МакалаларПайдалуу кеңештер

Эң сулуу көз мээримдүү көз

Эң сулуу көз мээримдүү көз

Дешкен экен:

🌹Кээде унчукпай койуу , чындыкты айтуунун жалгыз гана жолу болушу мүмкүн.

🌹Мен үчүн эң бактылуу күндөрүм күнөөсүз өткөргөн күндөр.

🌹 Жашоо өтө таш боор мугалим. Алгач сынайт, андан кийин сабак берет.

🌹Эң сулуу көз – мээримдүү көз. Анын көк же кара экени айырмасы жок.

🌹 Сен дайыма чакырып турган жүрөктөр бар. Бирок ал жүрөктөр чакырбай калган күндөр да келерин унутпа.

🌹Баардык адамдар жаңылып каталашат. Алардын бактылуулары тообо эшигине туш келгендер.

🌹 Сени таштабайм . Сага өмүрүм өткөнчө жанымды арнап жүрүп өтөм дегендерден, бир гана апама ишенем.

🌹 Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт.

🌹Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билип жанын бериш керек.

🌹 Банкир – бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам.

🌹 Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете.

🌹 Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл аяктайт.

🌹 Адам Ай сыңары. Анын да караңгы жагы болот.

🌹 Баарына жагам десең – бирине да жакпайсың.

🌹 Кечирип коюш баарына оңой, кептин баары унутуп салышта.

🌹 Сүйүүдөн жек көрүүгө бир эле кадам.

🌹 Адамдын эң эле акмагы башкаларды жамандай бергени.

🌹 Кудай бизге төрт ырахатты тартуулаган:

Ичкенди, жегенди, уйкуну, аял- эркек мамилеси.

Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close