alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларПайдалуу кеңештер

Эң сулуу көз мээримдүү көз

Эң сулуу көз мээримдүү көз

Дешкен экен:

🌹Кээде унчукпай койуу , чындыкты айтуунун жалгыз гана жолу болушу мүмкүн.

🌹Мен үчүн эң бактылуу күндөрүм күнөөсүз өткөргөн күндөр.

🌹 Жашоо өтө таш боор мугалим. Алгач сынайт, андан кийин сабак берет.

🌹Эң сулуу көз — мээримдүү көз. Анын көк же кара экени айырмасы жок.

🌹 Сен дайыма чакырып турган жүрөктөр бар. Бирок ал жүрөктөр чакырбай калган күндөр да келерин унутпа.

🌹Баардык адамдар жаңылып каталашат. Алардын бактылуулары тообо эшигине туш келгендер.

🌹 Сени таштабайм . Сага өмүрүм өткөнчө жанымды арнап жүрүп өтөм дегендерден, бир гана апама ишенем.

🌹 Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт.

🌹Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билип жанын бериш керек.

🌹 Банкир — бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам.

🌹 Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете.

🌹 Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл аяктайт.

🌹 Адам Ай сыңары. Анын да караңгы жагы болот.

🌹 Баарына жагам десең — бирине да жакпайсың.

🌹 Кечирип коюш баарына оңой, кептин баары унутуп салышта.

🌹 Сүйүүдөн жек көрүүгө бир эле кадам.

🌹 Адамдын эң эле акмагы башкаларды жамандай бергени.

🌹 Кудай бизге төрт ырахатты тартуулаган:

Ичкенди, жегенди, уйкуну, аял- эркек мамилеси.

Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button