеберликке алып келет.

3. Такыбалык тууралуу көпчүлүккө ооз ачпоо…

Тамак, уйку, күлкү жана аял (күйөө) менен болгон байланышты эч ким билбегени жакшы. Такыбалык – эң баалуу курал.

4. Жасаган эрдик тууралуу ооз ачпоо…

Ар адам күндөлүгүндө ар түрдүү окуяларды башынан өткөрүп жатат. Бирөөсү билеги менен жеңишке жетсе, бирөөнүн акылы күч. Күч менен жеңген адамдын эрдиги тез бааланат. Ички күчтү эч ким байкай бербейт. Ошол үчүн жч ким бул нерсеге маани бербейт.

5. Руханият жөнүндө сыр тутуу…

Руханий байлык тек сиздики. Аны бирөөгө айтып эч кандай аброй жыйнай албайсыз. Айланаңыздагы адамдардын чыныгы муктаждыгын көрсөңүз гана чет жакасын айтыңыз.

6. Үй -бүлөө жана андагы маселелер тууралуу айтпоо…

Эсиңизде болсун: үй -бүлөөңүздөгү уруш -талаш тууралуу айтсаңыз, андагы ынтымак дагы да арбый түшөт. Уруш -талаш – баарында сакталып калган зыяндуу кубат. Үй -бүлөөңүздү сактап калуу -сиз үчүн милдет болсун! Үй -бүлөөдөгү мээримди башка эч ким бере албайт.

Аялы (күйөөсү) менен жакын мамиледе болгон учурларды, арасындагы жакын дос -жолдошторуна айтпоо , жайбоо.
Бул да арам! Аллахтын Элчиси (соллаллооху алайхи уа саллам): “Акыйкатта, Кыямат күнү Аллахтын алдында аманатка жасалган эң чоң кыянаттын бири – аял -эрдин ортосунда болгон жакындык мамилени башкаларга айтуусу, жаюусу”,-дейт.

7. Мурун уккан жаман сөздөр тууралуу айта бербеңиз…

Көчөдө жүрүп бут кийимди булгап алууга болот. А кээде жүрөгйн булгап алгандар да болот. Жолдо келе жатып каңсыган бир сөздү угуп, аны үйүнө айтып келген адам – бут кийими ылай болуп туруп, босогону аттап кирип, төргө өткөн адамдар айырмасы жок!

Нуриза Кармышакова.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker